Мамлекеттүүлүктүн тарыхы боюнча айрым аныктамалар илимий жана саясий-идеологиялык проблема. Анткени көп учурда Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түштөлүшү катары эсептеп келишкен.
“1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү менен кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү башталган” деген натуура аныктама “СССРдин курамындагы улуттук азчылыктардын чыныгы тарыхы жана мамлекетүүлүгү Улуу Октябрь революциясынан башталган” деген советтик тарыхнааманын эски күүсү. Ага каршы чыккан айрым окумуштуулар жана саясатчылар (профессорлор З. Курманов, Т. Чоротегин, коомдук ишмер А. Кулматов) мындай жаңылыш түшүнүктүрдүн баш тартуу зарыл, XX кылымдын башындагы мамлекеттүүлүк тууралуу кеп кылганда “мамлекеттин кайра жаралышы”, “кыргыз мамлекетинин жаңы доордо калыбына келиши” деген аныктамалар туура деп эсептешет. Президент Садыр Жапаровдун “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыгында “жаңы кыргыз мамлекети”, “кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы” деген дефинициялар колдонулду. Тарыхый, саясий, укуктук жактан калетсиз ушул аныктамалар биринчи ирет расмий документте — президенттик жарлыкта баса белгилениши, тарыхчы окумуштуулардын калетсиз пикирлери, а эң негизгиси, тарыхый чындык жана кашкайган фактылар жаңы доордогу кыргыз мамлекетинин тарыхын окутууда эске алынышы кажет. Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгын эл аралык коомчулук таанып, ал дүйнүлүк масштабда белгиленсе, 7-9-кылымдардагы Улуу Кыргыз каганаты жана андан кийинки хандыктар тарыхый факт болсо, “кыргыз мамлекети болгон эмес, 1924-жылы гана түптүлгүн” деп кантип айтууга болот.
17-декабрда № 5 кесиптик лицейде үткүн «Азыркы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнүн тарыхын окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу илимий-методикалык кереге кеңеште мамлекеттүүлүктүн тарыхы боюнча дефиницияларды туура колдонуу маселеси талкууланды. Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү академиясынын, Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлдүрү, тарыхчы мугалимдер катышкан кереге кеңеште мамлекеттин тарыхтарых илимдеринин доктору Гүлзада Абдалиева, И.Арабаев атындагы университетинин ага окутуучусу Венера Жумалиева, Билим берүү академиясынын илимий кызматкери Бурул Козубаева мазмундуу баяндамаларды жасашты. Эл аралык журналист Акчолпон Койчиева азыркы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү темасынын массалык маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы тууралуу кызык маалыматтарды берди.
Конференциянын демилгечиси, №5 кесиптик лицейдин директору Элеонора Ишекеева билдиргендей, талкуунун жыйынтыгы менен XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекетинин тарыхын окутууда “жаңы кыргыз мамлекети”, “кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы”, кыргыз мамлекетинин жаңы доордо жаңы формада калыбына келиши” деген аныктамаларды колдонуу колдоого алынды жана сунушталды. Эми ушул жагдайларды эске алуу менен окуу куралдары, окутуунун методикалары, методикалык нускамалар иштелип чыгуусу керек.
Өз маалыматыбыз