Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын социалдык-экономикалык бакубаттуулугу чыңдалганын тастыктады

10-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ынтымак-Ордо” Администрациясында Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугуна жана негизги маселелерге багытталган “Кыргыз Республикасын угуу” деп аталган мониторинг презентацияланды.

Сурамжылоого ылайык, 2024-жылдын октябрына карата үй чарбаларынын 75%зы каржылык жактан өздөрүн коопсуз сезет. Бул көрсөткүч 2021-жылдын декабрына карата 33%га жогору.

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча өсүш байкалып, ал 41%дан 86%га чейин өскөн. Бул азык-түлүк менен камсыздоо системасынын жана азык-түлүк менен камсыз кылуунун жакшырганын көрсөтүп турат. Мындан тышкары, керектөөнү кыскартууга же негизги керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн активдерин сатууга аргасыз болгон үй чарбаларынын үлүшү төмөндөгөн.

Ошондой эле, бийлик менен жарандардын ачык диалогуна жана коррупцияга каршы күрөшкө карата оң динамика байкалууда. 2021-жылдын декабрынан бери көрсөткүчтөр шаар калкынын арасында 46%дан 77%га чейин өстү (айыл жеринде 61%дан 79%га чейин).

Өкмөттүн фискалдык компетенциясына ишеним 85%га жетти (2021-жылдын декабрында ал 53% болгон).

Чет мамлекеттерде иштеген мигранттар 14%дан 8%га чейин азайышы байкалууда. Маселен, азыр өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырышына байланыштуу үй-бүлө мүчөсүнөн 1% миграцияда жүрсө, ал 2021-жылы 13% болгон.

“Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсүнүн объективдүү жыйынтыктарынын болушу 2021-жылдын декабрынан бери Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунда олуттуу оң өзгөрүүлөр болгонун тастыктайт”, – деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.

Жыйынтыктап кетсек, сурамжылоого катышкан өлкө жарандарынын 89%га жакыны Кыргызстан саясий, социалдык жана экономикалык реформалар багытында туура багытта баратат деп эсептейт. Бул өкмөттүн иш-аракетине болгон ишенимдин жогору экендигинен көрсөтөт.

«Кыргыз Туусу» дайыма Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүн талдап, калкка чыгарып турат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар