Кыргызстанда 2009-жылы “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Бирок, арадан 15 жыл өтсө да бул мыйзамдын багы ачылбай келет.
Сот арачылары эмне иш аткарат?
Сот аткаруучулар АКШда 1787-жылы федералдык деңгээлде кабыл алынган. Ал эми 1791-жылдан бери толук кандуу иштеп келет. Ал эми Россияда болсо, император Александр II тарабынан 1864-жылы сот реформасынын алкагында кабыл алынган. 1917-жылдагы революциядан кийин бул мыйзам жокко чыгарылып, 1993-жылы гана кайрадан иштей баштаган.
Сот арачыларын киргизүүнү сот-укуктук реформанын бир этабы катары карашат эксперттер. Алар Кылмыш-жаза кодексиндеги 7 оор беренелер боюнча чечим чыгарууга катышат. Тагыраак айтканда, бир соттук отурумда 7 арачы болот. Алардын көпчүлүгү кандай чечим чыгарса, сот ошону кабыл алат. Аталган мыйзамды кабыл алууда ошол кездеги эл өкүлдөрү сот арачылары иштеп калса, соттордун арасындагы коррупцияга бөгөт коюлат деп ынандырышкан.
2012-жылдан бери…
Ошол кездеги Президент Курманбек Бакиев бул мыйзамга кол койгондо 2012-жылдан баштап күчүнө кирет деп бекиткен. Кийинки бийликке келген Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, бул мыйзам 2016-жылга, андан кийин 2019-жылга чейин узартылган. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун тушунда 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кирет деп кол коюлган.
Деген менен бул мыйзамдын багы дагы 2 жылга ачылбай тургандай болууда. Анткени, Жогорку Сот бул мыйзамды ишке киргизүүнүн мөөнөтүн 2027-жылга чейин узартууну демилгеледи.
Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринде каралып, колдоо тапты.
Сот арачылары кол тийгис болот…
Бул мыйзам күчүнө кирсе, сот арачылары кол тийгис болот. Алардын үйүн, кызматтык бөлмөсүн, минген унаасын тинтүүгө эч кимдин укугу болбойт. Сот арачылар кылмыш үстүндө кармалган учурдан сырткары укук коргоо органдары тарабынан кармалбайт. Буларга кылмыш ишин бир гана Башкы прокурор же анын орун басары гана козгой алат.
Сот арачылары судьялардын маянасынын төрттөн үч бөлүгү өлчөмүндө маяна алышат. Андан сырткары кызмат сапарларына чыкканы үчүн да атайын акча төлөнөт.
Артка жылдырылып жатышынын аныгы
Жогорку Соттун судьясы Аскат Сыдыков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бул мыйзамды ишке киргизүүгө азырынча финансылык жактан даяр эместигибизди айтты. Анын айтымында, сот арачылары үчүн атайын үй куруп, алардын айлык маянасын төлөп берүүгө азырынча өлкө казынасы даяр эмес.
Эл өкүлдөрү бул мыйзамды биротоло артка жылдырбай, эксперимент кылып чакан бир шаарлардан баштап көрүүнү сунушташты.
Кимдер боло албайт?
Башка кадимки эле кызматтагылардай эле сот арачылары үчүн да талаптар коюлган. Бул мыйзамда белгиленгендей, соттолгон жарандар, аракечтиктен, баңгиликтен, психикалык жактан жабыркагандар, кылмыш жасагандыгы үчүн шектүүлөр, мамлекеттик, муниципалдык кызматтын өкүлдөрү, адвокаттар, сот өндүрүшү болуп жаткан тилди билбегендер сот арачы кызматын аркалай албайт.
Бир жагынан кыргыз коому бул жаңы кесипке даяр эместигин адистер белгилеп келишет. Экинчи жагынан алып караганда, юридикалык билими жок адамдын башын айлантып коюш оңой. Андыктан бул мыйзамды күчүнө киргизүүдөн мурда аталган кызматка келе тургандарды жок дегенде жарым жыл юридикалык билим берип, алардын сабаттуулугун жогорулатуу абзел. Бул да кошумча чыгашага алып келет.
Мыйзам боюнча пикир
Биз Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов менен ушул мыйзам долбоорунун айланасында пикир алыштык.
– Сот арачылар бардык иштер боюнча чечим чыгарабы?
– Бул мыйзам күчүнө киргенде сот арачылар кылмыш иштери боюнча чечим чыгарууга катышат. Чындыгында коррупцияга, мыйзамсыз иштерге аралашкан соттор, адвокаттар да болуп жатат. Сот арачылар ишке кирип калса, ушундай мыйзамсыздыктарды жоюуга таасирин тийгизет.
– Мыйзамдын ишке кирбей жатышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Көпчүлүк бул мыйзам эмнеге ишке кирбей жатат деп суроо беришет. Менимче буга саясий эрк, экинчиден, акча каражаттары жетишпей жаткан деп ойлойм. Өлкө жетекчилери, өзгөчө сот системасындагылар, укук коргоо органдары коррупцияга аралашкан болсо аларды дароо кызматтан алып, камап жатышат. Азыркы күндө саясий эрк бар, буюрса бул мыйзам 2027-жылы сөзсүз күчүнө кирет болуш керек.
– Сот арачыларынын атайын юридикалык билими болбосо кандай болуп калат? Балким аларды окутуу керектир?
– Сот арачылары атайын даярдалган, мамлекет үчүн күйгөн, калыстык үчүн күрөшүп келген, интеллигенция өкүлдөрүнөн, укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлери, белгилүү саясий ишмерлер, жөнөкөй таза иштеген адамдар сот арачыларына кирсе, аларды атайын үйрөтсө, келечекте бул институт мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү сактаган институт болот деп ишенем.
– Бул мыйзам сот адилеттүүлүгүн орнотууну, коррупцияга каршы күрөшүүнү көздөйт дешет. Тескерисинче, сот арачыларынын ичиндеги коррупцияны күчөтпөйбү?
– Өнүккөн, сот арачылары иштеген мамлекеттерде бул институт коррупциянын алдын алуучу деп эсептелет. Бизде 3 жолку бийлик алмашуунун негизги себеби деле ушул коррупция болду окшойт. Азыр кыргыз коому ачык айкындуулукка, жакшы жаңылыктарга суусап турат. Бирок, айрым сот арачылары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр болушу мүмкүн. Мыйзам күчүнө кирип иштеп баштаса, бара-бара көч түзөлөт болчу.
– Кыргызда аксакалдар соту деген болгон да, балким ошону кайра алып келиш керектир?
– Туура, кыргызда аксакалдар соту өз убагында салтка-наркка, жазылбаган, бирок, эл туура көргөн жол жобого таянып эң жакшы иштеген. Бирок, биз укуктук коомдо жашап жатабыз. Азыркы күндө сот арачылар мыйзамы бизге керек деп ойлойм. Мыйзам ишке кирген соң, бир нече жыл байкап көрүп, кемчиликтер болсо мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсе, мыйзам ага жол берет.
– Бул мыйзам боюнча сот арачылары кол тийгис болот экен. ИИМ кызматкерлери буларга кылмыш ишин козгой алат деген пункт киргизүүгө кандай карайсыз?
– Мыйзамдарды карап көрүп, сиз айткан пунктту киргизсе, менин оюмча жоопкерчилик да күчөйт болчу. УКМК Төрагасы Жогорку Кеңештеги жыйында коррупция менен кармалгандар жеген акчасын төлөп эле кутулуп кетпесин, аларды жазага тартуу жолу каралып жатканын айтты. Акырындык менен мындай мыйзамсыз көрүнүштөрдөн арылабыз деп ишенем.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”