Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

ЖК комитети эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселесин талкуулады

Күн мурун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматты укту.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманбек уулу маалымат берди. Ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишинин негизги жана артыкчылыктуу багыттары жөнүндө айтып берди. Депутаттардын суроолоруна тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев да жооп берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Ырысбек Атажанов эмгек мигранттарынын балдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы маселелерге көңүл бурду. Ал белгилегендей, балдарды билим берүү мекемелерине тартууда кыйынчылыктар бар. Депутат Чыңгыз Айдарбеков мекендештердин, эмгек мигранттарынын балдарын мектепке даярдоо максатында Россияда атайын бала бакчаларды уюштурууга басым жасады.

Эл өкүлү Лейла Лурова убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда жарандарды социалдык жактан камсыз кылуу маселесине токтолуп, чет өлкөлөрдө социалдык жана маданий адаптациялоону жеңилдетүү үчүн Кыргызстанда иммиграцияга чейинки даярдоо борборлорун ачуу маселесин көтөрдү.

Депутат Алтынбек Кылычбаев чет өлкөдө каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төлөмдөрдү алуу тартибин тактады.

Комитеттин төрагасы Улан Примов чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мекендештер боюнча маалымат сурады. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева маалымдагандай, бүгүнкү күндө Россияда соттолгондордун саны 1370 адамды түзөт, быйыл сот органдарынын чечимдеринин негизинде 103 соттолгон адам которулуп, 70 адам этап алдында турат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар