Татаал вариациялар менен коштолгон өзүнүн кайталангыс обондорун комуздун коштоосунда жүрөккө жеткире ырдаган Калмурат Рыскулов көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка толмок. Ошол юбилейлик датасын утурлай, 9-декабрда достору, тели-теңтуштары Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Калмураттын кайрыктары” аттуу эскерүү кечесин өткөрүштү.
Оор жашоо-турмушунун, татаал тагдырынын жана армандуу сүйүүсүнүн азабын тарткан Калмурат 30га толо элек курагында “кайрыгым калбай калды” деп бул дүйнөдөн кете бергени өкүндүрөт. Бирок, артында калган өлбөс-өчпөс кайрыктары талантка экинчи өмүр берип, чыгармачылыктагы жакын достору, теңтуштары, айылдаштары аны унутта калтырбай эскерип турганы анын жөн талант эмес экенин айгинелеп турат. Дал ошол эскерүү кечесин уюштургандардын башында турган жакын досу, жазуучу, публицист Данияр ИСАНОВ жана Калмураттын бир тууган эжеси Бактыгүл РЫСКУЛОВАны кепке тарттык.
Данияр ИСАНОВ: “Калмурат өлбөс кайрыктарды жараткан өзгөчө талант”
-Тубаса талант, нукура кыргыздын байыркы рухун көтөрүп жүргөн, улуттук колориттеги керемет обондорду чыгарып кеткен Калмурат Рыскуловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтып кеткени өтө өкүнүчтүү. Ооба, бир кезде анын “Менин ырларымды эч ким укпайт” деп кайгырган учурлары болгон. Бирок, арадан канча жыл өтсө да анын ырлары күн санап эл арасында ырдалып, сыры кетсе да сыны кетпеген асыл нерседей кадырланып жатат. Муну менен ал өзүнүн өлбөс адам экенин далилдеп койду. Биз ушуга ичибиз жылып, каниет кылабыз.
Эскерүү кечесине келсек, мурда эле эки-үч жылдан кийин элүүгө чыгат экен, ошондо эскерүү чыгармачылык кечесин уюштуруу керек деп ойлонуп койгом. Октябрда Калмураттын жердештери Урмат Турумбеков менен Мейман Калдашов Ак-Талаада анын чыгармаларын аткаруу боюнча кароо-сынак өткөрүшкөн экен. Анан бул жактан Нурлан Калыбеков менен Жаныбек Эсеналиев биз деле өткөрө бербейлиби деп сунуш кылышты. Ошентип кечени уюштуруп, даярдаганга 1,5 ай убакыт кетти. Андан сырткары, атайын Ак-Талаага барып, Калмуратты жакшы таанып-билгендер менен маек куруп, даректүү тасма даярдап келип көрүүчүлөрдүн назарына койдук.
Чынында Калмураттын дүйнө таанымы, кругозору өтө кең эле. Китепкөй да болчу. Акындардын китептерин, лирикаларын сүйүп, берилип окуду. Айрыкча, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиевдин ырларын жогору баалап, алардын бир топ ырларына обондорду чыгарды. Ал ырлар кыргыз музыкасын байкаларлык байытып койду. 1990-жылдарда жалпы масса жеңил-желпи музыкага азгырылып жаткан чакта Калмурат өтө терең, маңыздуу, дене бойду алып, жүлүнгө жеткен обондорду чыгарды. Ошол себептен ал музыканы терең түшүнгөн, ырды баалай билген саналуу адамдардын гана көөнүндө орноп, көпчүлүктүн көңүл сыртында калган. Бирок жакшы билгендер Калмуратты ошол кезде эле кадырлашчу. Азыр эл өзү Калмураттын ырларын издеп, кайра-кайра кайталап уга баштады. Айрым аткаруучулардын Калмурат жараткан чыгармаларга экинчи өмүр берип, боёк кошуп аткарып жүрүшкөнүнө ырахмат.
Бактыгүл РЫСКУЛОВА: “Калмуратты баалаган досторуна, элге ыраазымын”
— Атабыз Бекжанаалы Рыскулов мамлекеттик автоинспекциянын кызматкери болуп иштеп жүрүп автокырсыктан каза болуп калган. Апабыз баарыбызга татыктуу тарбия берип, окутуп, турмуш жолуна аттантты. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз, Калмурат бешинчибиз, андан кийин сиңдим бар. Калмурат мектепте абдан жакшы окуп, кароо-сынактардан калбай катышып жүрчү. Айрыкча, музыкадан берген Саадат эжейи Калмуратты облустук, республикалык конкурстарга чейин алып чыгып, шыктантып, чыгармачылыгына чыйыр салып берген.
Ушул жерден бир нерсени тактап койгум келип жатат. Атабыз Бекжанаалы Ак-Талаа районунун Жеңиш айылынан болот. Атамдын ишине байланыштуу ар кайсы жакка көчүп барып жашачубуз. Калмурат Ак-Кыя айылына көчүп барганда төрөлгөн. Кийин атабыздын көзү өтүп кеткенден кийин тайларыбыз бизди Жаңы-Тилек айылына көчүрүп кетишип, ошол жакта чоңойдук. Ошондуктан жеңиштиктер да, ак-кыялыктар да, жаңы-тилектиктер да Калмурат биздин бала деп талашып калышат. Ал үчүн сыймыктанам. Үч айылдын тең салымы бар албетте. Тайларыбыз бизди эркелетип багышкан. Ушул убакка чейин үч айыл тең эле колдоо көрсөтүп келишет.
Данияр Исанов башында турган Калмураттын 50 жылдыгына арналган эскерүү чыгармачылык кечесине Жаныбек Эсеналиев, Мирлан Самыйкожо, Токтобек Асаналиев, Жакшылык Матанов, Урматбек Турумбеков, Мейман Калдашов колдоо көрсөтүшүп, жогорку деңгээлде өткөрүштү. Бир эсе ушундай чыгармачылык кечесин өзү башында туруп өткөрсө эмне деп армандасам, бир эсе өзү болбосо да ушундай достору, тели-теңтуштары бар экенине абдан ыраазы болдум.
Калмураттын чыгармачылыгын сыйлаган адамдар Ак-Талаадан эле эмес 7 облустан тең келишти. Зал толуп, туруп алып көргөндөр да болду. Албетте кече өз максатына жетти. Концерт башталгандан бүткөнгө чейин аябай сүйүнүп, толкунданып отурдум. Концерттен соң группалаштары кафеге куран окутушту. Калмураттын жаш кезиндеги, студент кезиндеги кызыктуу окуяларын эскерип, айтып олтурушту. Группалаштары, айылдаш теңтуштары Калмурат үчүн дагы көп алгылыктуу иштерди жасай беребиз деп калышты. Кечени уюштургандарга, Калмураттын чыгармачылыгын баалап келген ар бир көрүүчүгө терең ыраазычылык билдирем.
P.S. Калмурат Рыскуловдун обон издеп, кайрык кубалаганы жөн жерден эмес. Ага бул өнөр айтылуу ак-талаалык обончу, комузчу, бир тууган чоң таякеси Калмурат Нурдөөлөтовдон өткөн. Ал чоң апасы Сабырдын бир тууган иниси болгон. Калмурат Рыскулов 1974-жылдын 18-октябрында бир түп байтеректин түбүндө төрөлгөндө ата-энеси ага Байтерек деп ат коймой болушат. Бирок Сабыр чоң апасы бир тууганындай улуу өнөрпоз болсун деп ымыркайга Калмурат деп ысым ыйгарат.
Айгерим Качкынбекова,
“Кыргыз Туусу”