Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Коррупция: канткенде ооздуктайбыз?

5-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык: жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу; коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо сунушталууда. Бул бекеринен эмес.

Кыргызстандагы коррупция бир башын кыя чапсаң, анын ордуна жети баш өсүп чыккан ажыдаарды эске салат. Буга соңку бир жумада эле Салык кызматынын башчысы, орун басары, Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын үч начальниги, бир нече бажыканачы жана Эсеп палатасынын инспекторлору кармалганын мисал келтирсек болот.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бир жетекчинин «башкаларга сабак болсун деген максатта” көпчүлүк катышкан жыйында кармалганын билдирди. Айтымда, ошондон эки күн өтпөй, ошол жыйынга катышкан дагы бир жетекчи пара алууга шек саналып кармалган.

Жашырганда эмне, коррупцияга каршы аеосуз күрөш канчалык күчөгөн
сайын коррупция менен шугулданган “азаматтар” ошончолук көбөйүп, коррупция жашарып, мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээли жогору бойдон кала берүүдө. Мунун өзү бул багыттагы мыйзамдарды өзгөртүүлөр зарылдыгын, учурдагы мыйзамдар мындан ары жакшыртууга муктаждыгын күн тартибине койгону ырас.

Жогорку Кеңештеги талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугун, коррупциялык кылмыштарга аралашкандар жергиликтүү кеңештерге гана эмес, Жогорку Кеңешке да шайлана албашы керектигин белгилешип, мамлекет үчүн алдын ала зыяндуу эл аралык келишимдерди түзгөн кызматкерлерди жоопко тартуу маселесин көтөрүштү. Депутат Эльдар Абакиров коррупция менен күрөшүүдө журналисттердин ролу маанилүүлүгүн, коррупциялык кылмыштарды журналисттик иликтөө аркылуу ачыктоо боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Аталган мыйзам долбоору коомчулукта да кызуу талкууланууда. К.Ташиевдин: «Биз сунуштап жаткан мыйзамда «колго түшкөн коррупционер мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирсе да түрмөдөн кутулбайт…», коррупционерге каршы катаал мыйзам менен күрөшүү зарыл деген позициясы менен көпчүлүктү ынандырууда. Социалдык түйүндөрдө “30 жылдын ичинде жемкорлук жетер жерине жетип, далайынын канына сиңип бүткөнүн, анын тамырын чукул арада кыркуу оңой эместигин, бирок, көшөрүп күрөшүп жатканына баа берип эле тим болбой, колдош керектигин белгилеп жатышат.

Коррупция менен камалгандарга гумандуулук мамиле жарашпай турганын, андыктан алардын үй-мүлктөрү кон-фискациялануу менен бирге эркиндиктеринен ажыратылышы керектигин, коррупция менен соттолгондордун жакындары мамкызматтарга барууга биротоло тыюу салынышы зарылдыгын, ансыз коррупция деген балээни токтотууга мүмкүн эместигин айткандар бар.

Чолпонкул АРАБАЕВ,
КР УИАнын академиги,
юридикалык илимдердин доктору, профессор:

– Коррупцияга каршы мыйзам катаал болушу керектиги мыйзам ченемдүү нерсе. Аталган мыйзам долбоорундагы коррупционерлер түрмөдө отуруш керек деген жобо эч кандай талаш, күмөн жаратпайт, бирок, коррупцияга айыпталгандардын жакын туугандары мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынат деген жобо талкуу жаратышы ыктымал. Себеби, бизде баласы атасы үчүн, атасы баласы үчүн жооп бербеши керек деген түшүнүк калыптанып калган. Арийне, эл аралык тажрыйбаны эске алсак, куду ушундай эле маселе Россияда да талкууланган. Алар атасы үчүн баласы, небереси үчүн чоң энеси жооп бериш керек деген бүтүмгө келишип, эгер маңдай тери менен тапкан мүлкү экенин далилдей албаса, оболу коррупционердин мүлкү конфискацияланат, анан жакын туугандарынын, андан соң алыс туугандарынын мүлкү мамлекетке өтөт деген ойлор айтылган.

Бизде, коррупцияга тиешеси бар адамдын жакындары мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынат деген жобо киргизилгени жатат. Албетте, сөз болгон мыйзам долбоору ар кандай талаш-тартышты жаратышы мүмкүн. Тилекке каршы, бизде коррупция ушунчалык тамырлап кеткен экен, төрт жылдан бери күрөш жүрүп, четинен камалып, четинен миллиондорду кусуп жатса да, анын акыры көрүнбөгөнү көп нерседен кабарлап турат. Демек, мыйзамдарды катаалдаштыруу мезгил талабы.

Бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттарында укуктук сабаттуулукту жоюу боюнча мамлекет тарабынан иш алпаруусу абзел. Ошонун ичинде юстиция министрлигинде, башка тийиштүү органдарда атайын иш-чаралар иштелип чыгып, мамлекеттик маалымдоо каражаттары ошого ылайык иш алпарса болоор эле. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик идеология-нын эң башкы багыттарынын бири болушу керек деп ойлоймун. Себеби, мамлекеттик идеология, маданият канчалык күчтүү болсо, кылмыш ошончолук азаят, тамыры кыркылат. Андай болгондо ушул багытта ырааттуу иш жүргөнү дурус.

Шердор АБДЫКАПАРОВ, юрист, адвокат:

– УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сунуштап жаткан мыйзам мурунтан эле бар болчу. Бирок, азыр ошол мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Буга чейин күнөөсүн моюнга алып, тергөө менен келишим түзүп, атайын белгиленген бир суммадагы акчаны төлөп берип сот жоопкерчилигинен кутулуп кетишчү. Эми болсо мына ошондойлор тыйылат. Коррупция менен кармалгандар мындан ары жазадан кутулуп кете алышпайт. Мурда кээ бир кылмыштар үчүн белгилүү бир мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматты аркалоодон четтетилсе, эми ошол кылмыштар үчүн биротоло мамлекеттик жумушка алынышпайт. Бул мыйзам ишке кирип, толук кандуу иштей турган болсо, бизде коррупция, бюджеттик акчаны уурдоо тыйылат болчу.

P.S. Сөз соңунда майда көрүнгөн, бирок өтө маанилүү нерсени айта кеткибиз келет. Макала даярдалып жатканда, аталган мыйзам долбоору боюнча ой-пикирлерин билүү үчүн таанымал юристтерге, экс-депутаттарга кайрылганыбызда, алардын айрымдары өз көз караштарын айтуудан сылык баш тартышты. Албетте, ой-пикирин айтууга, же айтпай коюуга ар бир жарандын укугу бар. Бул үчүн өз пикирин айткысы келбегендерди күнөөлөөгө болбойт. Бирок, мына ушул фактынын өзү бизде алар эмнеден чочулашат деген суроону пайда кылат. Айрымдар минтип коррупцияга каршы багытталган мыйзам тууралуу өз пикирин айтуудан тайсалдап турганда, коррупция менен күрөшүү канчалык оор экенин элестете берсеңиз болот. Демек, коррупцияга каршы күрөш жалпы элдик колдоого муктаж.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар