Понедельник, 6 января, 2025
0.1 C
Бишкек

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 3 обьект ачылды

«Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 3 жаңы обьектиси ачылды.

Маалыматка ылайык, аталган обьектилерди ишке киргизүүгө Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев старт берди.

Жаңы объектилерди ишке киргизүү менен энергетика тармагын жакшыртууга жана иштин алдыга карай жылышына шарт түзүлөт.

Жалал-Абад ЭТИнин ишке кирген жаңы обьектилери:

1. Аксы районунун Үч- Коргон айыл аймагында жайгашкан Таш-Көмүр райондук электр тармактарынын Кызыл-Жар бөлүмүнүн жаңы имараты. Мында энергетиктердин жумуш алып баруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эски имарат бир кабаттан туруп, болжол менен 1980-жылдары курулган. Улам оңдоп- түзөөнү талап кылган имарат акыркы жылдары жараксыз абалга келип, санитардык нормаларга жооп бербей калган. Имараттын курулушун «Ширин -Групп» жоопкерчилиги чектелген коому аткарып, 4 млн 60 миң сом сарпталды.

Үч- Коргон айыл аймагынында 30 миң керектөөчү бар. Аларды ыңгайлуу тейлөө жагы жолго коюлган.

2. Ал эми Сузак районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан Сузак райондук электр тармактарынын Кызыл-Туу бөлүмүнүн имараты жаңыдан курулду. Анткени, Кызыл-Туу УЭТинин сатуу бөлүмүнүн кызматкерлери ижарага алынган имаратта ишмердүүлүгүн жүргүзүү кыйынга турса, техникалык кызматкерлер да иштөө шарты жана санитардык нормалары жок имаратта жумушун токтотпой аткарып келишкен. Мындан улам жаңы имарат куруу муктаждыгы келип чыккан. Учурда бардык шарты каралган имарат бир кабаттан, 8 бөлмөдөн турат. Мындай мүмкүнчүлүк энергетиктерге да, керектөөчүлөргө да ыңгайлуулукту жаратат. Имаратты курууга 4млн 50 миң сом сарпталды жана куруу жумуштарын «Ширин-Групп» ЖЧК аткарды.

Кызыл-Туу бөлүмү Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 10 айылын электр энергиясы менен камсыздайт.

3. Ошондой эле Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылына 35/10 кВ «С.Дүйшеев» көмөк чордону жаңы курулду. Анын курулуш муктаждыгы 110/10 кВ «Мырзажан» жана 35/10 кВ «Благовещенка» көмөк чордонунун трансформаторлорунун жүгүн жеңилдетүү максатын көздөйт. Сузак районунун акыркы айылдарына чейинки аба чубалгынын узундугу 20 чакырымды түзгөндүктөн электр энергиясынын кубаттуулугу жетпей келген. Эми жаңы курулган 35/10 кВ «С.Дүйшеев» көмөк чордону аймактагы 5 айылдын калкын сапаттуу электр энергия менен камсыздайт. 35/10 кВ «Дуйшеев» көмөк чордонунда кубаттуулугу 2,5 МВА күч трансформаторун орнотуу менен куруу, акчалай түрүндө 8,4 млн сомду түздү. Курулушту Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жасашты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кесиптештерин жаңы обьектилеринин ишке кириши менен куттуктап, күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн иштерине ийгилик каалады.

Эске салсак, бул объектилер «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен курулду.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар