– Каныбек Жуматаевич, Токтогул райондук токой чарбасы тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берсеңиз.
– Токтогул токой чарбасын “Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграциялык башкаруу” долбоору тарабынан жалпы 714 982 долларлык грант жана кредиттик каржылоо болду.
Долбоордун алкагында токой чарбага 2019-жылдан тартып, токой чарба жумуштарына жалпы суммасы 12 630 800 сомдук МТЗ-82 трактору айыл чарба шаймандары менен жана өрт коопсуздук иш-чарасына багытталып УАЗ автомашинасы өрт өчүрүүчү шаймандары менен келген. Токой чарбанын кеңсесине бир компьютер принтери менен, шкаф жана түстүү принтер да ушул долбоордун алкагында берилген. Бүгүнкү күндө келген техникалар токой чарба жумуштарына өтө чоң салым кошууда.
Кара-Көл токой бөлүмүнүн “Кайыңды” участкасына 142 га аянттагы тоо бетине жаңгак экме токою отургузулуп, айланасы 10 катар тикен зым менен короолонгон. Отургузулган жаңгактардын өнүмү күзгү инвентаризациянын жыйынтыгы менен 81,6% түздү. Узун-Акмат – 2 га , Алатай – 2 га, Токтогул – 3 га жер аянты алма бак жана Чычкан токой бөлүмдөрүндө көчөткана уюштуруу максатында 5 га жер аянттары темир сетка менен тосулуп короолонду. Ошону менен бирге 12 га короолонгон жер аянтынын 5 га жерине жакшы сорттогу полукарлик алма көчөттөрү отургузулду.
Короолонгон жер аянтынын 5 га жерине 11950 даана жакшы сорттогу алма көчөттөрү (привосход, кримсон, бойко, голден делишес, семеренко) отургузулду. Узун-Акмат токой бөлүмүнүн “Коргон” участогунун 2 га жерине 4000 даа-на бойко жана привосход алмалары отургузулду. Токтогул токой бөлүмүнүн “Кайрак” участкасына 7950 даана кримсон, голден делишес, семеренко алмалары отургузулду. Бүгүнкү күнгө алмалардын өнүмү күзгү эсептөөнүн жыйынтыгында 85% түздү.
– Токтогул районунун токой чарбасынын аянты канча жана бак-дарактардын кандай түрлөрү өсөт?
– Токтогул токой чарбасы 1947-жылы 23-июлда өкмөттүн №772 токтому менен түзүлгөн. Азыркы учурда 104223,5 га бекитилип берилип, 6 токой бөлүмдөрү менен токой коргоо, сактоо жана өстүрүү иштерин аткарып келүүдөбүз. Бекитилип берилген 104223,5 га жердин 36829 га жери токой каптаган жер болуп эсептелет. Жыл сайын токой каптаган жердин аянтын өстүрүү үчүн 20,0 гадан 71,0 га жерге экме токойлорду эгип келүүдөбүз. Негизинен олтургузулган көчөттөрдүн басымдуулугу жаңгак болуп эсептелет. Токой чарбанын 6 токойчулугунда: Узун-Акмат-15290,5; Алатай-10435,6; Уста-Сай-12316,4; Чычкан-22379,1; Токтогул-4712,9; Кара-Көл-39089,0 га мамлекеттик токой фондусун коргоо, сактоо жана өстүрүү боюнча 270 кварталдан турган 27 токой коругу уюштурулуп 27 токой сакчысы жана 6 токойчулук башчылары эмгектенишүүдө. Токой чарбанын аймагында көптөгөн дарактын түрлөрү өсөт. Атап айтсак кызыл китепке кирген түркстан, зеравшан, жапалак арчасы, грек жаңгагы, Узун-Акмат жүзүмү, Кноринг долоносу, Семенов пихтасы өсөт. Ошону менен бирге ийне жалбырактуулардан тянь-шань карагайы, сосна, лиственница жана жазы жалбырактуулардан долоно, четин, кайың, бака терек, өрүк ж.б. көптөгөн дарактын түрлөрү өсөт.
– Токтогул райондук токой чарбасынын материалдык базасы талапка жооп береби?
– Токой чарбанын бүгүнкү абалы талапка жооп берет. Себеби, бардык токойчулуктарда токой коргоо кызматкерлери мингич аттар жана кызматтык кийимдер менен камсыз болушкан. Токой чарбанын токойчулуктарында 14 токой сакчыларынын жашоосуна арналган кардондор бар. Борбордук кеңседе оргтехникаларыбыз бар, иштөө шарттары жакшы. 2021-жылы борбордук кеңсебизди толук капиталдык ремонттон өткөргөнбүз. Бүгүнкү күндө кызматкерлердин иштөөсүнө толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
– Жайыт комитеттери менен айыл өкмөттөрү жана токой чарбаларынын ортосундагы талаш жерлерге административдик-аймактык реформа канчалык деңгээлде таасирин тийгизди?
– Бүгүнкү күндө токой чарба менен айыл өкмөттөрүнүн ортосунда талаш жерлер жок. Бирок кээ бир жайыт комитеттеринин ортосунда талаш-тартыштар бар. Себеби, жайыт комитеттери тез-тез алмашкандыктан жана жайыт жерлерин так билбегендиктен чыгып жатат. Жалпысынан жайыт комитеттери менен олуттуу талаш-тартышыбыз жок. Болгону жайыт комитеттери жайыттардын асылдуулугуна көңүл бурбастан жайыт акыларды чогултуу менен алек болушууда.
– Жайында токойлорду эс алуучулардан сактоо боюнча кандай иш-чаралар көрүлөт?
–Токойлорду жайкы мезгилде өрт коопсуздугунан сактоо жана эс алуучулардан сактоо максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Атайын токойду сактоо максатында баракчалар токойлорго илинет. Ар бир эс алуучу, малчы, аселчи жана жер-жемиш терүүчүлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын журналдарга колдору койдурулуп турат.
2024-жылга өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чараларына 810 миң сомго пландаштырылган, жарым жылда 477250 сомдук иш-чаралар аткарылды. Токтогул токой чарбасы райондун 6 айыл аймагынын территориясында иш жүргүзүп келүүдө. Чычкан капчыгайындагы эл жана токой тармагына тиешелүү болгон адамдар менен биргеликте семинарлар өтүлдү. Токой чарбанын борбордук бөлүгүнө биогумус алуу максатында каражаттар берилди. Чычкан токойчулугунун Бишкек – Ош автожолундагы ашканалардын алдына таштандыларды таштоочу урна жана сеткалары коюлду. Жапайы жаныбарларга аңчылыкты тыюу максатында фотокапкандар берилип, жаныбарлар жүргөн жерлерге коюлду. Чычкан токойчулугунун көчөтканасынын айланасын короолоо жумуштары бүткөрүлдү.
– Токой чарбасы райондун инфраструктурасын жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн арча жана башка бак-дарактардын көчөттөрүн канча убакта өстүрүп бере алат?
– ”Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү боюнча Токтогул токойчулугунун Кайрак участкасына 1,0 га жерге өрүк плантациясы олтургузулду. Токой уруктары 0,18 га жерге себилип, 0,49 га жерге мектепче болуп эгилди. 2024-жылы 2 390 400 сомдук 18 976 даана ар кандай көчөттөр сатылды. Токой чарбанын 0,08 га күнөс-канасына 3000 даана роза гүлүнүн калемчеси 450 даана колонивидный туянын көчөтү олтургузулду. Андан сырткары 250 даана көк карагайдын, 800 даана крым сос-насынын жана 800 даана виргин можжевельнигинин көчөттөрү жабык тамыр системасында өстүрүлүп жатат. Токтогул токой чарбасы – буфердик зоналарды түзүү, коридорлорду кеңейтүү жана биотүрдүүлүктү сактоо максатында “Туруктуу жашоо үчүн, биотүрдүүлүктү жана аны менен байланышкан токой жана жер ресурстарын батыш Тянь-Шанда сактап калуу” ПРООН- ГЭФ проектиси менен да иш алып барды. Уста-Сай токой бөлүмүнүн “Ой-Алма” участкасына, 2018-жылдын жаз айларында, жалпы 40,0 га жерге жаңгак экме токою отургузулган. 2020-жылдын күз айларында ошол эле участкага 30 га ашык жерге жаңгак экме токою отургузулган. 2021-жылга да бул долбоордун алкагында 59,0 га жерге жаңгак жана карагай экме токойлору отургузулду. Жалпы токой чарбасы боюнча ПРООН ГЭФ долбоорунун колдоосу менен 129,0 га экме токою отургузулган.
– “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркында кызыл китепке кирген кандай өсүмдүктөр жана жаныбарлар бар экендиги сизге маалым болсо керек, окурмандарга айтып берсеңиз.
– Алатай жаратылыш паркы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы №27 токтому менен токой чарбадан 35847,5 га токой аянты менен бөлүнүп чыккан. Парктын негизги максаты кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларды сактоо болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө жапайы жаныбарларды жок кылуудагы айыптын өлчөмү өтө жогору болуп калды. Парктын уюшулганы жана айыптын жогорулашы менен жаныбарлардын популяциясы өстү десек жаңылышпайбыз. Парктын аймагында кездешкен көп жаныбарлар бар. Атап айтсак аюу, доңуз, кашкулак, кийик, сүлөөсүн, суусар жана башка көптөгөн жаныбарлар байырлайт. Өсүмдүктүн түрлөрүн айтсак, түндүк менен түштүктө өскөн бардык өсүмдүктөр кездешет. Ал эми токой чарбанын аймагында да ошол эле парктын ичиндеги жаныбарлары менен өсүмдүктөрү толук кездешет. Кызыл китепке кирген аюу, сүлөөсүн, суусар, ала күсөн, илбирс, бүркүт, таз жорулар кездешет.
– Райондун токой чарбасында сиз жетектегенден бери кандай өзгөрүүлөр жана жаңылануулар болду?
– Токой чарбанын көптөгөн жетишпеген жерлерин оңдоп-түзөө жумуштары аткарылды. Токой бөлүмдөрүнүн ич ара өтүүчү сууларына өз каражатыбыздан көпүрөлөрдү салдык, атап айтсак Алатай токойчулугуна 1 көпүрө, Узун-Акмат токойчулугуна 1 көпүрө салынды. Ошону менен бирге чарбанын атайын каражатына ар бир токойчулукка көчөтканалар үчүн 6 мотоблок, 1 мини трактор шаймандары менен сатылып алынды. Долбоор башталганга чейин 1 нива автомашинабыз жана 1 погрузчигибиз болгон болсо, 1 РАФ үлгүсүндө автомобилди атайын каражатыбызга сатып алдык.
Токой чарбабызда атайын көмөкчү чарбасын кармоо жана андан кошумча киреше табуу максаты колго алынган. Атап айтсак, чарбада 1212 даана бал челек бар. Аны 25 балчы тейлейт. Жылына ар бир бал челектен 5 кг бал чогултулуп, атайын каражатка кириштелет. 2024-жылы бал челектерди жаңы бал челектер менен толуктап оңдоо үчүн жаңыдан 400 даана бал челектер жасатылып аарычыларга берилди. Алатай, Токтогул, Узун-Акмат жана Чычкан токой бөлүмдөрүндө заманбап типтеги 4 кардон салынып колдонууга берилди. Токой чарбасында долбоорлор менен жумуш алып баруу жагы алдыга коюлган.
Гульбарчын Абдырахманова, “Кыргыз Туусу”