Пятница, 10 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: “Кыргыз өзүн жоготуп койбосо экен деп чочулайм”

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ менен кабарчыбыз коомдогу руханий көйгөйлөр жөнүндө маектешти.

– Сүйүнбек Сапарбекович, Улуттук нарк боюнча жарлык кабыл алынганына эки жыл болду. Ага кол коюлгандан кийин мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилген эле. Бул боюнча аракетиңизди көрүп жатабыз. Сиздин баамыңызда, жарлыктын аткарылышы жалпысынан кандай жүрүп жатат?

– Президент Садыр Жапаров бийликке келгенде, инаугурациядан кийин 15 мыйзамга кол койду. Ошонун сегизинде улуттук идеология, улуттук аң сезим, кайра жаралуу, улуттук иденттүүлүк тууралуу маселелер көтөрүлдү. Маселен, биринчи жарлык руханий адеп-ахлактыкты өнүктүрүү жана дене тарбиясы боюнча, экинчиси “Манас” үчилтиги, аны жайылтуу, үчүнчүсү кыргыз жараны, анын милдети жана укугу тууралуу, төртүнчүсү кыргыз кино тармагын өнүктүрүү, анын негизги өзөгүндө улуттук нарк-насилдин даңазаланышы милдеттендирилди. Айтор, ушул сыяктуу маселелер биринин аркасынан бири көтөрүлүп жатат.

Нарк жарлыгы чыккандан кийин аны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алынды. Ошентип, Президент бул жаатта бир топ ишти оортопондоп койду. Жарлык боюнча эмнелер жасалды? Президенттик администрация «Куттуу эл» улуттук форумду быйыл үчүнчү жолу бүт облустарда өткөрүп, элге салтыбызды, наркыбызды, улуттук баалуулуктарды, буга чейин биз кандай эл, кандай өлкө болгонбуз, эмнебиз менен сыймыктана алабыз деген суроолорго жооп табуунун аракетин көрдү. Мамлекеттик кандай иш-чара болбосун, баарын тең иштөө аянтчасына айланттык. Мен дагы чоң иш-чараларда, ал эле эмес кайсы бир инсандын юбилейлик мааракелери болсо дагы, баарында улуттук наркыбызды даңазалап келем. Жеке өзүм 1917-жылга чейин кыргыздарды эмне бириктирип келген, ошонун тегерегинде иш алып барууну көздөп, негизги багытым катары нарк-туулукту, салттуулукту жандандырып, элге жеткирүү вазыйпасын колго алдым. Аны кантип жеткиришим керек эле? “Бактылуу бол” деп, этегимди кагып туруп кетемби? Ошондон баштап менин нарк куржунум ачылды. Кыргыздар “бакыт” деген түшүнүктү кантип пайдаланышкан, кантип элге жеткиришкен, “ынтымак” деген эмне, “сүйүү”, “байлык” деген эмне, “Мекенге болгон мамиле” деген сыяктуу маселелерди наркыбызга ылайыктап айтып келем. Маселен менин куржунумда, “Чач”, “Баам”, “Үч аркар”, “Топулуу торгой” деген сыяктуу окуялар бар. Элибиз ошондой кичинекей окуя-лардан баштап алп “Манас” эпосуна чейин айтып олтуруп, атадан балага жеткирип, кылым карытып биригип келишкен. “Манас” кыргыз элинин өнүгүүсүндөгү өзөк болгон экен. Андан биз салык, бажы, конуш бөлүштүрүү, башка өлкөлөр менен мамиле саясатын, жер, экология жана башка толуп жаткан маселелерди көрөбүз. Анда ошонун бардыгы тең ак кагазга кара тамга менен басылгандай бажы-райып турат. Айрыкча, Семетейдин Таласка келаткандагы окуясында кыргыз эли тууралуу маалымат аябай узун жомок, баян болуп, Каныкей апабыз тарабынан айтылат. Андан кийин кан Бакай баяндайт. Андагы эл-жердин сүрөттөлүшү эмне деген керемет! Ушундай төрт мезгили – жайы, кышы, жазы, күзү бар, жаңгагы түшүп дөң болгон, алмасы түшүп көң болгон жериң бар деп айтылат. Жайлоо такырайып кете электе, көк кезинде көчүп, журтун тазалап кеткен сапатын сүрөттөйт.

Кыргыздын “Төшөккө карап бутуңду сун”, “Суу ичкен кудукка түкүрбө”, “Бузулган элге бучуктан молдо” деген сыяктуу макал-ылакаптары конституциянын беренелериндей болуп турат. Улуу нарк-насил менен хандарды кантип шайлаган, балдарга кантип бата берген, аталарбыз кандай сүйлөшкөн – ушунун баарын тең куйма кулак кылып санжыралап айтуу, жети ата сүрүштүрүү ыкмасы менен ушул күнгө чейин алып келген, элди бириктирген. Кыргызды “жөн сүйлөбөй ырдап сүйлөгөн эл” деп Гумелёв, Абрамзон сыяктуу изилдөөчүлөр бекеринен айткан эмес. Мен: «Келинге шылтап керегеге кеп баштап, уулга шылтап уукка кеп-сөз таштап, түндүгү бийик, түшкөн нуру ыйык, ат үстүндө төрөлүп, көч үстүндө өлүп, аркасынан бычак сайса, алдынан кучак жайып тосуп чыккан кеменгер эл экенбиз”, – деп айтып келе жатам. Биздин акелер, бабаларыбыз айтып келген нарк-насил кеп жомок сыяктанганы менен, кыргыздын турмушун так, даана чагылдырып берген, адамды боорукерликке, айкөлдүккө, табиятты сүйүүгө, аруулукка, адепке, кеменгерликке жана башкага тарбиялаган зор дүйнө. Кыргыз китеп жазбаса да, тарыхын санжыра, баян кылып айтып, муундан муунга улуу мурас кылып сактап берген. Биз Манасты көргөн жокпуз. Бирок, ал кыргыздын оюндагы өзөк сыяктанган ыйык түшүнүк. Манас, анын тукуму Семетей, Сейтек деп айтылып, нарк уланып келген. Нарктан адат, салт, каада, абийир, уят, намыс, ар, толуп жаткан адамды улут катары бириктирген түшүнүктөр чыгып, акелерибиз, төрөлөрүбүз, даткаларыбыз мисал катары айтылып калган. Кытайдагыдай же башка элдегидей жазуу маданиятыбыз болбосо да, айтуу маданияты, эс тутум күчтүү болуп, тарыхый булак катары айтылып калган. Манасты эч ким жазган эмес да, жазылган эмес деп эми аны жокко чыгарабызбы?

– Арабызда терең маалыматы, анализи жок катмар радикалдуу ойлорду ортого таштап, Ислам динибизди да нарк-насилибизге каршы коюп келүүдө. Бул чоң маселеге айланып бара жатат. Президенттин нарк боюнча жарлыгында көп тармактар менен катар диний башкармалыкка да түшүнбөстүктөрдү жоюу боюнча атайын тапшырма берилген эле…

– Конституцияга ылайык дин мамлекеттик саясаттан сырткары болгондуктан, бул ишке түздөн-түз кирише албайбыз. Ошентсе да, Дин мамлекеттик комиссиясы, муфтият, тиешелүү органдардын башкармалыктары бул боюнча иш алып барышы шарт. Себеби, калкыбыздын биримдиги бузулуп, пикир келишпестиктер күчөп кетпеши керек. Көп улуттуу мамлекетибизде ынтымак, ырашкерлик өкүм сүрүп турушу зарыл.

Негизи, дин жаатын тейлеген мыйзамдар, токтомдор дагы кабыл алынды. Акыркы 30 жылда элдин калың катмарына жалган салттар, баалуулуктар, адаттар кирип кеткен. Бирок, буга чейин салттуу динибиз наркыбыз менен эриш-аркак жашап, экөө бир-бирине каршы келген эмес. Элдин кадыр-баркын, адатын сактап, ошол эле учурда Жараткандын буйругун бирдей кабыл алууга чакырган. Ислам дүйнөсү көп тилдүүлүк, көп маданият менен жайылган. Андыктан, бул ишти тейлей турган чоң комитет жакшылап иш жүргүзөт деп ойлойм.

Көп учурда интернет айдыңында мага: «Көйнөк-дамбалчандар көбөйүп кетти, эмне карабайсыңар?” деген дооматтар да айтылат. Мамлекеттик катчы өкмөттүн мүчөсү эмес, аппараты да жок. Эки кызматкери гана бар. Анын үстүнө, кийлигишүүгө кымындай да укугу жок. Мамлекеттик катчынын иши – Президенттин тапшырмасы боюнча эл ынтымагын бекемдөө, коомдук маданий жана руханий иштердин жүрүшү боюнча идеяларды берүү жана башка. Бул боюнча жыйындарда, интернет айдыңында ар түрдүү ойлорду ортого салып, сунуштап келе жатам.

– Эл ичинде сизди конкреттүү кандай иштерди жасады деп кызыккандар да бар.

– Учурда министрликтерге берилген тапшырмалар аткарылып, жол карталар иштелип чыгып, анын негизинде бир топ иш жүрүп жатат, бир нечелеген долбоорлор ишке ашып, бир катар тармактарда өзгөрүүлөр болууда. Ошол иштердин бир далайында биздин сунуштар бар. Сүйлөгөн сөздөрүм протокол болуп, тапшырма катары кабылданып жана Улуттук нарк программасына ылайыкталып нарк кербендери уюшулуп, жер-жерлерде “Манас” айтуу, нарк сааттарын өтүү, кыргыз оозеки чыгармачылыгын өнүктүрүү долбоору, төкмөлүктү, манасчылыкты, эски ырларды жандандыруу жана башка иштер жүрүп жатат. Алар азырынча өтө жеткиликтүү болбосо да, укуктук базасы түзүлүп калды. Мыйзамдар кабыл алынып, нарк-насилге байланышкан беренелер кирүүдө.

– Сүйүнбек Сапарбекович, учурда сизди кубантып, шыктандырган нерселер кайсыл?

– Сүйүндүргөнү – азыр элибиз өткөнүнө кылчайып, “нарк” деген сөздү оозуна алып, кыргыздын байыркы түшүнүгү кулакка кирип калды. Нарк тууралуу сабактар өтүлүп, кичинекей балдарыбыз ал жөнүндө маалымат алып жатканы кубандырууда. Мен айткан окуялардын негизинде да сценкалар коюлганын көрүп толкундандым. Элибиз “Манасыбызга”, оозеки адабиятыбызга, санжырага, салт-санаага аз да болсо бурулуп калды.

Экинчиден, өлкөдө курулуш тармагы өсүп, жолдор салынып, ар бир облуста аэропорттордун курулушу бүткөнү турат. Акыркы үч жылда 315 мектеп салынды. Бюджет көтөрүлдү. Эң башкысы, эл ичинде өлкөбүздүн тарыхына жана келечегине кызыгуу болуп жатат.

– Эмнеден чочулайсыз?

– Элибиз өзүнүн улуттуулугун, нарктуулугун унутуп калбаса экен, башка элдин маданиятын сиңирбей, ата-бабалардын баскан жолун уласа дейм. Ааламдашуу деген чоң кыймылда кыргыз өзүн жоготуп койбосо деп чочулайм. Эне тилибизди унутуп калбасак экен деп корком. Мен азыр бүт убактымды ошого арнап жатам. Сүйлөгөн сөзүм, жазган ойлорумдун баары эле дал ушул маселеге арналат. Жакында эле “Элмирбек сүйкүмдүү, элди өзүнө тарткан давердес жигит эле”, – деп жазсам, көбү түшүнбөй койду. Кыргызда “давердес” деген сөз бар. Бул көрүнүктүү, кайраттуу, көзүнөн баатырлыгы байкалган дегендей түшүнүктү берет. Ушул сыяктуу эле көп жакшы сөздөрүбүздү колдонбой калдык. Бай тилибизди жакырлантып жибердик. Албетте, башка элдин тилин билели, окуйлу, изденели, билимдүү бололу, бирок, өз тилибизди унутпайлы.

– Капага батып турганда, кимди эстейсиз?

– Апамды. Багып, чоңойткон апамды эстейм (Чоң энеси). Ал эки жашта мени ата-энемден алып кетип калганда, буркурап ыйлаган экенмин. Ыйлаган сайын марлиге оролгон куйрукту эмизип, басылганда чөнтөгүнө салып койчу экен. Ошентип баккан. Бир үйдө экөөбүз эле жашайт элек. Апам сөзмөр киши болчу. Бир сөзүн эки кайталабаган, тынбай сүйлөгөн адам эле. Анан апамдын теңтуш байбичелери чогулуп келишчү. Кээде аны чакырып алып, “Баягы баяндарыңызды улантып айтып бериңиз”, – деп суранып атканын көрчүмүн. Улуу жомокту, Манас баянын, баатырдык эпосторду жатка билген киши болчу. Ар кандай учурда ошол эпостордун каармандарына салыштырып сүйлөп, аларды атай өтөөр эле.

– Бала чагыңызда эстен кетпей калган учурлардын бирин айтып бериңизчи?

– Энем экөөбүздүн күрөң уюбуз бар эле. Анан ошол жылы бир жетим улак дагы жайлоого чыкпай калып калган болчу. Бир жолу сыртта ойноп жүрсөм, улагым күрөң уйдун акырына секирип түшүп жатпайбы. Уй мүйүзү менен челип ыргытып койсо, чаар ала болуп, сөөмөйдөй ичегиси курсагынан чыгып калды. Улак бакырып жүрөт. Мен жүгүргөн тейден апама чуркап барып, болгон окуяны айттым. “Кокуй, алып кел, улакты”, – деди. Алгач тешилип калган жердин тегерегиндеги жүнүн кыркып жиберди. Шоонаны саптап, теменени ысытып кел дегенинен, билгенимдей ысытып келдим. Чыгып калган ичегини ары түртүп, аркайтып тигип койду. Улакты көп чуркатпай байлап койдук. Биринчи сентябрга чейин улагым айыгып кетти.

Экинчи класста окусам керек эле, сабакка барганда агайыбыз: “Жайкы каникулду кандай өткөрдүңөр, жазгыла”,-деп тапшырма берди. Мен ошол улагым жөнүндө баяндап келип, аягына фамилиямды жазып койдум. Агай эртеси келип, балдардын бааларын айтып, менин аты-жөнүмдү атабай өтүп кетти. Акырында менин дилбаянымды класска окуп берди да, “Ээ, айланайын балам, ушу 7-8 жашыңда калпты катыра жазып атасың. Андан дагы улагым короодо чуркап жүрөт деп айтыпсың. Жок дегенде жомок деп койбойсуңбу”, – деди. Классташтарым мени шылдыңдап “калпычы, калпычы” деп жатышат. Же күн өтпөйт.

Үйгө ызааланып келип, апама болгон окуяны айтып бердим. Апам болсо кенебей: “Ие, өлүгүңдү көрөйүндүкү, эртең улакты көтөрүп бар”, – деп, бир эле сүйлөм айтып койду. Мен таппай жаткан акыл апамдын оозунан чыгып, эртеси улакты көтөрүп мектепке бардым. Мени апам эркелетип “Суку” деп койчу эле, айылдыктар да ошого көнгөн. Классташтар чогулуп, агай класска киргенде, улакты чалкасынан салып, тигилип, саргая карттанып калган жерин көрсөттүм. Агайым эңкейе калып карап жатат. Таң кала: “Иий, чын эле мал болуп кетиптир ээ?” – деп жүрөт. Балдардын баары жабалактап карап, заматта класстын баатырына айландым. «Мына, мен калпычы эмесмин», – деп дердейип калдым.

Ошол күндөн баштап улак менен ынак болдум. Үйгө ким келсе эле, чуркап барып улакты көтөрүп келем да, чалкасынан салып, баягы жаратын көрсөтө берем. Бир чөнтөккө кумшекер, бир чөнтөккө нан салып алып, нанды сууга малып, анан чөнтөктөгү кумшекерге көөлөп жечүбүз. Анан ошол улакка да таттуу нандан берип коем. Кээде кант берем. Ошентип улагым мени ээрчип алчу болду. 9-класска келгенде, баягы улак килейген теке болду. Футбол ойносом да турат ошол жерде. Айтор, кайда барсам, текем аркаман жүрөт, калжайып, сакалын чубалтып. Өмүрү оттобойт, менин колумду эле карап турат.

Бир жолу айылда айт болуп калат. Айттайлы деген байбичелерди балдары ээрчийт да, ошондо арасынан бири айтыптыр: «Сукунун текесиндей болбой кал үйдө», – деп. Ошентип, атым ылакап болуп кетти.

Жумагүл Барктабасова,Кыргыз Туусу

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар