Өзбекстан 2025-жылы 43 млрд. доллар инвестиция тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 2024-жылга инвестициялык иш-чаралардын жыйынтыгы жана 2025-жылга милдеттерге арналган жыйында айтты, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Бул 300дөн ашык ири долбоорлорду ишке ашырууга жана импорттук аналогдор менен атаандаша ала турган продукциянын 662 жаңы түрүн чыгарууга мүмкүндүк берет.
Шавкат Мирзиёев чет элдик инвесторлор менен максаттуу иш алып баруу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү жана бардык келишимдердин сапаттуу аткарылышын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Учурда өлкө боюнча 1 890 долбоор боюнча иштер жүрүп жаткандыгына көңүл бурулду.
«Экспорттук логистикалык чынжырлардын татаалдашуусу жана негизги рыноктордо продукцияга суроо-талаптын төмөндөшү менен коштолгон оор эл аралык кырдаалда экономикалык өсүштү тездетүү үчүн ички ресурстарды активдештирүү зарыл», — деп белгиледи ал.
Стратегиялык милдеттердин арасында 2030-жылга чейин экспорттун көлөмүн эки эсеге көбөйтүп, аны 45 млрд долларга жеткирүү максаты коюлду.
Эскерте кетсек, 2017-жылдан бери Өзбекстандын экономикасына 188 млрд. доллар инвестиция тартылган болсо, анын 87 млрд. доллары чет элдик инвестиция болгон. Бул ИДПдагы инвестициянын үлүшүнүн 30%дан ашык көбөйүшүнө шарт түздү.