Вторник, 24 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Жалал-Абаддагы мектептин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаарында №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектептин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин кызматкерлери аларда билим албаган балдарды «окуду» деп документтерге жалган маалыматтарды киргизип, аларды класстан класска көчүрүп келген.

Маселен 2019-2023-жылдары Россияда жүргөн 11 жаштагы баланы 1-5-класстарды «окуду» расмий иш-кагаздарга жалган маалыматтарды киргизген. Мындай жол менен 16 жана 10 жаштагы эки бала класстан класка көчкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери облустук милицияга тапшырылды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар