whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомПарктардан ижарага орун алууга болот

Парктардан ижарага орун алууга болот

Муниципалитеттен билдиришкендей, 18-декабрдан баштап Бишкектин 14 паркында балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, таттуу кебез жана балдар оюнчуктарын сатуу үчүн орундарды ижарага алуу үчүн арыздар кабыл алына баштады.

Ижара үчүн арыздар саат 09.00дөн 18.00гө чейин Чокморов көчөсү, 246 дарегинде кабыл алынат.

Төмөнкү парктарда орундар берилет:
— Адинай – 6 орун;
— Ата-Түрк – 5 орун;
— Кайың багы – 4 орун;
— Жаңгак токою – 4 орун;
— Жукеев Пудовкин сквери – 3 орун;
— Кара жыгач токою – 5 орун;
— Боталиев – 4 орун;
— Ч.Түлөбердиев – 1-орун;
— Фучик – 4 ай;
— Жаштар – 11 орун;
— Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук паркы – 2 орун;
— Ынтымак-1 – 3 орун;
— Ынтымак-2 – 7 орун;
— Жеңиш (түштүк дарбаза) – 5 орун.

Муниципалдык мүлк комиссиясынын 16-декабрдагы чечимине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланганга чейин келип түшкөн арыздар эсепке алынбайт.

Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча 0312 979 195 телефон номуруна кайрылсаңыздар болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар