whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖК комитети Соцфонддун бюджети тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырды

ЖК комитети Соцфонддун бюджети тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырды

Күн мурун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Социалдык фонддун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Социалдык фонддун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоору Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорлору тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев маалымат берди. Анын айтымында, Социалдык фонддун 2024-жылга такталган бюджети 110 млрд. сомдон ашык суммада белгиленген. 2025-жылга Социалдык фонддун бюджети 117 млрд. сомдон ашык суммада каралууда.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев социалдык фонддун бюджетинин параметрлерине, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөрдүн санына өзгөчө көңүл бурду. Депутат Эмил Токтошев Кыргызстанда жашоо минимумун эске алуу менен пенсиянын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү зарылдыгын көтөрдү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар