Көлдүн кызы болгондуктан жакында эле Ысык-Көлдү айланып туугандарыма учурашып келдим. Көлдүн айланасындагы акыр-чикирлерден да мени көл үстүндөгү кумурскадай жайнаган скутерлер зээнимди аябай кейитти. Ал аз келгенсип милиция кызматкерлерине да скутерлерди берип коюшкан, алар кыздарды учкаштырып алышып чымын-куюн болуп жүрүшөт. Анан аргасыз калем кармап силерге жазып отурам.
Менин таенем Карачач 80 жаштан өтүп каза болгон. Ошол киши “Биз бала кезде Көлгө түшмөк тургай жакын барчу эмеспиз. Толкун болгондо сокбилектей балыктар жээкке чыгып калса карай албай үйдү карай каччубуз. Аваларыбыз чуркап келишип бакандар менен аларды кайра сууга киргизишчү эле. Апаларыбыз “Эгер жуунгуңар келсе Көлдүн суусунан көнөчөккө сузуп алып, карагандын арасына барып жуунгула” дешчү. Өзүлөрү дагы Көлгө түшпөй, анын суусун чанач, көнөчөктөргө толтуруп алып караган, бадалдын арасына барып жуунушчу. Азыр кандай болуп жатат өзүңөр көрүп жатасыңар.
Бир жылы Кыргызстанга орус саясатчысы Владимир Жириновский келген. Ошондо аны Көлдүн баш-аягы даана көрүнүп турган Кароол-Дөбөгө алып барышыптыр. Анан кыргыздардын арасынан бирөө “Владимир мырза, Ысык-Көлүбүз кандай экен” деп сураса тиги такалбай туруп “Көлүңөр менин көзүмдөй экен” деп жооп берет. Биздикилер теригип “Энеңди урайын, ыйык Көлүбүздү өзүнүн көзүнө теңейт” деп күбүрөнүп калышат.
Кечинде сый тамакка келгенде Жириновский биринчи сөз алып: “Кыргыз туугандар, жанараакта Ысык-Көл тууралуу сураганыңыздарда “Көлүңөр менин көзүмдөй экен” десем көбүңөр мени жаман көрүп калганыңарды дароо байкадым. Эми мен силерге ал сөзүмдүн жандырмагын айтып берейин. Мен дене мүчөлөрүмдөн эки көзүмдү абдан аяп, сактайм. Себеби, эки көзүм жок мен эч ким эмесмин. Эки бутум баспай калса коляскага отуруп көзүм көргөн жерлерге чейин бара алам. Ошондуктан силердин Көлүңөр көздүн карегиндей таза, аруу, тунук көл экен. Аны көздүн карегиндей сактагыла дегендей кылып айттым эле” деген экен.
Турдакун Усубалиев дагы 80- жылдардын ортосунда Кочкордон атасын алдыртып, экөө Чолпон-Атада 10 күндөй эс алышат. Аны эч ким билбейт. Он күндөн кийин атасын Кочкорго узатып коюп Чолпон-Атанын чоңдоруна “Эртең саат 10го Ысык-Көл облусунун мамлекеттик кызматкерлеринин жана күч органдарынын баарын чогулткула” деген тапшырма берет. Эртеси баары чогулуп жыйналыш башталат. Ошондо Т.Усубалиев: “Туугандар, менин Чолпон-Атага келгениме 10 күн болду. Мени капалантканы, силер эмне, иштебей эле баарыңар эле балыкчы болуп кеткенсиңерби?! Көлдүн бетин карагылачы жайнаган эле балыкчылар. Алардын кээлери жээктен 300-500 метр ары кетишет экен. Алар каякка заара ушатышат. Албетте, Көлгө да, туурабы? – десе, чоңдордун баары шылкыйган баштарын ийкешет.
“Анда кантип Ысык-Көлдү таза кармайсыңар? Ушул маселеге олуттуу карагыла” деп сөзүн бүтүрөт. Анан башка чарбалык иштер боюнча сүйлөшүп алып кетип калат. Кудай салбасын, үч күндөн кийин кайыктар жээкке чогултулуп, номер басылат. Кайык менен көлгө чыккандарга атайын айып пул бекитилет. Ошондо Ысык-Көлдүн үстү бир тазаланган.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, Акылбек Үсөнбекович, калган сөз сиздерде калсын эми. Эне катары айтарым ушул.
Жаңыл КАЛЫБАЕВА, Нарын облусу