Среда, 8 января, 2025
-1.9 C
Бишкек

Жоробек СУЛТАНАЛИЕВ: “Бир акын бар элине али белгисиз…”

«Бир акын бар элине али белгисиз…»
“Бир чырпык бар – байтерекке бергисиз,
Бир акын бар элине али белгисиз!..
Бир жылдыз бар көрүнбөгөн карекке,
Жүз миллион күндүн табы жеңгисиз!..

Бир чындык бар – жомок кууп жетпеген,
Бир кунан бар – күлүктөрдү тепсеген!..
Бир гений бар – алачыкта жашаган —
Айбанды да чекесинен чертпеген!..

Бир булак бар – пайдалуураак дайрадан!..
Бир булбул бар – бир күндө отуз сайраган…
Бир жигит бар – теңдик үчүн, эл үчүн
Кыйнап жанын, кызыл чокту кармаган!..

Ушул ыр саптардын ээси акын Жоробек Султаналиев артынан аңыз кептер, “Жоробек айтыптыр, Жоробек дептир“ деген сөздөр ээрчиген адам болгон экен. Өзүн көрбөсөк да, анын баскан-турганы, кылык-жоруктары тууралуу кептерди улуу муундагы жазуучулардын оозунан далай угуп калдык.

Былтыр Жоробек Султаналиев тууралуу жазсамбы деп, маалымат таппай койсом болобу. 2000-жылы жарык көргөн “Кыргыз поэзиясынын антологиясында: “Жоробек Султаналиев 1932-жылы Талас шаарында туулган. Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз орто мектебин бүтүрөрү менен Москва шаарындагы Түстүү металлдар институтунда окуган. Беш ырлар жыйнагынын автору” деген алакандын отундай маалыматтан башка анын өмүр баяны жөнүндө маалымат жок экен. Улуу муундагылардын көзү тирүүлөрү деле ал жөнүндө жарытылуу эч нерсе айта алышпады.

Мындан көп жылдар илгери акын Алым Токтомушев калемдеш ага досу тууралуу «Кайран Жоробек, айран Жоробек…» деп жазганы бар. Анда анын кылычтай шартылдаган курчтугу, артка кайтпаган өрт мүнөзү тууралуу айтылган менен, өмүр жолу, бала-чакасы, керээз-мурасы тууралуу эч айтылбайт. Бүгүн Алым байкенин өзү жок.

Адабиятчы Бекташ Шамшиев Алым Токтомушевдин айтылуу даректүү баяны тууралуу жазган баянында: “…Жоробек Султаналиев эскериле турган, чыгармачылык потенциалы толук ачылбай калган армандуу тагдырлардын бири болчу” деп эскергени менен, анда ал даректүү баяндагыдан ашыгыраак маалымат айткан эмес.

Ушундан улам, колдо болгон маалыматтарга таянып, Жоробек байке Султаналиевдин адамдык жана акындык портретин тартканга аракет жасадык. Акын Алым Токтомушев, адабиятчы Бекташ Шамшиев Жоробек Султаналиевди “чыгармачыл адамдардын эсинде жыйындарда тартынбай сүйлөгөн кеп-сөзү, шартылдаган ачык мүнөзү менен калган” деп сүрөттөйт эмес-пи. Биз мындан улам, Жоробек байкенин курчтугунун “сырын” изилдеп көрдүк.

Талас жергесине алгачкы орус тилдүү келгиндер Октябрь революциясына чейин эле көчүп келип отурукташып, өткөн кылымдын 30-40-жылдарында Талас шаа-рында алар калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн. Кийин согуш жылдарында Россияда жашаган немецтер да көчүп келе баштаган. Демек, Жоробек Султаналиевдин балалыгы, өспүрүм курагы орус тилдүүлөрдүн арасында өтүп, таластыктарга мүнөздүү тоң моюндук, чогоолдукка бетке айтып туруп калган “орус мүнөздүк” кошулган.

Кийин-кийин №5 орто мектептен окуп, жогорку билимди Түстүү металлдар институтунан алганы да Жоробек Султаналиев орусча ойлонуп, мүнөзү да биротоло орусташып калганынан кабарлайт. Акындын тартынбастыгынын, ачык-айрым, шартылдаган “орус” мүнөзүнүн сыры да ушул жакта деп айтса болот.

Андыктан ал айта турган сөзүн, оюн шарт айткан. Башкалар улуу-кичүүлөр чогулган жерде мурдун чукуп, айта турган нерсесин айта албай, башка бирөө айтсын дегенсип, бири-бирине күбүрөп-шыбырап, баштарын жерге салып турганда, ал ачуу чындыкты балп эттирип айтып салганы да ошондон. Анда тиги жаман көрүп калат, бу жаман көрүп калат, эртең эле бул айткандарым өзүмө жоо, душман деген коркок, сасык ой болгон эмес. Андыктан, анын чын жүрөгүнөн, эч арамдыгы жок, жаны күйүп айткан ачуу кебин улуулар да, кичүүлөр да чычалабай кабыл алышкан. «Жоробек минтип айтыптыр, Жоробек катырыптыр» деген кептин төркүнү ушул жакта.

Акын Жоробек Султаналиевдин айланасындагы аңыздардын бири анын Чыңгыз Айтматов менен ага-инилик мамилеси менен байланышкан. Экөөнүн ортосундагы жаш айырма төрт жаш болгонуна карабастан, ал Чыңгыз Айтматовго аябагандай ыйбаа мамиле жасаганы, өзүнүн дүйнөлүк атак-даңкы бар жердешин чексиз урматтаганы, анын бир ооз сөзүн жерге таштабаганы Жоробек Султаналиев канчалык орус мүнөз болбосун, анын салт билгилигинен жана бийик адамгерчилигинен кабарлап турат.

Замандаштарынын айтымында, 1978-жылы Ч.Айтматовдун 50 жылдык мааракеси бүткүл союздук деңгээлде белгиленип, жыйынтыктоочу салтанаттуу жыйын Фрунзеде, филармонияда өтөт. Кечки сый тамагы сыйлуу жерлердин биринде уланат. Ал жерге акын Жоробек Султаналиев 300 куплет ыр жазып алып барып, эл алдында окуп берген имиш. Чын дилинен ыраазы болгон Ч.Айтматов акын инисине костюм кийгизип: «Жоке, эми эл менен отуруп сый көр» – дейт экен. Анда Жоробек Султаналиев: «Жок, ырчы деген отурбайт, ырчыны башка тойлор күтүп жатат»-деп колуна кармаган рюмкадагыны жутуп, сыртты көздөй жөнөйт. Залкар жазуучу өзү узатып чыгат. “Оо кеменгер Чыкем, эл алдында кадыр-баркымды көтөрүп, костюм жапканыңызга рахмат. Жонум сүйүнгөн менен, колум бош, тойдон чыкканда кол карагандар көп болчу эле, аны кандай кылам” дейт Жокең сөздү кайпактатып. Анда Чыкең Жоробекти далыга таптап: “Ээ, Жоке, ансыз болобу. Балдар, Жокеме баштыкты бергиле” дейт. Чыңгызды жандай чыккандар арак-шарап, таттуу-паттуусу салынган баштыкты Жоробек Султаналиевдин колуна карматышат.

Чыңгыз Айтматовдун кеменгерлигин караңыз да, Жоробек Султаналиевдин жупунулугун караңыз. Кайран акын улуу жазуучунун маараке тоюнда ашыгыраак алып коюп, ашөпкө эркелеп койбоюн, андан көрө тынчыраак эле үйгө кете берейин деп жөн билгилик кылып жатпайбы.

“Кыргыз маданиятында” иштеп жүрчүдө уктум эле. Жоробек Султаналиев кычыраган кыш күндөрүнүн биринде тумагын жоготуп алат да, шылтоолоп Чыңгыз Айтматовдун үйүнө барат. Ким билет, балким жоголбосо деле керек го. Эшикти улуу жазуучу өзү ачып, акын инисинин жөн келбегенин билип: “Ак жайдын күнүндө жүргөнсүп, баш кийимсиз жүргөнүң эмне?” деп сурайт. Айтматовдон ушул эле сөздү күтүп турган Жоробек: «Чыке, тумагым жоготуп сиздикине издеп келдим” дейт. “Ай бала, эмнеге меникине келдиң. Же тумагыңдын изи мен жакка кетиптирби?” деп  кайра өзүнө суроо салган Чыкең Жоробектин не айткысы келип турганын баамдап: “Эмнеге тумагыңдын изи Сүйүнбайдыкына, же Сооронбайдыкына барбайт да, мага келет?” дейт кабагын бүркөгөн болуп. “Чыке, сиз экөөбүздүн башыбыздын размери эле бирдей, болду-болбоду, менин тумагым сиздикинде эле” дейт Жоробек көздөрүн жымыңдатып.

Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар