Автоунаасын жолдун ортосунда чимирилтип айдап «ойногон» айдоочу айыпка жыгылды.
ЖКККББ кызматкерлери Таласта түнкүсүн жарандарга уйку бербей, автоээнбаштык жасаган айдоочуну таап, 15 миң сом айып салып, машинасын айып короого токтоткон.
Бул айдоочу дагы бир жолу ээнбаштык кылса, 6 айга автоунаа башкаруу укугунан ажырайт.