Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Билимдүү жаштарды колдоо – келечекке салынган инвестиция

“Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 16-декабрда, республиканын жогорку окуу жайларынын студенттерине Президенттик стипендия тапшыруу аземинде. Окуу жайлардан мыкты 90 студент тандалып, ар бири 60 миң сомдук стипендияга татыктуу болушту.

Өлкө башчысы адилет белгилегендей, президенттик стипендия бул бир жылдык жөн эле сыйлык эмес, ири алдыда тигил же бул тармактын кесипкөй адиси болууга дитин койгон, алдына койгон бийик максаттарга жетүүгө талыкпай аракеттенген студенттердин эмгегин баалоонун формасы, дараметин колдоонун, талантын ачууга шык-дем берүүнүн жолу. Билимдин, илимдин артынан түшөм деген келечектүү жаштарга көмөк көрсөтүү максатында дүйнөнүн 100 мыкты жогорку окуу жайынан магистратурасын жана PhD докторантурасын улантуусу үчүн 50 миң АКШ долларына чейинки “Эл үмүтү” президенттик стипендиясы уюштурулуп, 3 жылдан бери татыктуу делген 39 студентке стипендия берилгени маалым.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар