Өткөн аптанын аягында “Ынтымак ордодо” Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сыйлыгынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын болду. Жыйынга аталган сынактын комиссиясынын төрагасы, КРнын Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Марат Тагаев, комиссия мүчөлөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.
Комиссия төрагасы сөз башында журналисттер үчүн бериле турган он номинациядагы сыйлыктын негизги максаты журналисттердин чыгармачылыгын колдоо, аларга стимул берүү, уникалдуу, сапаттуу жана кызыктуу материалдарды жасоого шарт түзүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал комиссия курамында 2 гана мамлекеттик кызматкер болуп, калганы көз карандысыз эксперттер, жеке менчик ЖМК өкүлдөрү жана журналистика багытындагы ЖОЖ кызматкерлери болгонун билдирди. “Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ички саясатына байланыштуу бул сынакка катышышкан жок. Чынын айтыш керек, кээ бир номинациялар боюнча өтө мыкты деген материалдарды таба алган жокпуз. Ошого карабай башкаларга салыштырмалуу жакшы деген материалдарга сыйлыктарды ыйгардык. Комиссия мүчөлөрүнө мен тараптан, жогору жактан тигил автордун же бул автордун материалына артыкчылык берип койгула дегендей көрсөтмө же сурануулар болгон жок. Өлкө башчысы бул сыйлыкты ыйгаруу өтө калыс, адилет, акыйкат болсун дегендиктен биз болушунча калыс караганга аракет кылдык. Буюрса 17-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Президенттин катышуусунда сыйлыктар тапшырылат”, – деди Д.Орунбеков.
Комиссия мүчөлөрү Ж.Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк, эркин журналист Тынчтыкбек Алтымышев, Майраш Базлакунова жана башкалар да бул жыйында пикирлерин ортого салышып, мыктыларды тандоо оңой болбогонун, бирок, жеңүүчүлөрдү иргөөдө эч бирөөдөн кысым болбогонун билдиришти. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып комиссия төрагасы сыйлыкты ыйгарууда башка журналисттерге кызыктыруучу сыйлыктар болбостугун жана бир миллион сомдон салык кармалбай турганын айтты. Ошондой эле ал келерки жылы жагдайга жараша айрым номинациялар жана комиссия мүчөлөрү өзгөрүп калышы ыктымалдыгын, бирок, “Мейкин” сыйлыгы мындан ары токтобой улантыларын бышыктады. Буга улай Д. Орунбеков Кыргызстан тууралуу жакшы материалдарды даярдаган чет өлкөлүк журналисттер, журналистикага, блогерликке аралашып жүргөн бардык жарандардын бул сынакка катышуусуна эч кандай чектөө жок экенин билдирди.
Сыйлык демекчи, буга чейин журналисттер үчүн “Алтын калем” сыйлыгы уюшулуп, кандайдыр бир себептер менен ал кийин берилбей калган. Эми мнтип көп жылдан соң ЖМК өкүлдөрү үчүн атайын “Мейкин” сыйлыгы уюштурулуп отурат. Бул абдан жакшы жөрөлгө. Ал эми дүйнөлүк практикага карай турган болсок, журналисттер үчүн бериле турган эң баалуу сыйлыктардын бири бул журналистика, адабият, поэзия, музыка, театр багытында берилип келе жаткан – Пулитцер сыйлыгы. Аталган сыйлык 1917-жылы гезит магнаты Джозеф Пулитцердин керээзинин негизинде уюшулган. Ошол жылы журналист Герберт Байярд Своуп аталган сыйлыктын “Репортаж үчүн” номинациясынын лауреаты болгон. Сыйлык анын The New York World басылмасына жарыяланган “Германия империясынын ички түзүлүшү” аттуу материалдар сериясы үчүн берилген. Эске салсак, аталган сыйлык 1917-жылдан бери Нью-Йорктогу Колумбия университети тарабынан ар жылы май айынын биринчи дүйшөмбүсүндө тапшырылып келе жатат. Сыйлыктын өлчөмү 15 миң доллар. Аталган сыйлык жеңүүчүлөрүн аныктоо комиссиясы эч качан популисттик чечим чыгарбагандыктан көбүнесе негизги бестселлер тизмесине кирбеген китептер, бродвей театрына коюлбаган пьесалар Пулитцер сыйлыгына татыктуу болуп турган. Журналистикалык номинация боюнча сыйлыктардын көбүн The New York Times, The Wall Street Journal, The Washington Post басылмалары алып турган. Ошону менен бирге эле чакан, анча белгилүү эмес гезиттер дагы бул сыйлыкка нечен ирет татыктуу болушкан. 2006-жылдан тарта Пулитцер сыйлыгына авторлор менен басылмалар калыстарга кагаз материалдарды гана эмес, интернет айдыңындагы эмгектерди да бере башташкан. 2011-жылдан тарта материалдарды кабыл алуу электрондук түрдө гана жүргүзүлүп келет. Белгилей кетсек, журналистика боюнча Пулитцер сыйлыгында: “Коомго кызмат кылгандыгы үчүн”, “Сенсациялык материалды мыкты чагылдырганы үчүн”, “Мыкты иликтөө үчүн”, “Чеберчилик үчүн”, “Жергиликтүү жаңылыктарды чагылдырганы үчүн”, “Улуттук темаларды ачканы үчүн”, “Эл аралык репортаж үчүн”, “Очерк үчүн”, “Сын үчүн”, “Редакциялык комментарий үчүн”, “Карикатура үчүн”, “Жаңылыктык сүрөт үчүн”, “Көркөм сүрөт үчүн”, “Аудиорепортаж үчүн” номинациялары бар.
Ал эми коңшу Казакстанда журналис-тика тармагы боюнча Улуттук “Үркөр” сыйлыгы бар. Бул сыйлыкты Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги ар жылы басма, радио жана интернет журналистикасында эмгектенгендердин ишмердүүлүгүн арттыруу багытында берип келе жатат. Быйыл бул сынакка жалпы 400 материал түшүп, 12 номинация боюнча 52 жеңүүчү тандалып алынган. Ар бир жеңүүчү 1 млн. теңгелүү болушкан. “Үркөр” сыйлыгынын бир өзгөчөлүгү, ал жерде “Эл аралык ЖМКларда жарыяланган Казакстан тууралуу мыкты эл аралык материал” номинациясы бар. Бул маселе “Ынтымак ордодогу” маалымат жыйынында да көтөрүлдү. Муну келерки жылы Президенттик администрация эске алат деген ойдобуз. Баса, Казакстанда быйыл мамлекет тарабынан журналисттерге 46 үй берилгенин да кошумчалай кетели.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”