whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортАк үйдө спортчулар сыйланды

Ак үйдө спортчулар сыйланды

Президенттин администрациясында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаттарында жетишкен ийгиликтери үчүн спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Сыйлыктарды президенттин атынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды. Жогорку спорттук жетишкендиктери үчүн спортчуларга жана алардын насаатчыларына бир жолку акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
«Бул жетишкендиктер өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүү үлгү болуп, жаңы спорттук жеңиштерге жол ачат. Өлкө жетекчилиги спорттун өнүгүшүнө ар дайым колдоо көрсөтүп, спортчуларыбыздын эл аралык аренадагы ийгилигине көмөктөшөт”,-деди Эдил Байсалов.
Салтанат Тиранда (Албания) өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында (U-23) дүйнөлүк чемпионаттын, ошондой эле Будва шаарында (Черногория) өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгын чыгарууга байланыштуу болду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар