Азыркынын жез таңдай төкмөлөрүнүн бири Амантай Кутманалиев “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына атайы баш багып, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун ак батасы менен жарык көргөн “Амантайдын ак санат” жана “Аалам санаты” китептерин аманат калтырып кетти.
“Алп устаттардын таалимин алып, алар менен аралашып иштеп, улуу нарктын арасында, залкардын тобунда жетилген Амантай жалпы кыргыз элине аттын кашкасындай таанылып, атүгүл канатташ казак элине чейин билинген Кыргыз эл акыны болду. Анын өнөрү көп, бир сырлуу, миң кырлуу, бай казыналуу акын. Мурдагылардын да улама кептерин улантып айтып уюта сүйлөгөнгө, жазганга да шыктуу. Акыркы отуз жылда Амантайдын таланты ар кырынан ачылып, кеңейип баратат десек болот. Айланайын Саргашка, атың арыбасын, көп жерге чуркап бергиниң” – деп ак дилинен чыккан батасын бериптир Мамлекеттик катчы.
“Амантай ушул азыркы калың элге таанымал акын болгончо, өз жан дүйнөсү менен кошо бүткөн, өзү жакшы көргөн өнөрүнүн бийигине умтулуп, сересине көтөрүлгөнчө, түйшүктүү турмуштун түмөн жолдорун жакшы эле басты. Умтулган өнүрүнүн ысыгына күйүп, суугуна тоңду. Салттуу өнөр жок болуп кетүү коркунучунда турганда, Амантайдын да жан дүйнөсү бүлүндү. Мына ошол кимдин кимдиги таразанын ташына коюлган жылдарда ал материалдык дүйнөнү эмес, руханий дүйнөнү тандап алып, анын чыныгы жоокери болду. Ал Кудай берген талантын кыйып кетпей, бардык кыйынчылыктарга карабай, өнөрү менен жашады. Акындын бул эрдигине “бали” дебеске айла жок. Айта кетсе, “Амантайдын ак санаты” окурманды кайдыгер калтырбай турган китеп болуптур” деп баа бериптир көрүнүктүү адабиятчыларыбыздын бири.
Кыйынчылык кимдин башынан өтпөгөн. Амантай шаарда жалпысынан 35 жылга чукул жашаса, анын 16 жылын жатаканада, батирлерде жашаган. Ошол ар кайсы жерде жашап жүрүп, болочок жубайы менен Искусство институтунун жатаканасында табышып үйлөнгөн. Үйү жоктугунан айылына кетип калгысы келген учурлары да болгон.
Бирок, кашайып филармониянын тарыхында айылдан түз эле келип жумушка алынган жападан жалгыз Амантай болуп отурбайбы. Анан аны кантип кыйып кетмек.
Ал жылдары жаштар арасында төгүп ырдагандар аз. Амантай Эстебес Турсуналиевдин бир ооз сөзү менен шак эле штатка кирип калат. Ал кезде командировкалар көп болуп Алматы шаарына Кызыл-Аскерге баргандай эле каттаганы ушул азыр да көз алдында турат.
Аны филармонияга чакырган да – Эстебес Турсуналиев. Үйдөн жолу болбосо да, бактысы тоодой экен, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев баштаган залкарлар менен чогуу иштеп калды, алардын баарын өзүнүн устаттары деп эсептейт.
“Амантайдын ак санат” жана “Аалам санаты” Улуттук Манас театрынын жана УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун колдоосу астында жарык көргөн. “Амантайдын ак санатына” акындын ырлары, айтыштары, терме-санаттары, жоктоолору, поэма, дастандары, арноолору, эскерүүлөрү кирген. “Аалам санатынан” дүйнөлүк даанышмандардын учкул ойлору, афоризмдери менен тааныша аласыздар.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”