Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Эл аралык бокс федерациясы Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар сыйлык берди

Эл аралык бокс федерациясы (IBA) кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 2-орун үчүн 50 миң доллар ыйгарды.

Буга чейин IBA көрсөткөн жыйынтыктар үчүн Мунарбек Сейитбек уулуна акчалай сыйлык берилерин билдирген. Бокс боюнча олимпиадалык мелдештин күмүш байгесине 25 миң доллар, дагы 25 миң доллар машыктыруучу менен Кыргызстандын бокс федерациясынын ортосунда бөлүштүрүлө турганы айтылды.

Кечээ Дубайда IBA форуму өтүп, анда Париж оюндарынын жеңүүчүлөрүнө убада кылынган акчалай сертификаттар тапшырылды.

Быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Мунарбек 57 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медаль тагынып, кыргыз боксунун тарыхында биринчи болуп Оюндардын медалын алган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар