Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 16-декабрда кызматтан кетти.
Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинети 2021-жылдын октябрь айында кызматка киришкен. Эгер расмий комментарий катары кабылдаса, анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айткандай, министрлер кабинетин жана администрациясын ротациялоо чечими өлкөнүн ыкчам өнүгүшүнө жаңы ыргак берүү ниети менен байланыштуу.
Президенттин жарлыгында үч жылдан ашык өкмөт башчы болуп иштеп, Кыргызстандын тарыхындагы эң узак мөөнөткө иштеген премьер-министрлердин бири болгон Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганы айтылат. Башка иши кайсы экенин убакыт көрсөтөт, бирок төраганын орун басары Э. Байсалов Акылбек Жапаров алыс кетпей турганын, өлкө башчысына жакындан жардам бермекчи.
Кабинеттин экс-төрагасы президенттик администрациянын жана өкмөттүн мүчөлөрү менен 16-декабрда коштошту. Чоң-кичине кызматкерлердин тизилип алып, урмат-сый менен коштошконуна караганда өзү жетектеген Кабинеттин жана администрациянын кызматкерлер арасында кадыр-баркы жогору окшобойбу.