Чолпон-Ата шаарынын борборундагы Аскер комиссариатынын аймагында жайгашкан 60 млн. сомдук кыймылсыз мүлк объектиси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 2001-жылы Чолпон-Ата шаардык бириккен аскер комиссариатынын мурдагы аскер комиссары С.Э.Т. Чолпон-Ата шаарынын башкы архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б.А.нын жардамында жубайы С.А.М. аттуу жарандын наамына жерди мыйзамсыз менчиктештирип, андан ары үчүнчү жактарга сатып жиберген.
Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкү фактылар аныкталды:
2001-жылдын 17-апрелинде «Уюмдарда жана ишканаларда иштеген жарандарга жеке курулуш үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү» жөнүндө Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын № 94-Р буйругу менен С.А.М. аттуу жаранга 800 м2 (8 сотых) жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Андан ары, С.А.М. «Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын 2005-жылдын 1-февралындагы №28 «Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө» токтомунун негизинде Чолпон-Ата шаарындагы Советская №30/1 көчөсүндөгү жер тилкесине Мамлекеттик Акт алган жана бул укук кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында 2005-жылдын 17-июнунда №11783 (2-03-05-0018-0992- идентификациялык коду менен) катталган.
Натыйжада С.А.М. аттуу жаран 2007-жылдын 17-октябрында КР жараны П.А.А. менен алдын ала келишим түзүп, курулуп бүтө элек объектилери менен аталган жер участогун 80 миң АКШ долларына саткан. Ал эми П.А.А. «Тет-а-Тет» кафесин курган.
Андан соң П.A.A. 2022-жылдын 16-сентябрында «Тет-а-Тет» кафесин Кыргызстандын жараны Х.В.В.га сатып жиберген.
Тергөө жана комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Чолпон-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери Акт түзүшкөн, мында 2001-жылдагы 17-ноябрдагы №4 жер комиссиясынын отурумунун протоколу архивде жок, ал эми 94-Р Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын 2001-жылдагы 17-ноябрданы эки түрдүү буйругу бир эле санда бар, бул көрсөтүлгөн документтин жараксыздыгын тастыктайт.
Азыркы учурда Х.В.В. аттуу жаран базар баасы 60 млн. сомдук аталган объектти мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарып берди.