Бүгүн, 11-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын аймагына чет жактан мыйзамсыз ташылып келинген автоунаалар боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынтыгында ИИМге, УКМКга жана Бажы кызматына “бир дагы мыйзамсыз алып келинген унаа көчөлөрдө жүрбөшү керек” деген тапшырма берген.
ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей унаа бар.
“Мунун баары өлкөгө мыйзамсыз кирген. Тетик деп алып келинип, машина куралган. Алардын 90%ынын документи жок. Кайдан, кимден алып келди дайынсыз. Легалдаштырабыз деп тескерисинче криминалдаштырып албайлы”, — деди УКМК төрагасы.
Ташиев мындай унаалар үч этап менен мыйзамдаштырыларын айтты:
1-этапта — документи барлар каралат
Ал ошондой эле оң рулдуу унаалардын ээлерине митинг уюштуруу жөнүндө ойлонбоого чакырды.
“15 миң автоунаанын ээлери вацаптан бири-бирине чогулалы, митинг кылалы деп жатышат. Не думайте даже! Ойлонбогула. Өзүңөр биринчи мыйзамсыз унааларды алып келдиңер, эми мамлекттин мыйзамын бузам дебегиле”, — деди ал.