Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери, мыйзамдардын начар, чийки, сапатсыз кабыл алынгандыгынан коррупция күч алып, паранын суммасы ар бир Президенттин тушунда өсүп жатты. Натыйжада мамлекеттин эсебинен байып, миллиондогон долларга хан сарайларды салып, элди, мыйзамды уруп ойнобогон коррупционерлердин коому пайда болду. Аларга, алардын балдарына кылмыш, жазасыз калуу адатка айлануу өнөкөтү күчөгөн.
Ал эми бүгүнкү күндө, Президентибиз Садыр Жапаровдун койгон талабы менен өзгөчө коррупция менен күрөштө бир катар алгылыктуу иштер болгондугун эл-журт канааттануу менен кабыл алып жаткандыгына карабастан, бул иш толук деўгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын УКМКнын Башчысы Камчыбек Ташиев моюнга алып, мындан ары аёосуз, катуу чаралар көрүлөөрү жөнүндө билдирүү жасады. Бул боюнча, мамлекеттик кызматкерлер дагы деле болсо коррупциялык иштерин улантып, пара алып, аларды кустурдук деп бошотуп жиберген фактылар көп кездешет, алар мыйзам чегинде коррупция боюнча жоопко тартылбай жаткандыктары көп элге жакпай жатат.
Коррупция менен күрөшүүдө мыйзамдын күчүнө таянышыбыз керек. Бул боюнча Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын “Кылмыш жаза Кодекси жөнүндө” мыйзамдын (42-глава) “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар жөнүндөгү” 336- беренеден 345- беренелерине чейин тез арада кайра карап чыгып өзгөртүү кабыл алыш керек.
Биринчиден; Мамлекеттик мүлктү уурдагандар, жемкорлук менен кармалгандар, пара берүүчү, пара алгандарга карата азыркы Кылмыш-Жаза кодексине өзгөртүү киргизүү керек. Мыйзамдардын көпчүлүгүн өкмөт сунуштайт. Ошондуктан өкмөткө тапшырма берип коррупция беренесине өзгөртүү киргиздирүү керек, деп ойлойбуз. “Коррупция менен кармалса 20 жыл түрмөгө кесилип, 20 жыл жер которуп, мүлкү конфискацияланат, өзү, үй-бүлөсү, ата-энеси, бир туугандары 20 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат”, – деген мыйзам кабыл алынса бир күндө коррупция токтооруна бөркүбүздөй эле ишенсек болот.
Мында ар бир адамды, үй-бүлөсү, аялы, балдары, ата-энеси, ага тууганы тыйып, таза иштөөсүн талап кылмак. 40 жашында камалып, 60 жашында түрмөдөн чыкса, дагы 20 жыл башка жакта жүрсө же күнүгө укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө жүрүп, балдары, бир туугандары мамлекеттик кызматта 20 жыл иштебей калышын акыл эстүү-адам каалабайт го деп ойлоймун.
Ал эми азыркы мыйзамда 3 жыл мамлекеттик кызматта иштебесин деген берене бар. Үч жылдан кийин кайрадан тааныштары менен андан да майлуу орундарга отуруп же депутат болуп жатышпайбы. Мыйзам канчалык катуу болсо, тартип ошончо бекем болот.
Экинчиден: Бүгүнкү күндө адам өлтүрүү, зордук-зомбулук кылуу да тыйылбай жатат. Буга да, бир эле мөөнөт, кандай болуп адам өлтүрсө; мейли атып, бычактап, ур токмокко алып, машина менен сүзүп өлтүрсө да 10 же 15 жыл түрмө десе бардык адамдар акыл-эсине келип, өздөрүнө сабырдуулук, жоопкерчилик жана мыйзамдан коркуу сезими пайда болот эле. Соттор да келишүүчүлүккө бара албай калмак. Сөзсүз түрдө кылмыштуулук азаймак.
Үчүнчүдөн: Бардык кылмыштуулукту азайтуу үчүн Бишкекте түрмөнү алыскы райондорго которуш керек. Мисалы Миң-Кушка, Баткенге которсо болот. Ал жактарда даяр жайлар, бош калган имараттар бар, болбосо өздөрүн иштетип көп деле каражат коротпостон, салдыра коюуга деле өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетет. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө түрмөлөр борбордон алыс жактарга жайгашкан. Биз 10000 ден ашык түрмөдөгүлөрүбүздү Бишкекте жана шаарга жакын жерлерде элдин эсебинен, мамлекет 1 миллиарддан ашык акча коротуп багып жатат. Эгерде алыскы аймактарга которсо туугандары, үй-бүлөсү катташып, барып турганга канчалык кыйынчылык, чыгым болоорун ойлогон адам кылмыш кылуудан мурун алыс, шарты катаал, жерде боло турганын ойлосо кылмыштуулук сөзсүз азаймак. Аларды сөзсүз түрдө оор жумуштарга тартуу керек, жок дегенде күнүнө 1 тонна көмүр каздырса ичкен жегенин актап турушмак.
Жогорудагы Мыйзамдын беренесине мына ушундай өзгөртүү киргизилгенде гана коррупцияга сокку урулат.
Сабырбек САРДАРБЕКОВ
коомдук ишмер, Кыргызстан Журналисттер
союзунун мүчөсү