Өлкөбүздө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр, өчүп бараткан үмүттүн билигин жандырып, келечекке ишенимдүү кадам ташталганын ачык көрсөтөт. Айрыкча, бир жыл ичинде эле жүзгө жакын жаңы мектептин курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилиши, келечек муун үчүн кам көрүлүп жаткандыгын айгинелейт.
Бүткүл муктаждыкты толук канааттандырып жибербесе да, мугалимдердин
маянасы эки эселеп жогорулап жатышы жакшы көрүнүш. Эми ошол түзүлүп жаткан шартка, көрүлгөн камкордукка жараша билим берүүнүн сапаты да жакшырса деген тилекти айткыбыз келет.
Кийинки жылдарда окуучулардын билим сапатынын төмөндөп кеткендиги жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынан ачык көрүнөт. Босого баллга жетпей калган окуучулардын саны өтө эле көп. Демек бул көрүнүш көпчүлүк балдарыбыздын “3” деген баага да окушпай тургандыгын көрсөтөт.
Ошондой эле, мугалимдин аброю түшүп, окуучулар мугалимди сыйлабай калышты деген сөздөр тыйылбай келет. Мунун тегерегинде айтылган пикирлер кандайдыр бир деңгээлде туура сыяктуу көрүнгөнү менен, иштин чыныгы абалына себеп боло албастыгы жөнүндө сөз кылалы.
Мугалимдин коомчулуктун жана окуучулардын арасында кадыр баркынын жогору болушу, баарыдан мурда, алардын өз кесиптери боюнча билим деңгээлдерине, андан соң алардын жеке жүрүш-турушуна байланыштуу болушу талашсыз чындык.
“Мугалим” деген ыйык кесиптин ээси болуу жеңил желпи иш эмес. Мугалимдик кесипти чын жүрөгүнөн сүйгөн, ал эми балдар болсо аны өз ата-энесиндей сүйгөн адам гана чыныгы мугалим болуп, эл арасында кадыр баркы жогору болот.
Тилекке каршы бүгүнкү күндө мектеп мугалимдеринин өздүк теориялык билимдери жогорку деңгээлде экендигине ким кепилдик бере алат? Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып борбор шаарда гана эмес райондун борборуна чейин ачылган окуу жайлардан сырттан жана аралыктан окушкандардын билимдери талаптагыдай деп ким айта алат? Атүгүл, күндүзгү бөлүмдөрдө окугандар деле өз кесиби менен иштебей, айлык көбөйгөндө кайра келгенин өздөрү эле айтып жүрүшөт.
Эсимде, кайсы бир жылы башка бир мектептен келген окуучунун өздүк делосунда жазылган мүнөздөмөсүндөгү каталарды көрүп төбө чачым тик турган эле. Сураштырып көрсөм, аны жазган мугалим региондордун бириндеги мамлекеттик деп аталган университеттен билим алган экен. Дагы эки ооз орусча сүйлөй албагандар “орус тил мугалими” деген дипломду көтөрүп жүрүшкөндөрүн көргөндө төбөңдөгү асманын түшүп кеткендей эле болот.
Дипломдуу жаштардын адистери жөнөкөй эле суроолорго жооп бере албай кызарып турган учурлары көп кездешет десем, аша чапкандык деле болбойт. Анткени жогорку окуу жайларында окуп жатышкан студенттердин арасында “эптеп диплом алсам болду, мугалим болуп иштебейм” дегендердин көпчүлүгү көр турмуштун айынан, тааныш-билиш аркылуу мектепте иштеп жүрүшкөндүктөрүн (айрыкча айылдарда) баарыбыз эле көрүп билип жүргөнүбүз менен эч кимибиз ачык айткыбыз келбейт.
Демек, мугалимдик кесипти сүйбөгөн, болгону диплом үчүн окуган агай-эжейлерди окуучулардын билими эмес, ала турган маянанын өлчөмү кызыктырат. Элестүү айтканда төрт жыл бою тоо аралап кой баккан же базарда отургандар бешинчи жылы “баланча” предметтин мугалими деген дипломго ээ болушуп, мугалим болуп иштеп жүргөндөр четтен табылат.
Ошентип, өлкөбүздөгү элүүдөн ашык университеттин бүтүрүүчүлөрү мугалим деген дипломду байма-бай алып жатышат. А бирок алардын кандай билимге ээ болгондугу эч кимди деле кызыктырбайт.
Ток этери, билими тайкы мугалимден, билими тайкы окуучу чыгат. Жогоруда биз айтып өткөндөй дипломду ар кандай жолдор менен алышкандар талапка жараша сабак бере албай өзүн да, окуучуларды да кыйноого салып жүргөндөр коомчулукка эбактан эле дайын.
Интернет аркылуу түрдүү маалыматтарга ээ болгон окуучулардын ой-жүгүртүүлөрү чала сабат мугалимдерге караганда алда канча күчтүү. Алардын суроолоруна оңдуу жооп бере алышпагандар четтен табылат. Мына ушундай окутуучулар кадыр баркка ээ боло албастыгын ким болбосун билип турат. Демек мугалимдердин аброюнун түшүшүнө, биринчиден, өздөрү себепкер экендигин түшүнө билгендер жок болуп, күнөөнү өзүнөн издебей, өзгөдөн издеген адаттардан арылбай келебиз.
Ошондуктан мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордукка жараша иш жүргүзүү үчүн билим берүү министрлигине төмөндөгүдөй сунуштарды айткым келет.
Биринчи: Кадр саясатын түп тамырынан бери өзгөртүү менен диплому бар деп эле жумушка ала бербей, билимин тастыктаган атайын тесттен өткөрүү. Мунун ичинде учурда эмгектенип жатышкан мугалимдердин бардыгын аттестациядан өткөрүп, билимдүүлөрүн гана тандап алуу мезгил талабы. Бирок, буга чейин боло жүргөндөй, аттестациялоону өткөрүүнү мектептерге, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө милдеттендирүү туура эмес болот. Анткени, карга карганын көзүн чокубайт дегендей, чогуу иштегендер эч качан бири-бирин кыйып кете алышпайт, бармак басты, көз кысты болот да калат.
Ошондуктан министрлик тарабынан кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган, сатпаган жана сатып кетпеген өз көмөчүнө күл тартпаган, калыс инсандардан көз карандысыз аттес-тациялык комиссия түзүлүп, мына ошолор гана аттестациялоону өткөрүшсө талапка ылайык болоор эле.
Экинчи: Окуучулардын билим сапатынын төмөн болушунун дагы бир себеби, типтүү мектептерде ар бир класста 50-60 окуучунун окуп жатышкандыктары болуп эсептелинет. 45 мүнөттүн ичинде ар бир окуучуга көңүл бурууга мүмкүн эмес. Мүмкүнчүлүккө жараша ушул жагдай эске алынышы керек. Анткени 20га чейинки санда окуп жатышкан менчик мектептердин көрсөткүчтөрү алда канча жогору экендигин баарыбыз көрүп турабыз.
Үчүнчү: Окуучулар менен катар эле, мугалимдерге да атайын мектеп формасынын киргизилиши, кийим боюнча мектептердеги абалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк түзө тургандыгы анык.
Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздүн келечегин өз колуна ала турган инсандарды тарбиялоо – аруу дүйнөсү таза, кудурети күчтүү, билимдүү мугалимдердин гана колунан келе тургандыгы далилдөөсүз чындык.
Ишенбек АЛТЫМЫШОВ,
журналист, Нарын району