Быйылкы жылдын эсте калуучу окуясы, журналисттер арасында “Мейкин” сыйлыгынын уюштурулушу болду. Президент Садыр Жапаров журналисттерди жеңиши менен куттуктап, аларга «Мейкин» сыйлыгынын статуэткасын, ошондой эле бир миллион сомдук сертификаттарды тапшырды.
Садыр Жапаров «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө өткөрүлүп жаткан иш-чара жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттаса болорун айтты.
Төмөндө Мамлекет башчынын сөзүн айрым кыскартуулар менен жарыяладык.
“Кыргыз журналистикасынын күжүрмөндөрүнүн ысымдары эсибизде”
– Бүгүн биз кыргыз журналис-тикасы үчүн маанилүү окуянын башатында турабыз. Журналисттердин өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомдук аң-сезимдин калыптанышына жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө кошкон эбегейсиз салымын таануунун белгиси катары уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземине чогулдук.
“Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, быйыл өзгөчө бир датаны – кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгын – чыгармачыл адамдардын бир нече муунунун кылымдык эмгегинин жыйынтыгын чыгарган олуттуу окуяны белгилеп жатабыз. Чынында эле бир кылым аралыгында эбегейсиз иштер жасалган экен. Алгачкы басылмалардан, алгачкы радио берүүлөрдөн баштап, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды камтыган заманбап санарип маалымат каражаттарына чейинки татаал жолду басып өттү.
Ошол дүрбөлөң мезгилдерде бир катар мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү шартына карабай, журналистиканын пайдубалын түптөп, кышын кыноо менен эл үчүн маанилүү маалыматтарды, жаңылыктарды жазып, жарандык коомдун жаралышына салым кошкон кыргыз журналистикасынын күжүрмөндөрүнүн ысымдары эсибизде.
“Журналисттердин алдында жоопкерчилик принциптерин талап кылган татаал милдеттер турат”
– Учурда журналисттердин алдында кесипкөйлүк гана эмес, аң-сезимдүүлүк менен жоопкерчилик принциптерин да талап кылган ары жаңы, ары татаал милдеттер турат. Биз азыр санарип доордо жашап жатабыз. Ар түркүн маалыматтар өтө ыкчамдык менен жайылууда. Мындай маалыматтардын деңизине коомчулук, эл-журт, айрыкча, жаш муун көмүлгөн чакта кайсынысы жалган, кайсынысы анык экенин ажыратып берүүдө сиздердин ролуңуздар бир нече эсе жогорулайт.
Маалымат таратуудагы фактыларга таянууда аң-сезимдүүлүк менен аяр мамиле кылуу, аларды кылдат текшерүү – заманбап журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги компоненттери экенин жакшы билесиздер. Антпесе, жалган маалымат жана маалымат манипуляциясы коомго олуттуу сокку уруп, мамлекетке жана бийлик институттарына болгон ишенимди кетирип, социалдык чыңалууну жаратып, он миңдеген жарандарды адаштырган курал болуп калышы толук мүмкүн. Биз элибизди, айрыкча жаштарды маалыматтарды ылгап кабыл алууга, андагы фактыларды текшерүү менен чагымчылдыкка алдырбоого үндөшүбүз керек.
Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогору болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Калктын бардык катмарына чындыкка дал келген ар тараптуу маалымат жеткирүү аркылуу гана биз коомдук консенсуска жетишип, өнүккөн өлкөнү чогуулап кура алабыз.
“Мейкин” сыйлыгы жаш журналисттерге түрткү болуп, кесипкөйлүгүн өркүндөтөт”
– Эми “Мейкин” сыйлыгы туу-ралуу учкай сөз кыла кетели. Ар бир номинацияга 1 миллион сом акча бөлүнгөн. Мындай салмактуу байге фондун кыргыз журналистикасынын келечегине: кесипкөйлүккө, акыйкаттыкка жана жоопкерчиликке инвестиция катары салуу максатын көздөп жатабыз.
Ошону менен катар “Мейкин” сыйлыгы жаш журналисттерге түрткү болуп, аларды чыгармачылык ийгиликтерге жана кесипкөйлүгүн өркүндөтүүгө шыктандырат деп терең ишенем. Мындан тышкары, медиа айдыңында сергек атаандаштык чөйрөсүн түзүп, журналисттерди өздөрүн өнүктүрүүгө жана квалификациясын жогорулатууга үндөйт деп ойлойм. Ойлогон мүдөөбүздү ишке ашырып алсак, элибиздин туура, так, калыс маалымат алуусун жана ар бир сөздүн жоопкерчилигин камсыздаган болобуз.
Бүгүнкү күндө мамлекетибиз тышкы жардамга муктаждыктан акырындап арылып, экономикалык көз карандылык доорун артка таштап, ишенимдүү жана ырааттуу түрдө өнүгүп баратат. Өлкөбүздүн келечегин аныктай турган, аймактын геосаясий картасын өзгөртө турган масштабдуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу” долбоору – экономикалык өсүп-өнүгүүгө умтулуунун жаркын мисалы. Муну менен катар биз коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, ачык-айкын, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу системасын түптөп жатабыз.
Мунун баары көптөгөн атуулдарыбыздын күндүр-түндүр талыкпаган таза мээнетинин аркасы менен келүүдө. Мына ушул аракеттерде журналисттерибиздин орду өзгөчө экенин дагы бир жолу баса белгилеп айтып коеюн. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү элдин көзү, кулагы жана үнү! Алардын айткандары менен жазгандарынын негизинде коомчулук маалымдар болуп, коомдук пикир жаралууда.
Ошондуктан сөзүмдүн акырында, учурдан пайдаланып, урматтуу айрым журналисттер, айрыкча “Азаттык радиосу” жана башка 5-6 сайттар, жалган маалыматтарды таратып коюп, тымпыйып олтуруп калбастан, этият болсоңуздар, деп сиздерден суранып кетээр элем.
“Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет”
– Коррупцияны иликтегиле, биздин кемчиликтерибизди жиликтегиле, ачыкка чыгара бергиле, биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок.
Бирок “дейт дейт” дебей, “Алмакан эжем айтып атпайбы” дебей, материалдарыңарды эң жок дегенде 90 пайыз далилдеп, анан чыгарып турсаңыздар – мага да жардам кылган болосуздар.
Коррупция, уурулуктар менен силерсиз эле аёосуз күрөш жүргүзүп жатабыз го. Көрүп жатасыңар. Эч кимди аяган жокпуз, мындан ары да аябайбыз. Коррупция менен күрөш токтобойт, 24 саат бою жүрө берет.
Сөз эркиндиги болсо – болуп келген жана боло берет.
Бир гана суранычым, сөз эркиндиги менен ушак-айыңды, жалган маалыматтарды, бирөөнүн абройуна далилсиз шек келтирүүнү, элди массалык башаламандыктарга чакырууну сөз эркиндиги менен алмаштырбаңыздар!
“Мейкин” сыйлыгынын алгачкы жеңүүчүлөрү, сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
РЕДАКЦИЯДАН: “Кыргыз Туусу” гезитинин “Мейкин” сыйлыгын албай калышына байланыштуу коомчулукта, айрыкча социалдык тармактарда түрдүү пикирлер айтылып жатат. Бул алардын жеке пикири, көз карашы. Редакциянын жалпы жамааты “Мейкин” сыйлыгын кубаттайт, анын кадыры артаарына ишенет. Ал эми сыйлык алган кесиптештерибизди астейдил көңүлдөн куттуктап, аларга албан ийгиликтерди каалайт.
Төл башы “Кыргыз Туусу” гезитинин кылым карыткан бай тарыхы бар. Бул – өтмүш, тарых, биз үчүн зор сыймык жана жоопкерчилик. “Кыргыз Туусу” – жалпы улуттук гезит, бул – учурдагы реалдуулук. Биздин гезит окуяны маалымдаган катардагы басылмадан изги окуяларды жана идеяларды жаратуучуга, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жарыгы тийчү жакшы иштердин демилгечисине, маданий, интеллектуалдык процесстердин чордонуна айланууга ниети бекем, ишеними терең. Бул – максат, келечек.
«Мейкин» – 2024 сыйлыгынын лауреаттары:
Айсулуу Асанбекова, УТРКнын кабарчысы – «Бир эл – бир түндүк» номинациясы; Аскар Маратов, ЭлТРдин оператору – «Керемет Кыргызстан» номинациясы; Мария Индина, «Акчабар» финансы порталынын башкы редактору – «Салык өнүгүүгө салым» номинациясы; Алимжан Алибеков, «Кут Билим» басылмасынын редактору – «Билим келечек» номинациясы; Гүлбарчын Молдоева, УТРКнын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы – «Куттуу элет» номинациясы; Аида Аматбекова, «МИР» МТРКнын кабарчысы – «Мекен жана мен» номинациясы; Дооронбек Адаханов, YouTube-блогер – «Мекендештер» номинациясы; Рахат Кыдыртоктоева, ЭлТРдин алып баруучусу – “Кыргызстанда чыгарылган” номинациясы; Елена Череменина, «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинин жана радиосунун жетекчиси – «Сергек жашоо» номинациясы; Улан Эшматов, эркин журналист – «Таза Мекен» номинациясы.
(Белгилей кетсек, Улан Эшматов “Кыргыз Туусуна” жарыяланган макаласы үчүн ушул сыйлыкка татыктуу болуп отурат.)
Темирбек Алымбеков, «Кыргыз Туусу»