Илгертен кыргыз элинде бир тайдын этин жеген, Кожомкул балбандай жылкы, өгүздү так көтөргөн же адамда жок өзгөчөлүгү бар балбандар, көзгө атар мергендер, кол өнөрчүлөр, саяпкерлер, мүнүшкөрлөр көп болгонун жакшы билебиз. Андай адамдар союз мезгилинде да калк арасынан чыкканы аңыз болуп айтылып жүрөт. Тай казан бозону бүт шимирген, бир тайдын этин жеп, бир сабаа кымызды ичкен алыскы Ат-Башынын тургуну “Чоң ооз Мамбетаалы” тууралуу эл куудулу Келдибек НИЯЗОВ айтып берди.
«Эми казанды алып кетсеңер болот»
– Улуу Ата Мекендик согуш маалында Ат-Башыда Мамбетаалы деген алп киши болуптур. Оозу чоңбу, кыскасы, аны “Чоң ооз Мамбетаалы” деп коюшчу экен. Ал Ат-Башы районунун борборунда жашап, дайыма бозо салдыртчу тура. Райондук жыйналыш болгондо эле бирин-экин кызматкерлер иш ордунда жок болуп калат. Райком “Баланча, түкүнчө кайда?” десе эле “Ал Мамбетаалыныкында бозо ичип жүрөт” деп калышат. Бир күнү райком ачуусу келип райондук милициянын жетекчисине: “Мамбетаалы деген бозокоруңду токтот! Милийсаларыңды жибер да экинчи бозо кайнатпагыдай кылып тый. Эртең барып бозосун казан-пазаны менен алгыла!” – дейт.
Таң сүрө эки милийса Мамбетаалыныкына кирип барышып “Мындан кийин бозо салбайсыз. Сиздин бозоңуздун айынан райкомдо иш жүрбөй жатат. Азыр баарын алып кетебиз”,-деп демитишет. “Мейли балдар, мен мыйзамга баш ийем. Силер айткандай болсун” деп бозочу кемпирин, бала-бакырасын чакырат. Кемпирине “Булар ушинтип келишиптир. Мындан ары сен бозо салбай калдың, мен дагы бозо ичпей турган болуп жатам. Эми болгон шагыңды сүз”, – дейт. Кемпири бала-бакырасы менен күйпөлөктөп жүрүп шактын баарын сүзүп бүтөт. Мамбетаалы эки милийса сыртка чыгышса тулгада бир тай казан бозо ак барсак болуп көбүрүп турат дейт. Шилекейин жуткан милийсалар “Эми бизге идиш бериңиз, баарын куюп кетели” дегенде Чоң ооз Мамбетаалы, “Эми балдар, силер мени бозодон биротоло айрыганы турасыңар. Акыркы жолу кана ичип алайын уруксат бергиле!” – дейт. Экөө аргасыз макул болушат. Ошондо бозочу эки баласына: “Кана балдарым, казанды кыңайткыла. Мен токтогондо казанды түздөп, эңкейгенде оозума такап турасыңар”, – дейт. Анан казандын жанына чөгөлөй калып бозону кылкылдатып жутуп баштайт. Казан ортолоп калганда тулганын түбүнө талтая отура калып калганын ичип кирет. Эки таноосу тердеген Мамбетаалы 60 литрдей бозону түгөтө жутуп туруп: “Эми балдар, казанды алып кетсеңер болот”, – дейт. Оозу ачылган эки милийса жетекчисине барып көргөнүн көргөндөй айтып беришет. Ал ишенбей Мамбетаалыга келип “Жарыктык киши, бир жарым фляганы бүт жутуп салдыңызбы?” десе, тиги кебелбей: “Шак түгөнүп калбадыбы, болбосо дагы жутат элем”, – дептир.
«Жегенге жараша тай жейин»
– Ошол Мамбетаалынын Ашмаалы деген досу жайында “Жаканын ысыгына какталбай кымыз ичип, козу жеп кетсин” деп кайра-кайра айттыра берет. “Кой, барса барайынчы деги” деп чай-чамегин алып жайлоого барат. Барса досу “Кудай урган, чакыртканда келбей, эми кычап чөп чабыкка кетерде келесиң”, – деп наалыйт. Көрсө, жайлоодогулар бир байдын 15 теше жердеги чөбүн чапканга барышмак экен. Жети-сегизинин камданып алганын көргөн Мамбетаалы “Мейли, ал жакка деле барайын” деп алар менен кошо кетет. Чөп чабылчу аңызга барышса бай дагы эки чанач кымызын, бир козунун этин артынып келип калат. Мамбетаалыны көргөн бай аны жактырбай “Бул жерди канча күндө бүтүрөсүңөр?” десе, тигилер он күндө бүткөрөрүн айтышат. Тиртеңдеген бай “Идишиңер болсо чаначты бошотуп бергиле, кайра алып кетем!” – деп калат. Мамбетаалы бир чаначтын оозун кайрып туруп бир-эки дем менен какшыта жутат. Анын артынан козунун жиликтерин шашлык жегенсип бир заматта жеп бүтүп, артынан экинчи чаначты көңтөрөт. Бир эсе таң калып, бир эсе жини келген бай сүйлөнүп “Атаңдын оозун урайындар, даңкыйтып муну эмнеге ээрчитип келдиңер эле? Эртеңки тамакты өзүңөрдүн эсебиңерден алып келем. Бүгүн тамак жок чөп да чабылбай кала турган болду” деп кагынып-силкинип бастырып кетет.
Бай кеткенден кийин Мамбетаалы “Эми Ашмаалы менин сырымды жакшы билесиң. Мен азыр уктайм. Күн кызарып батып бара жатканда мени ойготуп кой”, – дейт. Анан чалгылардын ичинен үчөөнү өзүнчө бөлүп туруп чыңоочуга “Мобуларды жакшылап чыңап кой. Кечинде мага улам бирден алмаштырып берип турасың” дейт дагы уйкуга кетет. Күн батарда аны ойготушат. Ал туруп үч кишинин солун бир алып чаап баштайт. Ай чыкканда да тынбай чабышып, түн ортосуна чейин 5 теше (6-7 гектардай жер) жердин жарымын чабышат. Түн бир оокумда уйкуга кеткен Мамбетаалы эртең менен кобур-собурдан ойгонот. Караса баягы бай кайра келип калган болот. Мамбетаалынын солундагы чөптү кучактай албаган ал: “Оо айланайын, кечир мени, кечээ сени жаман көрдүм эле. Беш-алты күндүкүн бир эле чаап койгон турбайсыңарбы. Мына мобуну ичип-жегиле, эртең кайра келем” деп кудуңдаган боюнча жолуна түшөт. Эртеси бай келсе баягы жери чабылып бүтөйүн деп калган болот. Ошондо бай чечилип “Жайлоодогуларга сени айтсам баары кызыгып жатышат. Сен тууралуу да мурун-кийин угуп жүргөнбүз. Ачыгын айтчы, элдин көзүнчө бир тай жеп, бир сабаа кымыз ичесиңби же бир чар ирик жеп, эки теке чанач кымыз ичесиңби?!” – дейт. Анда бозочу: “Болору болду. Аты жакшы экен, бир тай жеп, бир сабаа кымыз ичип берейин” деп жайлоого барат. Ал “Казанды шар аккан суунун боюна асып, бир тайдын этин чыпчыргасын коротпой бышыргыла. Сабааны да жакыныраак, мамыга байлагыла”, – дейт. Анын айтканын айткандай кылышат.
Бир тайдын этин шашпай бүт жеп, сабааны түгөткөн соң Мамбетаалы эки жигитке колтугунан жөлөп, шар аккан сууга жаткызып койгула дейт. Көйнөк-дамбалчан сууга жаткан Мамбетаалынын үстүнөн ошондо кадимкидей май аккан экен. Үч-төрт сааттан кийин чоң ооз Мамбетаалы суудан туруп кадимкисиндей эле басып кетиптир.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”