Понедельник, 6 января, 2025
3.1 C
Бишкек

Жаңыл мырза

Жаңыл мырза тарыхый инсанбы же элдик поэмадагы баатыр кыздын образыбы? Азырынча бул суроого кыргыз тарыхчыларынын соңку муунунун так жообу жок өңдөнөт, “Кыргыз тарыхы” энциклопедиясында (Бишкек. 2003-ж.) Жаңыл мырза тууралуу алакандын отундай да маалымат берилген эмес.

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясындагы (3-том. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5): “Жаңыл мырза” – кыргыз элинин баатырдык дастаны катары баяндалып, “Айрым божомолдор боюнча анын пайда болушу 15-16-кылымдарга таандык. Дастанда калмак баскынчылыгына каршы кыргыздардын күрөшү, кыргыз урууларынын турмушу сүрөттөлөт. Башкы каарман Жаңыл баатыр кыз, нойгут уруусунун билерманы. Анын баатырдыгы душман менен кармашта да, жекече сыноолордо да көрүнөт. Дастандын пайда болушуна тарыхый факт негиз болуп, элдин рухий муктаждыгы Жаңыл сыяктуу жаркын образдардын жаралышына шарт түзгөн” – деген маалыматты окуп келатып, ал кабар “Кыргыз адабияты энциклопедия-лык  окуу куралында” (Бишкек – 2004.  Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”)  Жаңыл мырза тууралуу маалыматтын негизинде даярдалганы дароо түшүнүктүү болот. “Кыргыз адабияты” энциклопедиясында кыргыздын нойгут элинен чыккан баатыр кызы тууралуу элдик поэмага көбүрөөк басым жасалган. “Жаңыл мырза” – эпос. Ал баатырдык эпостордун арасында өзгөчө орун ээлейт. Бул чыгарма баатыр кыз Жаңылдын тагдырына арналган. КРУИАнын Манастаануу борборунун кол жазма фондуна “Ж. М.” эпосунун төрт варианты: Тоголок Молдонун, Ы. Абдракмановдун, А. Чоробаевдин, М. Мусулманкуловдун варианттары сакталган. 1957-ж. өзүнчө китеп болуп да чыккан. Ы. Абдрамановдун варианты “Илим” басмасынан жарык көргөн. “Ж. М.” эпосу калмактардын кыргызга каршы жүргүзгөн баскынчылык чабуулун көркөм баяндайт. Жунгарлардын чабуулдары (17-к. аягы 18-к. башы) элдин аң-сезимине терең из калтырып, тарыхый уламаларда, баатырдык эпостордо чагылдырылган. Чыгарманын мазмунунда нойгут уруусунан чыккан Жаңыл мырза аттуу баатыр кыздын эрдиги баяндалган. Эпос б-ча нойгут уруусу Хотон өлкөсүндө, Лоб дайрасынын жээгинде жашайт. Тарыхчы ж-а этнографтардын билдирүүсү б-ча “нойгуттар Алтайдан Түркстанга, андан Ферганага келишет. Бул жол Енисей кыргыздарынын жолу. Ал жер илгертен кыргыздар жашаган Сох дайрасынын өзөнү эле. Бул жерде алар байыркы кыргыздарды табышкан. Жаңыл мырза кыргыздарды издеп, Лобнурга кетсе, Кара мырза кандаштарын издеп Ферганага келген”. Мына ушул санжыранын маалыматына караганда, эпостун тутумунда да нойгуттардын ысымы Лобнур дайрасынын тегереги м-н байланышкан. Кантсе да “Ж. М.” эпосунда тарыхый окуя камтылганы байкалып турат. Сюжеттин жүрүшүндө Жаңыл калмактардын чабуулун токтотуп, элине тынчтык алып берет. Баатыр кыздын ашкан эрдиги, кайраткерлиги тез эле көп жерге тарайт. Душмандар анын түрүнөн эле жалтанат. Нойгут эли болсо анын эрдигине сыймыктанышкан. Катагандын ханы Турсун, кыргызга белгилүү хандары Үчүкө, Түлкү, Кудаяр Жаңыл мырзаны алабыз деп келип, анын колунан ажал табышкан. Анын эрдигин, кайраткерлигин көрө албаган душмандар аны аңдып жүрүп колго түшүрөт. Бирок, өз намысын өтө жогору баалаган кыз туткунда да кадимки кайраткерлигинен жазбайт. Баатыр кыз үчүн туткун болуу өлүм м-н барабар эле. Ошондуктан ал көчүү мезгилинде өз элине качат. Жаңыл баарынан өзүнүн эркиндигин жогору коёт. Анын кажыбас кайраты, курч мүнөзү эч бир кишиге баш ийип, көз каранды болууну каалабайт. Эпостун негизги идеялык мазмуну өз элинин эркиндигин ж-а көз каранды эместигин сактоо өңдүү бийик түшүнүктөрдү камтыйт.

“Ж. М.” эпосун кээ бир айтуучулар аны тарыхый болгон окуялар м-н байланыштырып, ал эпостогу кээ бир образдардын прототиптери ж-дө да эскеришет. Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Жаңыл 16 –кылымда жашаган деген маалымат бар. Ы. Абдрахманов аны 17-кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Жаңылдын жашаган доорунда “кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, хан Шырдакбек, Үчүкө, Түлкү, карабейиттердин ханы Тейиш, анын балдары Аккочкор , Үлбүрчөк, Бургуйлар жашаган” – дейт Тоголок Молдо. Бул маалыматтарга караганда “Ж. М.” эпосунда кезиккен каармандардын бир тобу тарыхый адамдар экенин көрөбүз, демек эпостун жаралышына түрткү болгон элдик уламыштар реалдуу адамдардын ысымдарын камтыган болуу керек” – деген маалыматка дастандын сюжетинин негизинде драма (К. Маликов, А. Куттубаев), поэма (С. Эралиев) жазылганын кошумчаласак болот.

Мындан тарыхый инсан, көзгө атар мерген Жаңыл мырзанын баатырдыгы тууралуу баян оболу канаттуу ырга айланып, эл аралап кеткени көрүнүп турат. Ал эми ошол тарыхый баянды алгачкылардан болуп кара сөз катары кагазга түшүргөн Белек Солтоноев болгон. Ал сарыбагыштардын бийи Манаптын Сүтөй жана Жарбан деген эки уулу болуп, Сүтөйдүн баласы Сарсейит жана Тукур экенин,  Сарсейит билгиликтүү жана эр киши чыкканын баяндайт. Ошол Сарсейиттин Үчүкө, Түлкү деген балдары акылман жана эл билгич болуп чоңоюшат.

Андан ары Белек Солтоноев “Кытайга караган Аксуу шаарынын чөлкөмүндө жашаган нойгут кыргызынын улугунун Жаңыл мырза деген жалгыз кызы болуп, анын баатырлыгы билинип, элге даңкы чыгып калган кези экенин”, “Үчүкө, Түлкү жана моңолдордон Атакозу, Чабак деген баатырлар баш болуп калың кол барып, Жаңыл мырзаны Түлкүгө алып бермекчи болуп, аттанышып барышканын” жазат. Бул мезгил 1670-жыл чамасында деп божомолдойт тарыхчы.

Ошентип, бул маалыматтан Жаңыл мырза кайсы жылдарда жашаган деген суроого жооп ала алабыз. Калганы “Жаңыл мырза” жөнүндөгү элдик поэмалардын сюжетине окшош. Баатыр кыз аң уулап кеткенде Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабактар келишип, нойгут уруусун чаап алышат. Малын карактап, кайта артка кайтып келе жатып, Турпандын башы Какшаалдын ичинде жатып калышат. Жаңыл аларды артынан кууп, бир канча жылкы союп, жан казандарына салышып, бышырып жаткан чакта үстүнөн чыгып, отту тегеректеп отурган Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабакты сынай карап: “Сомдогондой билектүү, сом кара таш жүрөктүү Үчүкө, Атакозу, Чабак үчөө бирдей көк жал бөрү экен. Түлкүгө тийсе тийип алар эр экен, – деп, аларды атуу-га кыйбайт. Бирок атасынын: “Аткын, балам”, – деген сөзүнөн төртөөнү тең жаа менен атып салат.

Эртеси Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабакка жер каздырып көмдүрүп, Түлкүнүн кадыры деп алардын коштоп келишкен жолдошторуна тийбестен, ат-тондору менен аман-эсен узатып, Жаңыл үйүнө кайтат (https://muras.turmush.kg/unews/un_post:2820/?from=muras&place=search&sth=aa211ad50c7bbf2c1e63c6c9e657d365 ).

Түлкүнүн колу кайтып келип, хан Тейиштин айылына эл чогулуп, Түлкү, Үчүкө, Атакозу, Чабак төрт баатырдын кунун нойгуттан кантип алабыз деп сүйлөшүп кеңеш өтөт. Кыскасы, Жаңыл мырзанын элин чабуу үчүн казактарга акыл салып, акыры алдап нойгуттун баатыр кызын колго түшүрүп, Жаңыл мырзаны Калматайдын иниси Ормотой алат. “Мени сарыбагыштын баатыры албай, же Калматайга буйрубай” деп ичинде ызасы калган баатыр кыз айылдын кыз-келиндери: “Жаа атып өнөрүңүздү көргөзсөңүз” деп сурангандарынан пайдаланып, “согуш кийимин кийинип, чачын төбөсүнө түйүп, үстүнөн баса согуш тебетейин кийип, атын бекем токунуп, саадагын байланып, окторун асынып, ары-бери атырылтып чуу коюп, кара аттан ак көбүк чыгып тердетип биринин бөркүн асманга ыргыттырып аткан болуп, “Элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос, мен ургаачы болсом да эркектен артык элем. Мен элимди сагындым, атым үйүрүн сагынды, кош, аман болгула”, – деп аттын оозун коё берип, учкан куштай болуп, кайдасың Какшаал, кайдасың нойгут деп жүрүп кетет.

Белек Солтоноевдин маалыматы боюнча “Жаңыл Мырза узун бойлуу, шырыктай, эки ийни кең, кара сур кыз болуп, Ормотойго тийгенде 24 жашта болгон” (https://muras.turmush.kg/unews/un_post:2820/?from=muras&place=search&sth=aa211ad50c7bbf2c1e63c6c9e657d365).

Тарых илимдеринин кандидаты Дөөлөтбек Сапаралиев “XVII-XIX кылымдарда Борбордук Азия элдеринин коомдук-саясий турмушундагы аялдын ээлеген орду” макаласында: “Кыргыздын нойгут уруусунун өкүлү баатыр кыз Жаңыл мырзанын сарыбагыш уруусунан Түлкү баатыр Сарсеит уулуна болгон сүйүүсүнүн тарыхы кыргыз элинин эсинде айкын сакталган. XVII кылымда жашаган кыргыздын эки атактуу атуулдарынын легендага айланган сүйүүсү 1924-жылы Кыргыз Автоном областынын алгачкы Эл агартуу комиссары профессор Касым Тыныстанов тарабынан “Жаңыл мырза” деген ат менен тарыхый-лирикалык поэма жанрында кагаз бетине түшүрүлгөн. 1960-жылдарда кыргыз акыны Тенти Адышова бул поэманы кайрадан кирилица алфавитинде иштеп чыккан. 1996-жылы нарындык тарыхчы Калкан Керимаалы уулу «Жаңыл мырза» аталыштагы эки китептен турган тарыхый-лирикалык изилдөөнү жарыкка чыгарган.

Бул поэмада Жаңыл мырза баардык тараптан өз калкынын камын көргөн акылман жетекчи катары көрсөтүлөт. Өзгөчө сулуулук турпаты жана ажайып терең акылдуулугу менен атактуу жоокер кыз далай эр азаматтарды суктандырган. Нечендеген коңшу өлкөнүн баатырларынын ага жетүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Жаңыл көчмөн элинин өкүлү катары укмуштуудай чабандес болгон. Ал согуштук искусствону жакшы өздөштүрүү менен биргеликте жааны таамай аткан, шумкар куш жана тайган менен жогорку чеберчиликте аң уулаган. Анын табиятында акылдуулук менен сулуулук, эрдик менен назиктик, баш ийбес кайраттуу мүнөз менен иштин ийгилиги үчүн өз өмүрүн курман кылууга дайым даяр, адамды сүйө билүү жана  сүйүүнүн терең сезимдерине өзгөчө берилген  инсандык сапаттар айкалышкан эле.

Поэмада айтылгандай, Жаңыл мырза аялдык намысын өтө бийик туткандыктан, буга шек келтирген, өзү ашык болгон Түлкү баатырдан чечкиндүүлүктө жебеси менен атып андан кол үзгөн. Мындан соң, ал Түлкү баатырдын уруулаштарынын туткунунда болуп, өз башынан кыйын түйшүктөрдү жана кордуктарды, намыскөйлүк менен чыдамкайлыкта кечирген. Амалкөйлүк менен капастан бошонуп, Жаңыл мырза  кайра өз уруулаштарынын башчылыгына келип, чет элдик душмандарга каршы боштондук  күрөштү жигердүү уланткан. Ошентсе да, бул даңазалуу кыргыз баатыр кызынын өз инсандык өмүрү трагедиялуу болгон экен” деп Жаңыл мырзанын оомалуу-төкмөлүү тагдырынан баян кылып, баа бергени бар.

Түлкү, Үчүкөлөр тууралуу кеңири маалыматты санжырачы Жапар Кенчиевдин “Сарыбагыш уруусунун санжырасы” аттуу китебинен алсак болот. Ал эми Түлкү, Үчүкө жана Жаңыл мырза тууралуу баян негизинен Белек Солтоноев жазып калтырган маалыматка окшош. Элдик поэмаларда деле, Касым Тыныстановдун “Жаңыл мырзасында” деле ошол окуя баяндалат. Мунун өзү, тарыхый окуянын өзөгү бир экенинен кабарлап турат, болгону баяндоочулар тарабынан анча-мынча гана алымча-кошумчалардын киргени мыйзам ченемдүү десек болот.  Биз санжырачы Жапар Кенчиевдин сарыбагыш санжырасындагы айрым айырмалуу жерлерине гана токтололу.

Жапар Кенчиев Тагай бийдин – Богорстон, Койлон, Кылжыр деген үч баласы болгонун айта келип, булардын ичинен бизге керектүүсү Кылжыр. Кылжырдан – Орозбакты, Дөөлөсбакты. Дөөлөс узун бойлуу, кең далылуу, кара тору, бешeнеси жарык, уктаганда башынан шам күйүп турган киши болгондуктан келиндер «Нур аке» деп тергешчү экен. Бир жолку жылкы тийүүдө Дөөлөс колго түшүп, орго салынат. Бул окуя тууралуу ар кандай варианттар айтылат. Кыскасы, ал ордо жатканда калмак кызы Менсеке экөө бири-бирин жактырып калып, кыз акыры атасына айттырып, Дөөлөстү ордон чыгартат” деп кыз-жигиттин баянына көбүрөөк токтолгон. Дөөлөс менен Менсекенин арзуу баяны чынында да кызык.

(Уландысы бар)

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар