whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
16.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГрузиядагы тоо лыжа курортунда 12 кызматкердин жансыз денеси табылды

Грузиядагы тоо лыжа курортунда 12 кызматкердин жансыз денеси табылды

Грузиянын полициясы 14-декабрда Гудаури айылындагы лыжа базасындагы ресторанда сөөгү табылган 12 адамдын өлүмүн иликтеп жатканын билдирди.

11 чет элдик жана бир грузин жаранынын жансыз денелери ресторандын экинчи кабатындагы уктоочу бөлмөлөрдөн табылган. Каза болгондор ресторандын кызматкерлери экени айтылууда.

Полиция адамдар кырсыктын кесепетинен каза болгонун айтты. Уктоочу бөлмөлөрдүн жанындагы жабык жерде генератор иштеп жатканын жана электр энергиясы өчүп калгандыктан күйгүзүшкөнүн белгилейт.

Полиция этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү беренеси боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси) тергөө ишин баштады. Иштин алкагында өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар