Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Зардалы айылына электр жарыгы берилди

Кечээ, 10-декабрда Баткен районундагы Зардалы айылына электр жарыгы берилди.

Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАПка минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы орнотулду. Учурда зарыгып күткөн Зардалы эли электр энергиялуу болуп, ар бир үй жарыктандырылып, кубанычтары батпай турган учур.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барган. Мамлекет башчысы алдыда айылга барчу жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген.

Натыйжада эки ай аралыгында айылга күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилди.

Өлкө башчысынын айылга сапарынан соң, бир ай аралыгында уюлдук байланыш да жеткирилип, тургундар өлкө башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар