Гүлзада Станалиеванын “Иңир” ырлар жыйнагы жарык көргөнгө чейин эле, фейсбук баракчасы аркылуу “Күтүү” жана “Дайрадай агылдым, шамалдай согулдум” деген ырлары менен тааныш элем. Башка ырлары көп эсимде жок, эмнегедир ушул эки ыры мага аябай ынаган. Кийин “Иңир” менен таанышкан соң да, ошол оюмда кала бердим.
Гүлзаданын “Күтүү” жана “Дайрадай агылдым, шамалдай согулдумун” чыныгы поэзиянын мыкты үлгүлөрүнүн катарына эч тартынбастан эле кошо берсе болот. Бул менин жеке оюм.
Эмне үчүн? Бир азыраак лирикалык чегинүү жасайлы.
Адабий табит ар кандай болот экен. Көп учурда окурмандын адабий даярдыгы жана дүйнөнү кабыл алуусу деген түшүнүктөр арткы планга чыгып калат да, адабий чыгармага маанайыңа жараша мамиле кылган учурлар болот өңдөнөт.
Анан калса көркөм чыгарма деле маанайга жараша жазылабы деп ойлойсуң. Эргүү келип, көңүлүң элеп-желеп болуп турганда, жоктон бар кылып, жаза бересиң. Эргүү жокто канча жандалбас тартып, убара болбо, эки сөздүн башын кошо албай, оюң он чачырап, жүдөп, азап тартасың.
Ушундан улам, адабий табит адамдын текстти окуп жаткандагы психологиялык абалы менен байланышкан нерсе экенине көз жетет.
Адабиятта деле адабий тексттердин жакшы-жаманын ылгай турган белгилүү бир эрежелер, мыйзам ченемдүүлүктөр болгону менен, ал эрежелер көп учурда иштебей калат, мына ушунусу менен так илимдерден айырмаланып турат. Бир эле адабий текстти талдоодо ага канча киши баа берсе дал ошончо ар түрдүү көз караш, пикирлер айтылат.
Так илимдер деп коебуз, математика, физика, химия татаал көрүнгөн менен, адабияттан татаал эмес, алар теория, теорема, формулаларга таянат. Арифметика 2+2=4 экенин тастыктаса, физикада Ньютондун, Эйнштейндин закондору сааттай чыкылдап иштейт, теория, теорема, аксиомаларга таянсаң, эч жаңылбайсың.
А адабиятта, анын ичинде поэзияда андай эмес. Бири Алыкулду, бири Мидинди, бири Байдылданы жактырат. Акыркы жылдарда социалдык түйүндөрдө эки сөздүн кошо албагандарга “Укмуш. Эң сонун” деп кол чапкандар көбөйдү. Биринен бири көчүрүп алып, өзүнө өзү тамшанып, өзүн каадалуу акын сезгендер мындан көп. Орто саар ырлары менен дүйнөлүк адабиятты багынткысы келгендер бар. Адабиятта табитти талашпайт деген сөз ошондон улам айтылган окшобойбу.
Эгер Омор Султановдун ыр күйөрмандары Рамис Рыскулов, Табылды Муканов, Турсуналы Бостонкулов, Баяс Туралды окубай, кабыл албай койсо, муну түшүнсө болот. А ыр болмушту ыр катары кабыл алгандарды аягандай башка айла жок.
Ток этери, “Күтүү” менен “Дайрадай агылдым” жакты. Албетте, идеалдуу эч нерсе жок. Эгер эки ырдын жазылуу стилине, уйкаштыктарына, автордун сөздөр менен иштегенине тыкыр көз чаптыра келсек, анда бул ырлардан деле толгон-токой кемчиликтерди тапса деле болот. Бирок, андай сынчыл көз караштан эмес, чыныгы поэзиянын күйөрманы катары мамиле кылсак, анда“Күтүү” да, “Дайрадай агылдым, шамалдай согулдум” да философиялык жагынан алабызбы, психологиялык жагынанбы, көркөмдүк-эстетикалык жагынанбы автордун башка ырларынан төбө өйдө өзгөчөлөнүп, айырмаланып турат.
Күтүү
Көчөдөн өттү топ караан,
Көлөкө тушта олтургам.
Көчөдөн өттү бир караан
Бирөөнү күтүп олтургам.
Кыз өттү кызыл көйнөкчөн,
Таякчан шашпай чал өттү.
Жаш балдар топ кууп өтүштү.
Чаң каптап турду көчөнү.
Бир келин өттү шамдагай
Тыпыйган сумка көтөргөн.
Бир киши өттү сумсайып
Жупуну эски күрмөчөн.
Колдорун бекем кармашып
Кыз-жигит өттү капарсыз.
Жол четин бүтүн шимшилеп
Жолбун ит өттү. Көчө суз.
Күн өттү ушул көчөдөн,
Күбүрөп өттү күүгүм да.
Баары өттү ушул көчөдөн,
Күткөнүм гана өтпөдү.
Күүгүмдөп барып, түн кирди.
Күткөнүм менин чыкпады.
Үргүлөп кетти дарактар,
Көчө да тынчып уктады.
Бир караганда катардагы эле ыр. Уйкаштыктары деле келегей. Андай деле күтүүсүз көркөм салыштыруулар жок.
Бирок, анда ой бар, ойдо жан бар. Ырдын алгачкы саптарынан баштап эле, андагы картина, кимдир-бирөөнү күтүп отурган лирикалык каарман жана анын жан дүйнөсүнүн абалы, ой-толгонуулары окурманды өзүнө үнсүз-сөзсүз тартып алат.
Оболу анын жан дүйнөсүнүн абалы көз алдыңа тартылат. Адатта бирөөнү күткөн адам улам жол карап толкунданып отурат эмеспи, анан тынчсыздана баштайт, кийин көңүлү чөгөт, акырында аны кайдыгерлик басат. Ырда каармандын мына ушул жаз күнүндөй улам өзгөрүлгөн маанайы кылдат сүрөттөлгөн.
Арийне, биерде окурманды ойго салган жагдайлар да жок эмес. Жолдон топ караан өтүп жатат, жолдон бир караан өтүп жатат, кызыл көйнөкчөн кыз да, таякчан чал, балдар да куушуп өтүп жатат, келин да, эски күрмө кийген киши да, кыз менен жигит да, ит да өтүп жатат, бирок күткөнү гана өтпөйт. Ошондо ырдын каарманы күткөн ким? Жолдон кыз да, жигит да, эркек да, келин да, чал да, бала да өтүп жатпайбы, ырдын каарманы күткөн адам ким? Окурман үчүн каарман кимди күткөнү абдан маанилүү.
Аргасыз автор менен кошо тынчсызданасың, бир чети ырдын каарманын аяйсың. Ал кимди күттү? Же ал кимди күткөнүн өзү да билбейби?
Балким, лирикалык каармандын күткөнү – анын жакыныдыр, өмүрлүк түгөйүдүр, сүйгөнүдүр? Турмушта нелер болбойт, балким, ал лирикалык каармандын кардары чыгар, же карызын бербей качып жүргөн бирөөбү? Балким, ал лирикалык каарман жүрөгүндө өзү жаратып алган образ болушу да ыктымал.
Ошол эле учурда лирикалык каармандын күткөнү кыз да, таякчан чал да, келин да, бала да, киши да, кыз-жигит да болбогону таң калычтуу.
Бул биз үчүн суроо бойдон кала берет.
Ырдын “тузу” мына ушунда: лирикалык каармандын табышмактуулугу, анын жан дүйнөсүнүн абалы купуялуулугунда.
Автор ырдагы картинаны да, каармандарын да эң сонун тандаган, бала, кыз, кыз-жигит, келин, киши, чал мезгилдин, жол мейкиндиктин образын символикалуу чагылдыруу менен ырга философиялык өң-түс берип турат.
Жашоо өзү ошондой курулган. Бирөөлөр келет, бирөөлөр кетет.
Түн кирет, күн чыгат. Жашоонун агымы өзү ушундай. Жашоо өзү табышмак, жандырмагы бар туруп табышмак.
Гүлзаданын “Дайрадай агылдым, шамалдай согулдумунда” да “Күтүүдөгүдөй” жашоо таң менен кечи, оош-кыйышы, ысык-суугу тууралуу түбөлүк ой бар, а ойдо жан бар.
* * *
Дайрадай агылдым,
Шамалдай согулдум.
Оош-кыйыш турмушта
Жаңылсам, жаңылдым.
Жазмыш деп соорондум,
Армандуу болбодум.
Муздасам муздадым,
Арийне, тоңбодум.
Кайгыда ыйладым,
Дүйнөгө сыйбадым.
Түтөдүм… тутандым…
Ошентип чыйралдым.
Сүйүүгө ийилдим,
Кутумун үйүмдүн.
Бир чымчым бактыма
Баладай сүйүндүм.
Дастандай ырдалдым,
Дарактай ыргалдым.
Мүшкүлдүү тагдырга
Ийилдим, сынбадым.
Бул ырды окуганда бири-бирине куюлушкан саптар, бир дем менен уланган ыргактар жаздын ак жааны жумшак себелеп жаткандай, же адырдан адырга куюлуп жорго жүрүшүнөн жазбай жорголоп, куш сабалап учуп келаткандай таасир калтырат. Ырда айтылган ойго караганда да, ырдын оттой жанган күчү, леп-леп урган деми мына ушунда. Окурман оболу ушул куюлушкан ыргак, саптар менен жашайт да, анан гана андагы ойлордун тереңине чөмүйт.
“Дайрадай агылдым, шамалдай согулдумда” автор сөздөр менен “ойноп”, аны камырдай жууруп, ылайдай ийлегиси келгендей да таасир калтырат. Эгер сөз менен “ойногусу” келген эксперимент болсо, мунусу колдоого арзыйт. Сөз менен иштегендер мындай эксперименттерден качпашы керек, бирок сөз менен “ойноо” опурталдуу экенин да эстен чыгарбаганы жөн. Адабиятчылар да андай эксперименттер тууралуу сөз кылганда, адабият теориясындагы эрежелердин көзү менен карабай, анын чегинен чыгып, түшүнүүгө аракет кылбаса, ырды бузуп түшүнүп алуу да ыктымал.
* * *
Батыштан соккон шамалдан
Батыштын жайын сурадым.
Бай турмуш куруп капарсыз
Жашайт деп эли угамын.
Баш чайкап шамал согулду,
Тилегин айтты анан бу:
«Бактылуу жанды көрсөм деп,
Аңтарып жүрөм ааламды».
Чыгышка урган шамалга
Жоолугум булгап, кош дедим.
Аздектеп мага ала кел,
Бактылуу жандын бир демин.
Бул ыр да Г.Станалиеванын жакшы ырларынын бири.
Адабий текстке болгон мамиле адабий табитке жараша болот деп канчалык тастыктабайлы, сулуулукту, кооздукту көз менен көрүп, жүрөк менен тааныгандай, ырдагы сулуулукту жана кооздукту жүрөк менен гана аңдоого мүмкүн экенин моюнга алууга туура келет.
“Базарда миң киши бар, ар ким көңүлү сүйгөнүнө салам берет” дейт. Анын сыңарындай, Г.Станалиеванын үч ыры тууралуу азыноолак пикирибизди баса белгилеп өттүк.
Албетте, Гүлзаданын “Иңирдеги” башка ырлары деле окурманды кайдыгер калтырбай турган ырлар. Автор ар бир ырын үтүр, чекитине чейин тыкыр иштеп, ар бир ыры менен жашап, ар бир сөзгө, ар бир сапка маани бергени көрүнүп турат. Эгер анын башка ырларында да “Күтүү” жана “Дайрадай агылдым, шамалдай согулдумдагыдай” торгойдой таңшыган эргүү жана учуп бараткан куштукундай дем болгондо укмуш болмок экен деп койдум.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”