Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Президент: «Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат»

“Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогорку болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземинде белгиледи.

Иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү.

Мамлекет башчынын сөзү:

“Урматтуу журналисттер!

Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары!

Бүгүн биз кыргыз журналистикасы үчүн маанилүү окуянын башатында турабыз. Журналисттердин өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомдук аң-сезимдин калыптанышына жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө кошкон эбегейсиз салымын таануунун белгиси катары уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземине чогулдук. Бүгүнкү иш-чарабызды жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөбүздүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттасак болот. Ушундан улам, журналистика тармагында эмгектенип келаткандардын баарын бүгүнкү саамалык менен чын дилимден куттуктаймын.

“Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык. Бул калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн сыйлык.

Урматтуу журналисттер!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, быйыл өзгөчө бир датаны — кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгын — чыгармачыл адамдардын бир нече муунунун кылымдык эмгегинин жыйынтыгын чыгарган олуттуу окуяны белгилеп жатабыз. Чынында эле бир кылым аралыгында эбегейсиз иштер жасалган экен. Алгачкы басылмалардан, алгачкы радио берүүлөрдөн баштап, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды камтыган заманбап санарип маалымат каражаттарына чейинки татаал жолду басып өттү. Ошол дүрбөлөң мезгилдерде бир катар мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү шартына карабай, журналистиканын пайдубалын түптөп, кышын кыноо менен эл үчүн маанилүү маалыматтарды, жаңылыктарды жазып, жарандык коомдун жаралышына салым кошкон кыргыз журналистикасынын күжүрмөндөрүнүн ысымдары эсибизде. Алардын ак ниет эмгеги, дайыма калыстыкка умтулуусу азыркы кыргыз журналистикасынын бекем пайдубалы болуп калды. Биз мамлекеттин алдыга жылып, эл агартууга салым кошкон аталарыбызды ар дайым эскерип, башыбызды ийип, таазим кылабыз.

Бүгүнкү иш-чаранын ардактуу катышуучулары!

Учурда журналисттердин алдында кесипкөйлүк гана эмес, аң-сезимдүүлүк менен жоопкерчилик принциптерин да талап кылган ары жаңы, ары татаал милдеттер турат. Биз азыр санарип доордо жашап жатабыз. Ар түркүн маалыматтар өтө ыкчамдык менен жайылууда. Мындай маалыматтардын деңизине коомчулук, эл-журт, айрыкча, жаш муун көмүлгөн чакта кайсынысы жалган, кайсынысы анык экенин ажыратып берүүдө сиздердин ролуңуздар бир нече эсе жогорулайт. Барган сайын кооптуу болуп татаалдашып бараткан дүйнөнүн объективдүү картинасын калыптандыруу, коомдук аң-сезимди манипуляциялоого жөндөмдүү дезинформацияга каршы күрөшүү сиздердин жоопкерчилигиңиздер менен кесипкөйлүгүңүздөрдөн көз каранды. Маалымат таратуудагы фактыларга таянууда аң-сезимдүүлүк менен аяр мамиле кылуу, аларды кылдат текшерүү — заманбап журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги компоненттери экенин жакшы билесиздер. Антпесе, жалган маалымат жана маалымат манипуляциясы коомго олуттуу сокку уруп, мамлекетке жана бийлик институттарына болгон ишенимди кетирип, социалдык чыңалууну жаратып, он миңдеген жарандарды адаштырган курал болуп калышы толук мүмкүн. Биз элибизди, айрыкча жаштарды маалыматтарды ылгап кабыл алууга, андагы фактыларды текшерүү менен чагымчылдыкка алдырбоого үндөшүбүз керек.

Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогорку болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Калктын бардык катмарына чындыкка дал келген ар тараптуу маалымат жеткирүү аркылуу гана биз коомдук консенсуска жетишип, өнүккөн өлкөнү чогуулап кура алабыз.

Урматтуу журналисттер!

Эми “Мейкин” сыйлыгы тууралуу учкай сөз кыла кетели. Бул сыйлык биздин коомдун жашоосунун маанилүү аспектилерин чагылдыруучу “Бир эл — бир түндүк”, “Керемет Кыргызстан”, “Салык — өнүгүүгө салым”, “Таза Мекен”, “Билим – келечек”, “Куттуу элет”, “Мекен жана мен”, “Мекендештер”, “Кыргызстанда иштеп чыгарылган” (Made in KG) жана “Сергек жашоо” аттуу 10 номинацияны камтыйт. Ар бир номинацияга 1 миллион сом акча бөлүнгөн. Мындай салмактуу байге фондун кыргыз журналистикасынын келечегине: кесипкөйлүккө, акыйкаттыкка жана жоопкерчиликке инвестиция катары салуу максатын көздөп жатабыз.

Ошону менен катар “Мейкин” сыйлыгы жаш журналисттерге түрткү болуп, аларды чыгармачылык ийгиликтерге жана кесипкөйлүгүн өркүндөтүүгө шыктандырат деп терең ишенем. Мындан тышкары, медиа айдыңында сергек атаандаштык чөйрөсүн түзүп, журналисттерди өздөрүн өнүктүрүүгө жана квалификациясын жогорулатууга үндөйт деп ойлойм. Ойлогон мүдөөбүздү ишке ашырып алсак, элибиздин туура, так, калыс маалымат алуусун жана ар бир сөздүн жоопкерчилигин камсыздаган болобуз.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө мамлекетибиз тышкы жардамга муктаждыктан акырындап арылып, экономикалык көз карандылык доорун артка таштап, ишенимдүү жана ырааттуу түрдө өнүгүп баратат. Өлкөбүздүн келечегин аныктай турган, аймактын геосаясий картасын өзгөртө турган масштабдуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу” долбоору – экономикалык өсүп-өнүгүүгө умтулуунун жаркын мисалы. Муну менен катар биз коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, ачык-айкын, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу системасын түптөп жатабыз.

Мунун баары көптөгөн атуулдарыбыздын күндүр-түндүр талыкпаган таза мээнетинин аркасы менен келүүдө. Мына ушул аракеттерде журналисттерибиздин орду өзгөчө экенин дагы бир жолу баса белгилеп айтып коеюн. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү элдин көзү, кулагы жана үнү! Алардын айткандары менен жазгандарынын негизинде коомчулук маалымдар болуп, коомдук пикир жаралууда.

Ошондуктан сөзүмдүн акырында, учурдан пайдаланып, урматтуу айрым журналисттер, айрыкча “Азаттык радиосу” жана башка 5-6 сайттар, жалган маалыматтарды таратып коюп, тымпыйып олтуруп калбастан, этият болсоңуздар, деп сиздерден суранып кетээр элем.

Коррупцияны иликтегиле, биздин кемчиликтерибизди жиликтегиле, ачыкка чыгара бергиле, биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок.

Бирок “дейт-дейт” дебей, “Алмакан эжем айтып атпайбы” дебей, материалдарыңарды эң жок дегенде 90 пайыз далилдеп, анан чыгарып турсаныздар — мага да жардам кылган болосуздар.

Коррупция, уурулуктар менен силерсиз эле аёосуз күрөш жүргүзүп жатабыз го. Көрүп жатасыңар. Эч кимди аяган жокпуз, мындан ары да аябайбыз. Коррупция менен күрөш токтобойт, 24 саат бою жүрө берет.

Сөз эркиндиги болсо — болуп келген жана боло берет.

Бир гана суранычым, сөз эркиндиги менен ушак-айыңды, жалган маалыматтарды, бирөөнүн абройуна далилсиз шек келтирүүнү, элди массалык башаламандыктарга чакырууну сөз эркиндиги менен алмаштырбаңыздар!

“Мейкин” сыйлыгынын алгачкы жеңүүчүлөрү, сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин ийгилигиңиздер мамлекеттин алдыга жылышына жана жоопкерчиликтүү журналистиканын өнүгүшүнө кошкон зор салым болуп саналат.

Мындан аркы түйшүктүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун! Калемиңиздер ар дайым адилеттүүлүккө, чынчылдыкка, элге кызмат кылсын!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар