whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарТоң районуна этнокомплекс куруу пландалууда

Тоң районуна этнокомплекс куруу пландалууда

Тоң районуна этнокомплекс куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, этнографиялык жана маданий мурастарды сактоо, ошондой эле туристтик потенциалды жогорулатуу максатында курулуучу этнокомплекстин эскиздик долбоору Тоң районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистери тарабынан даярдалды.

Долбоорду ишке ашыруу менен райондун маданий байлыгын жана тарыхый мурасын сактап, жергиликтүү туризмди өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүк ачылат.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында райондун ички инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы туристтик маршруттарды иштеп чыгуу жана айылдарга социалдык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүү сыяктуу маанилүү багыттарга көңүл бурулат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар