Понедельник, 6 января, 2025
3.1 C
Бишкек

Ар убакта өпкүм келет ийилип, Апакемдин нан бышырган колунан

Учурдагы кыргыз поэзиясына өз үнү, өз жолу менен келген, көрөңгөлүү жаш таланттарыбыздын бири – Жуса Касиетов. Бул жерден көрөңгөлүү деп тегин жеринен айтканыбыз жок. Анткени Жусанын көркөм сөзгө, кыргыз музыкасына, адабиятка болгон кызыгуусу эрте ойгонгон. Ага жараша кыргыз адабиятынын ири өкүлдөрүнүн чыгармаларын, өзгөчө Токтогул, Калык, Осмонкул, Ысмайыл өңдүү төкмө ырчылардын айтыштарын бала кезинен бапестеп окуп, нукура элдик оозеки поэзиянын гүлдөрү менен көрөңгөсүн байытыптыр. Мындан тышкары жамакчы, кошокчу жакын адамдарынын таасири да тийиптир. Ушунун баары жаш акындын чыгармачылыгынын калыптанышына шарт түзгөн. Бүгүнкү жаш муундагы акындардан Жуса Касиетов дал ушул элдик поэзияга каныгып өскөндүгү менен айырмаланат, ушундан уламбы жазган ырларындагы элпектик, уйкаштык каймакка куймак кошкондой жарашып турат. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, Жуса Касиетов азыр көңүл бурулбай калган кыргыз адабият, маданиятынын, музыкасынын өкүлдөрүнүн чыгармаларын өзүнүн фейсбук баракчасына үзбөй жарыялап, көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Ошондой эле интернет технологиясынын жетишкендиктерин пайдаланып, кыргызга кызмат кылган залкар адамдарыбыздын көөнө сүрөттөрүн кайра жаңыртып, көпчүлүккө таанытып келүүдө. Жаш талантыбызга ийгиликтерди каалап, төмөндө ырларын жарыяладык. 

Кайрылуу

Адамдар келдик мында конок сымал,
Ар бириң айтып бүткүс жомоксуңар.
Бөлүнбөй өмүр көчүн улайлычы,
Бөксөбүз кай бир күнү толот чыгар.

Ак эмгек, адал иштен майнап болот,
Ар-намыс оор учурда кайрат болот.
Бактылуу мезгил келип о, бир күнү,
Багыңа түркүн куштар сайрап конот.

Акыл-эс бар кезинде, баш аманда,
Аракет кылгын чоң иш жасаганга.
Эх, чиркин эмне жетсин ойлоп көрсөң
Элиңде кадыр-барктуу жашаганга.

Түнөрүп санааркоону койчу нары,
Түбүнөн көктөсүнчү ой чынары.
Жараткан экинчи ирет бербеген соң
Жашайлы бул өмүрдү той сыңары.

Эх, жүрөгүм

Эх, жүрөгүм, аз да болсо тынчыраак,
Эс ал эми, ооруй бербей зыркырап.
Аткарамын далай ишти эл үчүн,
Аман турсам эки көзүм жылтырап.

Эх, жүрөгүм, токтой көрбө тынымга,
Эч нерсени кыла элекмин чынында.
Атпай журттун тийип алкыш, батасы,
Арманым жок жете барсам кылымга.

Эх, жүрөгүм, зарыл бизге жашамак,
Эрктүү гана эчен ашуу аша алат.
Тирүүлүккө экөөбүздү шыктантып,
Тирек болсун мөлтүрөгөн махабат.

Эх, жүрөгүм, дүк-дүк согуп чаалыкпа,
Эл көргөндү көрөбүз да, жабыкпа!
Ала-Тоомдун ыйыктыгын ыр кылып,
Адал иштеп калгым келет тарыхта.

 Эмнеге?..

Баш катырам көп нерсеге мен деле,
Балким жашоо чечилбеген теңдеме?
Көзү азиздер өмүр сүрүп жатышат,
Көздүү туруп «сокур» болдук эмнеге?

Мусапырга кымбат үзүм каткан нан,
Муңун угуп, бөлүп жүрөм акчамдан.
Буту жоктор кыр ашууда кыбырап,
Бутубуз бар, неге эриндик баскандан?

Жашоо кыска, ай дагы эмес күндүкпүз,
Жакшы кезди баалай албай жүрдүк биз.
Өйдө-төмөн, ары-бери чапкылап,
Өмүр баркын качан туюп, билдик биз?

Карачы эми, кезде эмеспиз жай уктар,
Каталык мол, баарыбызда айып бар.
Шүдүңгүттөй жортуп байлык издейбиз,
Шүгүр кылып жашап жатса майыптар.

Ойлор арбыйт, акыл калчап толгонсом,
Оо баягы, санаа, түйшүк ойгонсом…
Жылмаңдайбыз эмнебизге адамзат,
Жыпжылаңач кете турган болгон соң?!

Тагдырга

Билгин тагдыр, биле турган жөнүң бар,
Бир чындыкка каршы миңдей төгүн бар.
Тийишпегин! Сыноолоруң жетишет,
Тирүүлүктүн күүсүн сүйгөн көңүл бар.

Каарың укмуш, деңиз болуп ташыган,
Кайрат барда кантип сага басынам.
Татаалдантып жолдорун бууп, о тагдыр,
Таланттуунун сылабайсың башынан.

Билем ооба, дагы түйшүк тартармын,
Билип туруп келбейт эми жалтангым.
Асылдарды оор сыноого кабылтып,
Азаптардын чөлкөмүнө алпардың.

Кайраттуумун, төкпөйм ысык жашымды,
Калканы жок тосом соккон ташыңды.
Ойлон тагдыр! Айбалтаңдын астына,
Оңой менен коюп бербейм башымды.

ЭПИГРАММА

Кайран досум маңдайымда турасың,
Кайра-кайра ачуу шарап куясың.
Басып алсаң жүз элүүнү, оо анан,
Бакырасың, жолборс болуп чыгасың.
Жоголгондо шарап күчү боюңдан,
Жолборс эмес экениңди туясың.

Бардар досум, барпалаңдап каласың,
Бар акчаңа кайра шарап аласың.
Адатыңча жүз элүүнү «соккондо»,
Арстан болуп, дагы айгай саласың.
Кайткан кезде шарап күчү боюңдан,
Кайра айланып өз ордуңду табасың.

Замандаштарга

Ар бир таңдын аткандыгы бизге дем,
Алгалайлы туура багыт, из менен.
Жарыкчылык кандай гана жагымдуу,
Жаратканым чийбей турсун тизмеден.

Таба салып азап-шордун себебин,
Тагдыр калчап, кыйнабасын эгерим.
Ушул таңда ыр жазганым – силерди
Узак-узак жашаса экен  дегеним!

Куу, митайым болбой көңүл кирдеткен,
Кутулалы адамзаттык милдеттен.
Жашоо сонун, ар бириңди ылайым
Жаратканым алыс кылсын илдеттен.

Кыргыз элим дайым шаңга бөлөнсүн,
Кыраан болчу наристелер төрөлсүн.
Ар бир үйдүн түндүгүнөн ырыс жаап,
Ар бир күндүн кубанычы көбөйсүн.

Жаңы күндөр – жазыла элек барактай,
Жашоо нугу биз ырдачу санаттай…
Абийир күтүп, сыйлашалы чын дилден,
Акыр бир күн калаары чын таң атпай.

Алтын тууралуу ой

«Ал» менен «тын» деген сөздү камтыган,
Алтын эмне, кымбат темир жаркыган.
Өкүнөмүн, ушул заттын кадыры,
Өйдө турса тирүүлүктүн баркынан.

Алтын үчүн кылмышка да барышты,
Алтын үчүн бирин-бири чабышты.
Асмандаган чоңдор деле жалп этип,
Акырында тындым болуп калышты.

Байлар өлдү, байлыктары ченде жок,
Байлар өлдү, бакыт күтүп элде жок.
Ажал жетип, ичер суусу бүткөндө,
Алтындарын ала кеткен пенде жок.

Байлык эңсеп кимдер ойго чөкпөдү,
Байыган соң күчөдү анан көпкөнү.
Алтынга иштеп өз өмүрүн ойлобой,
Акыр соолуп, канча адамдар өчпөдү.

Токто досум! Кедеймин деп жинденбе,
Тобоо дейли токоч колго тийгенге.
Намыс эмес байлыгыңдын жоктугу,
Накта алтын ден соолук го, билгенге.

Апакемдин ак наны

Эчен ирет тентек кылсам какпады,
Эркелетип тарбиялап таптады.
Короо ичинде достор менен бөлүп жеп,
Колдо жүрчү апакемдин ак наны.

Жакшы окуп, алган баамды мактады,
Жаман-жуман адаттардан сактады.
Куушурулган карынымды тойгузуп,
Кубат берчү апакемдин ак наны.

Ээ-жаа бербей өтүп мезгил сааттары,
Эске түшөт ошол бала чактагы…
Азыр деле даамдуулугу керемет,
Ах, чиркин ай! Апакемдин ак наны.

Өмүр тилеп жамандыктан коруган,
Өзгөчөм ай, биз кетпейбиз оюнан.
Ар убакта өпкүм келет ийилип,
Апакемдин нан бышырган колунан.

Ушунчалык мээрим төккөн балага,
Улуулугу таасир берет мага да.
Ай-ааламды каруусуна термеген,
Апалардан жаным кетсин садага.

Китепкана

Талантыма демөөр болгон, шык болгон,
Таза дүйнө бет алдымда мелмилдеп…
Кирдебеген аруу ойлорго жык толгон,
Китепкана тартып турат «келгин» деп.

Келем шашып, ой гүлдөрүн тергени,
Кереметтүү бир дүйнөнү сеземин.
Ушул жерден көрөм Байрон, Гейнени,
Ушул жерде Маяковский, Есенин.

Эргий түшүп кыялдарга чырмалып,
Эстеп балким кубанычтуу чактарын.
Тармал чачын силкип коюп жылмайып,
Таңшып окуйт Пушкин өлбөс саптарын.

Бакыт мага ар бир китеп чынында,
Баарлашамын Афанасий Фет менен.
Өлбөй тирүү жашап калган ырында,
Өңчөй не бир акындарга бет келем.

Эчен кылым өтсө дагы зымырап,
Эскирбеген Алишердин дастаны,
Оо качанкы өткөн доорду шыбырап,
Ойго салат Рудакинин жазганы.

Табам издеп Ли Бо менен Ду Фуну,
Тааныш мага Мацукуро Ранран да.
Шоокум салат жан дүйнөмө утуру,
Шордуу Басё өтүп кеткен арманда.

Канча залкар мурас кылып кыргызга,
Калтырышкан китепти окуп жатабыз.
Ушул жерде Аалы, Алыкул, Чыңгыз да,
Ушул жерде Түгөлбайдай атабыз.

Кезегинде жылдыз болуп жанышкан,
Кереметтүү асылдардын баары бар.
Калк эсинде түбөлүккө калышкан,
Касымаалы, Жусуп, Жоомарт дагы бар.

Ушул жерде калкыбыздын мурасы,
Ушул жерде укмуштардын нечени.
Китепкана – жан дүйнөмдүн уясы,
Китепкана – көркөм ойдун мекени!

Аялзат

Канча катаал кезеңдерде сынбады,
Кайрат-күчү таң калтырган кыйланы.
Айтса бүтпөс түгөнбөгөн дастандай,
Аялзаты жашообуздун жыргалы.

Аял менен бирдей бүткөн жаныбыз,
Аял менен кубанчыбыз шаңыбыз.
Жаздай жайнап бөлөбөсө сүйүүгө,
Жарык чачып атмак эмес таңыбыз.

Жан кейитер сөз айтабыз неге биз,
Жаңылууга кээде кезек беребиз.
Аял деген – бар бактысы өмүрдүн,
Аял деген – биздин асыл Энебиз.

Улуу журттун маңдайына жаралган,
Укмуш жандар чыккан экен аялдан.
Каныкейдин, Жаңыл Мырза, Сайкалдын,
Кабарларын окуп билдик баяндан.

Аял менен бакыт даамын татабыз,
Аял менен агарууда жакабыз.
Эртеңкисин ойлоп келчү урпактын,
Эл башкарган Курманжандай апабыз.

Аял күчтүү селге каршы тура алат,
Азаптардын миңин жеңип чыга алат.
Аял менен – кутка толуп бул дүйнө,
Аял менен – жаркын жашоо уланат.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар