Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Бишкекте III Элдик курултай өтүп жатат

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда III Элдик курултай өтүп жатат.

 Бул жолу курултайга 698 делегат келди. Анын ичинен 640ы өлкө аймактарынан, 30 киши этностук өкүлчүлүктөрдөн, дагы 30 делегат чет өлкөдөгү мекендештер. Алар Орусия, АКШ, Канада, Түркия, Германия, Түштүк Корея, Казакстан, Чехия, Италия, Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү.

Элдик курултайга Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинини Төрагасы жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана Президенттин облустардагы ыйгарым өкүлдөрү катышууда.

Курултайда өткөн жылы делегаттар тарабынан айтылган маселелердин аткарылышы тууралуу отчеттук маалыматтар угулат жана делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн бийликке жеткирет. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшөт.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн. “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар