Среда, 8 января, 2025
-0.9 C
Бишкек

Заманбап технологиялар гана адамзатты ачкалыктан сактап кала алат

Жакында Россия Федерациясынын “Россотрудничество” (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин, чет өлкөлөрдө жашашкан мекендештердин иштери жана эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча федералдык агенттик) жана “Келечектин агротехнологиялары” дүйнөлүк деңгээлдеги илимий борбор (ДДИБ) тарабынан кыргызстандык жана россиялык ММК өкүлдөрү үчүн азык-түлүк коопсуздугу маселеси боюнча пресс-тур уюштурулду.
Анын жүрүшүндө журналисттер илимий мекемелерде болушуп жана бул тармактагы адистердин баяндамаларын угушту.

Эртеңки күндү эртелеп ойлоп

Бул тармак боюнча адис Мария Дорохованын пикиринде, учурда айыл чарба өндүрүшүндө жана анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселени чечүүдө технологиялар, техника жана билим биринчи орунга чыгууда. Мында өнүккөн өлкөлөрдө адистер арасында азык-түлүк коопсуздугу боюнча бир өлкөнүн аймагында эле эмес, жалпы региондун, дүйнөнүн алкагында прогноздоо зарылчылыгын түшүнүү жаралды.

Мына ушундай милдетти түшүнүү менен “Келечектин агротехнологиялары” борбору тарабынан ар тараптуу илимий изилдөөлөр жана эксперименттер жасалууда. Бул боюнча ДДИБнин структуралары жүргүзүп жатышкан иштер тууралуу журналисттерге кеңири маалымат берилип, илимий лабораториялар, алардагы жабдуулар көрсөтүлдү жана окумуштуулардын жүргүзгөн аракеттери айтылды.

Окумуштуулардын алдында учурда мекендештеринин жөн гана курсагын тойгузуу милдети эле эмес (ачыгын айтканда, мына ушул маселе чечиле элек, башкача айтканда, дүйнөдө адамдардын тамакты тандоону мындай койгондо, ачарчылыкка тушуккан өлкөлөр да бар), адамга коопсуз жана пайдалуу азык-түлүк менен камсыздоо милдети турат. Биздин өз ара кызматташып жаткан өлкөлөрдөгү ушул маселе боюнча коллективдүү жоопкерчилик коллективдүү аракеттерге түртүүдө. Тактап айтканда, азык-түлүк коопсуздугу тармагында кызматташуу зарылчылыгы келип чыгууда.

Жогорку экономикалык мектептин Агрардык изилдөөлөр институтунун директору Надежда Орлованын айтымында, учурда дүйнө жүзүндө айыл чарбасында кардиналдуу өзгөрүүлөр жүрүүдө. 1960-жылдардагы жашыл революция артта калды. Россия бул өңүттө алдыга озуп, дүйнөлүк рынокко дан эгиндерин гана эмес, суу май, канаттуулардын этин ири өлчөмдөрдө экспорттой баштады. Бул, албетте, өлкөдөгү селекция менен генетика илимдеринин өнүгүшүнүн жана алардын өндүрүшкө кеңири киргизилүүсүнүн аркасы менен жетишилүүдө.

Орлованын пикиринде, Россия бүгүнкү күндө дүйнөнүн үчтөн бир бөлүгүн багууда жана минералдык жер семирткичтердин көлөмүнүн экиден бирин өндүрүүдө. Ошентсе да, адистин айтымында, өлкөнүн айыл чарбасы чет мамлекеттерден алынуучу көптөгөн компоненттерден өтө көз каранды болуп калган. Алардын да көпчүлүгү Украинадагы атайын операция башталгандан кийин пайда болгон “дос эмес өлкөлөр” деген терминдеги мамлекеттерден.

Мисалы, тоюттардын биоконсерванттарынын 60-70%ы сырттан алынуучу. Мына ушундан улам учурда Россияда экспорттун ордун толтуруучу альтернативдүү булактар изделип жана өздүк өндүрүштөр түзүлө баштады. Башкасын айтпаганда да биоконсерванттардын 70%ы Россиянын өзүндө өндүрүлө баштады.

Аны менен катар продукцияны сатып өткөрүүнүн учурдагы рынокторун сактап калуу жана жаңы рынокторду издөө аракеттери көрүлүүдө.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, азыр жер жүзүндөгү жети миллиарддан ашуун адамдын “алтын миллиарды”, же башкача айтканда, байлары сапаттуу жана биологиялык таза азык-түлүктү керектесе, калган алты миллиард үчүн андай азык-түлүк жетишсиз болуп калууда. Айталы, органикалык таза азыктардын рыногу Германия жана Италия сыяктуу өнүккөн өлкөлөр менен катар эле Кытайдагы 450 миллионго жакын адамдарга жеткиликтүү болууда.

“Россельхозбанктын” өкүлү Андрей Дальновдун пикиринде, Россияда учурда балык жана балык азыктарын керектөөнү өстүрүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Анда мектеп окуучуларынан баштап ушул азыктарды жегенге көнүктүрүү да бар. Бул адамдардын организминде керектүү заттардын жетиштүү болуп, саламаттыгынын чың болушуна өбөлгө түзмөкчү.

Атактуу “Тимирязевкада”

Заманбап агрардык изилдөөлөрдө Москвадагы К.А.Тимирязев атындагы Россия мамлекеттик агрардык университети (мурдагы аталышы – К.А.Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясы) авангарддык ролду алганы кокусунан эмес. Атактуу ЖОЖ “Келечектин агротехнологиялары” дүйнөлүк деңгээлдеги илимий борбордун катардагы катышуучусу гана эмес, анын ректору Владимир Трухачев консорциумду түзүүнүн демилгечиси да болуп саналат.

– 2020-жылы Тимирязев академиясы айыл чарбасына эң жаңы технологияларды сунуштоо үчүн Россиянын алдыңкы агрардык илимий мектептерин баш коштурду. Бүгүнкү күндө борбор 60 илимий изилдөөчүлүк долбоорлорду ишке ашырууда, а анын натыйжалары россиялык агробизнестин лидерлери тарабынан пайдаланылууда, – дейт ЖОЖдун илим боюнча проректорунун милдетин аткаруучу Иван Свинарев.

Окуу жайдын адистери пресс-турдун катышуучуларына өсүмдүктөрдүн селекциясы, айыл чарбасында коргоочу, кубаттоочу комплекстерди иштеп чыгуу, өсүмдүктөрдү тездетилген көбөйтүү жана өстүрүү технологиялары тармагындагы, так дыйканчылык жана агроөнөр жай комплексинде жасалма интеллектти киргизүү чөйрөсүндөгү иштеп чыгуулар боюнча өздөрү жүргүзүп жаткан изилдөөлөр туу-ралуу кеңири айтып беришти.

Алардын тастыктоосунда, мунун баары өлкөнүн жашылча-жемиш, дан эгиндери, буурчактуу өсүмдүктөр боюнча азык-түлүк суверенитетине өбөлгө түзмөкчү. Эң жаңы техникалары менен лабораториялар, күнөсканалар, окуу класстары жана агрономиялык илимге жардам берүүчү башка нерселер да көрсөтүлдү.

Академиянын жетекчилери жана окумуштуулары Кыргызстандагы коллегалары менен бул багытта иш алып барууга кызыкдар экендиктерин да билдиришти. Тилекке каршы, азырынча биз тараптан кызматташуу боюнча сунуштар түшкөн эмес.

 

Биздин да катышыбыз бар

Кеп кезеги келгенде айта кетсек, Союз мезгилинде Москвадагы К.А.Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясын көптөгөн кыргыз жаштары бүтүрүшкөн. Алар өлкөбүздүн айыл чарбасын, жалпы эле экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошушкан.

Алардын арасында эң белгилүүлөрү — өлкөнүн Премьер-министри кызматына чейин жеткен Өмүрбек Бабанов, учурда Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбеков болсо керек.

Кубанткан дагы бир нерсе – учурда бул алдыңкы жогорку окуу жайында Кыргызстандан 30дан ашуун студенттин окуп жатышканы. Алардын лидери Баткен облусунун тургуну Таалайбек Рысбаев экен.

Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, кыргызстандык студенттер аракетчилдиги менен айырмаланып турушат. Келечекте алар өлкөбүзгө кайтышып, атактуу Тимирязевкадан алышкан терең билимдерин өлкөбүздү өнүктүрүүгө жумшашат деп ишенип туралы.

Баса, Т.Рысбаев окуу жайды аяктагандан кийин туулуп-өскөн аймагында өрүк өстүрүүнү жана кайра иштетүүнү илимий жолго коюу тилеги бар экенин айтты.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”,
Бишкек – Москва – Бишкек

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар