whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды

Кыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды

Кыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов  билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу ведомстволор аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде былтыр коюлган чектөөлөр жоюлду.

“Бир ай мурда Ветеринардык кызматы, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чектөөлөр алынып салынды. Бирок мурдагыдай эле көзөмөлдөө иштери күчөтүлөт. Биздин ишкерлер коюлган белгилүү бир талаптарды бузбай, техникалык регламентке ылайык иш алып баруулары керек”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 2023-жылдын башында Кыргызстандан балык азыктарын, 21-апрелден тарта сүт азыктарын Россияга ташууга тыюу салган.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар