whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАкылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга барды

Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Австриянын Вена шаарына барды.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат.

Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы форумда өлкөнүн презентациясы менен чыгып, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, атап айтканда Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг жана Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушат.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар