Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Кыргыз ысымдарынын реформасы

Жогорку Кеңеш адамдын тегатын жазуу боюнча Үй-бүлө кодексине жана “Жарандык абал жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча маселени карап жаткан учур. Маселенин абдан олуттуу экенин эске алып, буга байланыштуу бир катар маанилүү жагдайларды урматтуу мыйзам чыгаруучу депутаттарыбызга сунуштайм. 

 Улуттук кимдикти, элди калыптандырууда жана сактап калууда киши аттарынын мааниси зор. Баланын аты – тил байлыгынын ажырагыс бөлүгү, эң эле ыйык байлыктардын бири – киши аттары (антропонимдер) деп айта алабыз.

Киши аттарынын ар бири – өз алдынча көп нерседен кабар берип турган эстелик, чоң казына, ата-бабаларыбыздан бизге жеткен жана келечек муундарга кала турган маданий кенч.

Азыркы кыргыз тилинде байыркы түрк жана монгол, иран, араб тилдерине, коммунисттик же башка доорлорго мүнөздүү болгон жана башка антропонимдер жолугат.

Кыргызстанда ушул убакытка чейин балага энчилүү ат коюу – ар бир ата-эненин өз эркине калтырылып келди. Бул – кыргыз демократиялык салтынын көрүнүшү. Бир эле үй-бүлөдө Манас, Жакып, Сейтек, Батма, Каныкей, Айсалкын, Айчүрөк, Нурай деген ж.б. салттык ысымдар, ошондой эле Клара, Советбек, Спутникбек, Нестан-Дарежан, Тариэл, Беназир, Индира, Замира, Феликс, Эрнест сыяктуу советтик доордо пайда болгон ысымдар коюлган учурлар бар.

Бирок, ошондой болгону менен, ысым ыйгарууда жалпы жоболор жана эрежелер, элдик эстутум, этика жана эстетика сыяктуу дагы башка нормалар, ошондой эле тарыхтын, учурдун жана болочокко маданий уңгуну сактоонун талаптары да бар экендигин эстен чыгарбоо зарыл.

Антропонимдер элдин маданий жана тарыхый өтмүшү жөнүндө эбегейсиз зор маалыматтарды алып жүрүүчү семиотикалык белгилер. Ошол эле учурда идеологиялык агитациянын белгилүү бир кызматын да аткарышат.

  1. Кыргызча киши аттарынын орус тилинин таасирине ылайык бузулушу

Совет доорунда кыргыздар жапырт түрдө өз аты-жөнүн жазуунун ТӨА / ФИО (тегаты – фамилиясы, өз аты – имя, атасынын аты – отчество) деп аталган орусташтырылган үлгүсүнө (моделине) өттү. Бул көрүнүштүн социалдык-саясий өбөлгөсү – жалпы “совет элин” түзүүнүн идеологиялык максаты менен шартталганы айдан-ачык. Бирок, аты-жөндү жазуунун орусташтырылган үлгүсү кыргызча киши аттарын эне тилде жазуу эрежесинин олуттуу бузулушуна алып келди.

Мисалы, Тулобаев Балбак Зарлыкович, Джекшенкулов Аликбек Джекшенкулович, Умаралиева Джаныл Джеенбековна сыяктуу варианттар эне тилибизге таңууланды. Бир эле үй-бүлөдөгү бир туугандар Орузбаева / Ноорузбаева, Осмонов / Усманов, Жусупов / Юсупов деп ар кыл жазылып калган учурлар болду.

Эми эгемендик доордо бул ысымдарды эне тилге ылайык жазуунун удулу келип турат. Албетте, азыркы өткөөл доордо түшүндүрүү жолу менен жана ыктыярдуулукка негизденип иш-аракет кылуу абзел. Бирок, бул жол кандай жыйынтык бере турганы терең анализделип, эгер тышкы таасирге туруштук берүү оң натыйжа бербеси анык болсо, мыйзам аркылуу нукка салуу зарыл.

  1. Киши аттарын кыргыз тилине туура келбеген түрлөрдө жазуунун үлгүсү

Кыргыз Республикасындагы киши аттарын жазуунун улуттук бир калыбынын болбой жатышынын дагы бир негизги себеби – бул «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы эски нормалар.

«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик каттоодо баланын аты-жөнүн жазуунун советтик үлгүсү – ТӨА / ФИО (тегаты, б.а. фамилиясы, аты, атасынын аты) үлгүсү – толук калтырылган. Бул түр – кыргыз улутундагы киши аттарын жазууга ылайык келбеген үлгү.

Себеби кыргыз эли Совет дооруна чейин дүйнөдөгү көптөгөн башка элдер сыяктуу эле аты-жөнүн чагылдырууда оболу кишинин өз ысымын, андан соң анын тегатын (фамилиясын) колдонуп келишкен.

Бирок, учурдагы «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзам документке биринчи кишинин өз атын, андан кийин тегатын жазууга уруксат бербейт.

Мыйзамдагы бул норма өзгөчө “-ов” жана “-ова”, “-ев” жана “-ева” деген орусча уңгу сөзгө уланма куранды мүчөлөрдөн (суффикстерден) баш тартып жаткан кыргыз жарандары үчүн түйшүк гана жаратпастан, кишинин аты-жөнүн атоодо адашууга да алып барууда.

Тактап айтсак, кыргыз тилинде элде калыптанган эреже боюнча Мирлан Самыйкожо, Турсунбек Акун, Тынчтыкбек Чоротегин, Руслан Акун, Садык Шернияз деп айтылса, ал эми «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга ылайык Самыйкожо Мирлан, Акун Турсунбек, Чоротегин Тынчтыкбек, Акун Руслан, Шернияз Садык деп жазылат.

Жогоруда аты аталгандар коомчулукка белгилүү инсандар. Бул адамдардын аты кайсы, тегаты кайсы элдин кулагына сиңген. Ал эми баланын жаш кезинде, өзгөчө бала бакча, мектеп окуучу кезинде же андан кийинки жашоосунда аты кайсы, тегаты кайсы билинбеген, адашуулар абдан көп. Ошондуктан биринчи кезекте биз ТӨА-ФИО моделин АТА (аты, тегаты, атасынын аты) моделине өзгөртүшүбүз керек. Бул моделди өзгөртмөйүн, кыргыз ысымдарына реформа жасоо мүмкүн эмес.

  1. Айрым диний агымдардын кыргыз киши аттарын чагылдыруудагы таасири

Кыргыз Республикасы 1991-жылы мамлекеттик көз карандысыздыкка жетишкенден кийин Совет доорунан калган, кыргыз тилине ылайык келбеген үлгү оңдоло электе кыргыз антропонимдерин эне тилде чагылдыруу салты кезектеги дагы бир тышкы таасирге дуушар болду. Ал – ислам дининин, мусулман ысымдарынын таасири.

Кыргыз элинин тарыхында исламды бекемдөө үчүн башка акимдик башкаруу чаралары менен катар мусулман ысымдарын берүү өңүтү да колдонулган. Ислам идеологиясы орто кылымдарда диний ысымдар аркылуу да тараган. Анткен менен кыргыз элине ислам дининин таасири суннийлик ханафийлик мектептин ыкмалары аркылуу жайылгандыктан, мусулман жана араб киши аттарын эне тилде чагылдыруунун өзгөчө ийкемдүү салты Карахандар каганаты доорунан бери ондогон кылымдар ичинде калыптанган болчу.

Арабча Ъабду-р-Рахман ысымынын ордуна – Абдыраман же Абдыракман, Ъабду-с-Самад ысымынын ордуна – Апсамат, Ъали ысымынын ордуна – Аалы, Ъали-Мухаммад ысымынын ордуна – Алмамбет, Ъаиша ысымынын ордуна – Айша, ж.б. кыргызча варианттар калыптанган.

Бул киши аттары кыргыз тилинде тыбыштардын айтылышына, күүсүнө, үндөшүү эрежесине ж.б. багындырылып калыптанып келген.

Тилекке каршы, соңку 20-25 жыл ичинде (болжол менен 1995-жылдардан тартып) араб тилинен кыргыз тилине багындырылган, ыңгайлаштырылган антропонимдерден баш тартуу, араб тилиндеги тыбыштар аркылуу кыргызча ысым таңуулоо агымы акырындап күч алып келет. Бул жүрүмдө кыргыз элинин улуттук кимдиги, эне тилдин эрежелери, элдик эстутум, салттык ат коюу нормалары үчүн кошумча коркунуч жаралууда.

Буга мисал катары акыркы бир канча жылдан бери жаңы төрөлгөн балдар жана кыздарга эң көп коюлган 10 аттын дээрлик бардыгы араб тилиндеги (кыргыздардын эне тилинин эрежелерине багындырылбаган) ысымдардын көбүрөөк коюлуп жатышын айта алабыз.

Албетте, араб тилинен башка дагы тилдерде киши аттары коюлуп жаткан учурлар бар. Бирок, башка тилдердин же башка маданияттын таасири астында коюлган киши аттары салыштырмалуу аз жана убактылуу көрүнүш экендигин эске алуу да маанилүү.

Ошондой болсо да, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын баш сөзүндө жазылгандай, биз, Кыргыз Республикасынын эли, өз тагдырыбызды өз алдынча чечүү укугун туу тутуп, чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп, ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, антропонимдер кыргыз улутунун улуттук кимдигин (иденттүүлүгүн) жана кыргыз тилинин эрежелерин сактоо максатында бир катар мыйзамдык тартипке салууларга барышыбыз зарыл.

Бул аргалар – мамлекеттик саясаттын кечиктирилгис чараларынан деп эсептесек болот.

Буга байланыштуу кыргыз тилине ылайык келбеген киши аттарын жазуудагы чалкештиктерди жоюп, мындан ары кыргыз улутундагы жарандарыбыздын жаңы төрөлгөн наристелерине бериле турган киши аттарынын калыбын эне тилибиздин эрежесине ылайык расмий сунуштоо алгылыктуу.

Айрым замандаштар бул реформанын айынан кээ бир шойкомдуу кишилер мыйзамсыз түрдө бир нече паспортко ээ болушу ыктымал деген тынчсызданууну айтып жүрүшөт. Арийне, ар бир кишинин өздүк документи өздүк салык номуру (ИНН) менен чектелгендиктен, анын паспорттогу маалыматы өзгөргөн учурда дагы анын өздүк номуру өмүр бою өзгөртүүсүз сакталып кала берет. Ошондуктан мындай чаташууга эч жол берилбейт.

Назарыңыздарга төмөнкүдөй СУНУШТАР жолдонууда:

«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, ТӨА / ФИО (тегаты, өз аты, атасынын аты) үлгүсүнүн ордуна – АТА / ИФО (өз аты, тегаты, атасынын аты), ӨТ/ИФ (өз аты, тегаты), деген үлгүнү киргизүү.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия акыркы 10 жылда араб-перс тилинде эң көп коюлган миң эркек баланын, миң кыздын атынын кыргызча вариантынын тизмесин – реестрин түзүшү зарыл. Тизмеге кирген мусулмандык ысымдардан кыргызчаланган вариантты гана жаңы төрөлгөн балага ыйгарууну мыйзам түрүндө сунуштоо абзел. (Албетте, Кыргызстанда байырлаган жана өз этностук теги башка болгон жарандарыбызга алардын диний ишенимине жана этностук салтына ылайык өз балдарына өз эркинче ысым ыйгарууга жол берилет).

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тилчи, тарыхчы, этнограф, ономаст илимпоз адистердин катышуусу менен кыргызча киши аттарынын кеңири тизмесин түзүп чыгышы зарыл. Мыйзамдык толуктоо / өзгөртүү кабыл алынган күндөн тарта 18 жашка толуп, жарандык паспорт ала тургандардын жана паспортунун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аны алмаштырган жарандардын (ошондой эле, ыктыярдуу кайрылган жарандардын) аты-жөнү бул жаңы тизмедеги киши аттарына ылайык кайра оңдолушу үчүн расмий мүмкүнчүлүк сунушталышы керек. Мисалы, буга чейин кыргызча текстте да Джаныбай, Омур, ж.б. түрлөрдө жазылып келген ысымдарды кыргызча текстте Жаңыбай, Өмүр, ж.б. түрдө оңдоп жазууга мыйзамдык уруксат берилет.

Кыргызча киши аттарындагы Баланча кызы, Төлөнчө уулу деген тегаттар башка тилдерде чаташуу жаратпасын үчүн алардын орусча жана латынча түрлөрүндө негизги ысым менен кошумча компоненттин ортосуна кыска сызык (дефис) жазуу сунушталат (кыргыз тилиндеги текстте бул кыска сызыктын зарылчылыгы жок: орусча – Баланча-уулу, Баланча-кызы /, латын тамгасында – Balancha-kyzy, Balancha-uulu. (Бул арга – заманбап кыргыз тилинин латын алфавитиндеги жазмасын болочокто биротоло тартипке салууга чейинки өткөөл доордук сунуш).

Кыргызча киши аттарын жазуу 1989-жылы 23-сентябрда сунушталган чакта “-тегин” компоненти кишинин өз атасынын атына гана жалгашсын деген чектөө киргизилип калган. Анын айынан кылымдар бою чакталып келген далай тегаттар унуткарылып калуу коркунучуна кабылды. Ошондуктан жаңы мыйзамдык толуктоодо жарандардын каалоосуна ылайык алардын атасынын атына (отчествого) эле эмес, тегатына (фамилиясына) дагы кыргыз тилиндеги вариантта “-тегин” сөзүн улам жазуу мүмкүнчүлүгү ыйгарылышы зарыл. Эгерде тегат кыйла узун болсо, анда “-тегин” компоненти кыска сызык аркылуу жалгашуусуна (мисалы, Кожомберди-тегин,) уруксат берилет; ал эми тегат өтө кыска (бир-эки муундан болсо, анда бул компонент кыска сызыксыз (мисалы, Аалытегин, Койчутегин) жазыла алат.

Кыргызча киши аттарын жазууда өз аты менен тегатын гана (уулу, кызы, тегин компоненттерин кошпостон) жазып чектелүүгө да уруксат берилет (мисалы, Аскар Жунус, Жийде Өмүр, ж.б.).

Учурда кыргыз улутунун кыргыз тилине ылайык адам аттарын жазуу эрежесин жаңы шарттарга ылайык жаңы тартипке салуу зарылчылыгы талашсыз.

Ошондуктан азыркы тапта кыргызча киши аттарын чагылдыруу системасы кескин реформаны талап кылат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутат Мирлан Самыйкожо жана депутаттар мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жогоруда жазылган жагдайларга көңүл бурат деп ишенем.

Марат Тагаев,
Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар