Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында – бар тапканын майданга жөнөткөн, ооруктагы элдин турмушу өтө оор эле. Ошого карабастан эне-атадан ажыраган 150 балага энелик мээримин төгүп, аман-эсен чоңойткон Токтогон Алтыбасарова апа – кыргыз эненин бардык касиетин камтыган улуу үлгү болуп саналат. Апанын эмгеги, өмүр таржымалы, энелик мээрими улуттук сыймыгыбыз, мактанычыбыз десек аша чаппайбыз. Ленинград блокададан толук бошотулганына 80 жыл толгон бүгүнкү күндөрдө, Токтогон Алтыбасарова апа тууралу сөз кылуу менен, дагы да болсо бул адамды улуттук масштабда жеткиликтүү баалай албай жатабызбы деген ойду айткыбыз келет. Ошол эле учурда Россия, Израиль өңдүү мамлекеттер көңүл буруп жатканын белгилей кетели.
Араң жан балдар, армандуу балалык
Улуу Ата Мекендик согушта дээрлик 900 күнгө созулган Ленинград блокадасы бүгүнкү күндө адамдын үрөйүн учурган, каргашалуу күндөр эле. Ошол каат жылдары Ленинграддан эвакуацияланган моюндары узун, баштары чоң, сөөктөрү аркайып, араң жан болгон 150 бала Ысык-Көлгө алынып келинет. Мекенинен кыш мезгилинде чыккан балдар узак сапар тартып, темир жол менен мал салган вагондордо, анан баржага түшүп, акырында араба менен 1942-жылы 27-августта гана Кыргызстандын Ысык-Көлүнө жетишет. Түп районунун Күрмөнтү айылына келген ач, жылаңач балдардын эң кичүүсү эки жарым, үч жашта болсо, улуусу 12-13 жашта болчу.
Өз алдынча баса албаган, алсыз, кусага баткан балдарды өлтүрбөй тирүү алып калууга батынуу да оор эле. Бирок, бул ишке ошол кезде өзү балалыгы менен коштошо элек, айылдык кеңештин катчысы болуп иштеген 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова бел байлап, алардын милдетин алат. Алгач суу берип, акырындап тамактанган бөбөктөр бири да өлбөй, аман-эсен чоңоюшат. Эр киши жок, баары согушка кеткен айылда билимдүү болгон үчүн колхоздун иш кагаздарынын түйшүгүнө кошуп балдардын азабын мойнуна алган чыйрак кыз уйкудан калып, торолткон дешет. Алгачкы күндөрдү Токтогон апанын эскергени бар: “Айылда балдардын кебетесин көрүп эстен тангандар да болду. Себеби, нарис-телер териси сөөгүнө жабышкан арык, баштары чоң, көздөрү гана көрүнгөн жандар эле. Алардын «мамалап» ыйлаганын угуп, зээнибиз кейип, сыртка чыгып көз жаш төгүп, ичке кирип эч нерсе билгизбей камкордукка алып жаттык”.
Түйшүк
Каардуу согуш аяктагандан кийин Токтогон апа балдардын ата-энелерин издөө менен алек болгон. Россияга кат жөнөткөн. Аларды 1942-жылдан 1952-жылга чейин он жыл багып, тарбиялаган. Бир үй-бүлөдөй жашаган балдардын кай биринин ата-энеси табылса, кээсиники табылган эмес. Себеби, бир жарым жаштан 12 жашка чейинки балдардын кенжелери ата-энесинин аты-жөнүн айтмак түгүл, жалаяктан жаңы чыккан болчу. Кичинелердин колуна байланган чүпүрөктөгү жазуулар Ленинграддан бери келгенче өчүп калгандыктан, Токтогон апа кээсине өзү фамилия да, ат да, туулган айын да ойлоп тапкан. Бир катары Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө бөлүштүрүлгөн.
Алар кетип жатканда, экинчи жолу «мамалап» ыйлап, Токтогон апанын жүрөгүн оорутуп, жүлүнүн сыздатканын апа эскерип айтканы бар. Туугандары табылып, Россияга кеткендер мекенине баргандан кийин да байланышты үзбөй, кабарлашып турган. Орус балдары кыргыз даамын сагынганда, “кыргыз эне” «посылкаларды» жөнөтүп турган. Айтор, өзүнүн 8 баласына кандай сүйүү берсе, 150 балага да ошондой мээримин арнай алган жүрөгү зор айым болгон.
Токтогон апанын уулу Марат Абдиев мындай деп эскерет: “Ошол оор жылдары айыл-дагылар бири айран, бири сүт, нан алып келип, балдарды аман сактап калган экен. Эсимде, алар мекенине кеткенден кийин Россияга “посылка” көп салчубуз, өзгөчө күзүндө ящиктерге алма, алмурут салып, почтага жөнөчү элек. Талкан, курут салган күндөр да болду. Апам ушунчалык энергияны кайдан алчу деп таң калам. Балким, жашоого, адамга болгон сүйүүдөн алгандыр. Өзү айтып калгандай, балким колдоочусу болгондур”.
«Мама Тоня»
1978-жылы ошол ленинграддык балдар экинчи мекени болуп калган Кыргызстанга кайтып келишип, кичинесинде багып, чоңойткон «мама Тоня» менен жолугушуп, атайын иш-чарага катышышкан жана «Я жить хочу» деген документалдуу кино тартылып баштаган. Бир жылдан кийин 1979-жылы Россия Федерациясынын бийлик өкүлдөрү апабызды чакырып, анда Ленинград блокадасынын бошотулганынын 35 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп, башталган документалдуу тасма ошол жактан жыйынтыкталган. Өмүрлүк жолдошу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Муса Абдиев менен Ленинградда сыйлуу мейман да болуп кайтышкан. Токтогон Алтыбасарованын ысымы Ак-Булак айылдык китепканага, маданият үйүнө ыйгарылган.
Башкалар барктап…
Соңку жылдардагы согуштук окуялар аткарылышын кечеңдетип койгону болбосо, Санкт-Петербургда апага арналган энчилүү эстелик ачуу маселеси каралып, орду да белгиленген эле. Кечөө жакында Токтогон Алтыбасарованын
скульптурасын “Ленинградды коргоо жана курчоого алуу” мамлекеттик мемориалдык музейине салтанаттуу тапшыруу аземи болду.
Ал эми Санкт-Петербург шаарынын бешинчи чакырылышынын депутаты, “Левый Берег” газетасынын редактору Ирина Комолова “Россия федерациясынын баатыры” наамын берүү маселесин көтөрүп келүүдө.
Өткөн жылы июнь айында Израилде кыргыз элине ыраа-зычылык билдирген эстелик коюлуп, Токтогон Алтыбасарова эскерилди. Анда экинчи дүйнөлүк согушта Кыргызстанга жөнөтүлгөн балдардын арасында еврей балдар да болгону айтылат.
Дагы бир жакшы кабар, “Мосфильм” ушул жылы апа тууралуу көркөм тасма тартабыз деп жатышат. Ондогон сценарийлердин арасынан сынакта утуп чыккан бул долбоор кыргыз элинин, анын ичинде кыргыз кызынын улуулугун даңазалап турмакчы. Кыскасы, кыргыз кызы өз учурунда ар ким көтөрө алгыс чоң ишти аткарып, Россия сыяктуу зор элди таң калтырып, суктандырып, таазим эттирип турат!
Ар бир муундун өз тарыхы бар. Аны кийинки муун билиши кажет. Токтогон Алтыбасарованын мамлекетибизге өтөгөн зор эмгегин эске алып, Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик жогорку сыйлыктары берилсе, тарых сабагында окутулса дейбиз. Анын өрнөктүү өмүрү, энелик касиети буга татыктуу. Ал кыргыз эненин нукура символу болуп саналат. Анын уулу Марат Абдиев менен бирге Токтогон Алтыбасарова апабыздын өмүр баянын толуктай турган архивдик материалдарды таптык. Айтор, айтчу сөз дагы алдыда. Бир сөз менен ал – көлөмдүү китептин, көркөм тасманын даяр
каарманы, жалпы баарыбыздын
сыймыгыбыз.
Айылдаштары эскерет
Токтогон апа өзү 1925-жылы көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн экен. Айылдагы билимдүү адам болгондуктан, 16 жашында Күрмөнтү айылдык кеңешинин катчысы, төрагасы болуп эмгектенип, фронт учурунда көптөгөн иш кагаздар анын колунан өткөн. Айылда 44 жыл тынбай эмгектенип, 23 жолу айылдык, райондук кеңештерге депутат болуп шайланган. Элдик соттун элдик өкүлү болуп да иштеген.
Ал бир катар сыйлыктарга татыган.«Социалисттик эмгектин жеңүүчүсү», «Эмгектеги каармандыгы үчүн» орден-медалдары менен сыйланган. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин юбилейлик медалдары, «Эне Даңкы» орденинин биринчи, экинчи, үчүнчү даражасы, СССР Жогорку Советинин «Эмгек ардагери» медалы, Сталиндин «Мактоо баракчасы» жана башка сыйлыктарга татыган.
Токтогон апа 2015-жылы 9-июнда 90 жашында, абышкасы каза болгондон эки жылдан кийин жарык дүйнө менен кош айтышат. Ал мыйзамдарды жакшы билген, кагаздарга так, сөзмөр, эл тарыхын, элдик санжыраны жакшы билген адам болгон. Андыктан, айылдаштары аны «Тирүү энциклопедия» деп коюшчу. Ал 150 баласынын аты-жөнүн, туулган жылын да жатка айта алган.
Апа өтө боорукер, колунан келген жардамды эч кимден аябаган, сөз байлыгы кенен, эч нерседен тайманбаган, түз жүргөн, чындыкты бетке айткан, мүнөзү курч адам болгон.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
“Кыргыз Туусу”