Жараткандын сыноосубу, айтор быйыл көп өлкөлөрдө аба ырайы туруксуз.
Түндүк Италияда бир жумадан бери тынымсыз жааган жамгырдан Пьемонт провинция-сынын бир топ шаарларында сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптап кеткен. Швейцарияда нугунан ашып чыккан дарыя суулары өлкөнүн бир кыйла региондорун каптап, бир нече адамдын өмүрүн алган. Мындай кооптуу кырдаал Австриянын тоолуу аймактарында катталып, ал жакта жашаган эл оор кырдаалга кептелген.