Түрк туугандар “Туризм – түтүнү жок завод” деп келишет эмеспи. Анын сыңарындай, чынында мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылардын жоболору сакталуу менен өнүктүрүлгөн учурда туризм өндүрүш ишканаларынан айырмаланып, экологияга терс таасирин тийгизбеген (булгоочу заттарды чыгарбаган) киреше алып келчү тармак болууга тийиш. А иш жүзүндө…
30-июлда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова маалымат жыйынында Ысык-Көлдөгү 12 пансионаттын иши экологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн токтотулганын билдирди. Анын айтуусунда, Президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги «Ысык-Көлдүн экология-сын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде аймакта жайгашкан жалпы санаторийлерге, пансионаттарга жана эс алуу жайларга инвентарлаштыруу жүргүзүлгөн. Анын натыйжасы эмнени көрсөттү?
Эске сала кетсек, аталган жарлык менен облустун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, кот-тедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө жана кезектеги курорттук сезонго карата суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган эс алуу жайларына жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө тыюу салынган.
Жалпысынан 1127 эс алуу жайынан 165инин саркынды сууларды тазалоочу жайлары бар, 208инин канализация сис-темасы борборлоштурулган же башка эс алуу жайлардыкына кошулган. Жаңы курулуп жаткан жайлардын саны – 39. Ал эми тазалоочу курулмасы жок жайлардын саны – 754.
Бул жерден мына ушул кийинки эки санга көңүл буралы. 208 эс алуу жайынын канализация системасы башкалардыкына кошулганы суроо жаратат. Анткени, ар бир курулма белгилүү бир долбоордук өлчөмдө болот, ал ошол эс алуу жайындагы эс алуучулардын санына жараша эсептелет эмеспи. Макул, эс алуу жайынын келечектеги кеңейишин эске алып курган күндө деле, кандайдыр-бир чектен ашпайт. Анан ага өз алдынча курулган эс алуу жайынын кошулуп алуусу канчалык долбоордук чектин алкагында болот? Бул маселени ошол текшерүүчү мекеменин адистери да беришти деп коелу…
Олуттуу суроо жаратканы кийинкиси – 754 эс алуу жайынын тазалоочу курулмалары жоктугу. Мына ушулардын буга чейин иштеп келгенинин өзү – парадокс.
Бул эс алуу жайларынын ээлери туристтик сезон кызыган азыркы учурга чейин эмне үчүн өздөрүндөгү кемчиликтерди четтетишкен эмес? Мына ушул мыйзамдуу суроо кызык болуп турат.
Албетте, а суроонун жообун болжолдоого болот. Биздеги көп жылдардан берки коррупциядан улам, мындай маселелерди тиешелүү органдардын жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүүлөр (ачык айтканда, пара берүү) менен чечилип келгени жашыруун эмес. Андайлар бул жолу да ошентип чечип алабыз деп үмүттөнүшкөн окшойт.
Бирок, азыркы бийликтегилердин коррупция менен кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө күрөшүүсүнөн улам андайлардын үмүтү таш капты окшойт. Ошондуктан, бул жолку эскертүүдөн кийин алардын ээлери кемчиликти четтетишет жана ал ишти экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын адистери өз көзөмөлүнө алышат деп ишенип туралы.
А жалпысынан экологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн 12 эс алуу жайынын – Семеновка айылындагы «Дальний кардон», Корумду айылындагы «Смена», Бостеридеги «Белек», «Золотые пески», «Взморье Сити», «Асыл-Таш», Кош-Көл айылындагы «Ой-Керемет», «Золотой Трэбас», Тору-Айгыр айылындагы «Улан», Чок-Тал айылындагы «Кооператор», Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата», Бактуу-Долоноту айылындагы А.Чалжанов атындагы пансионаттардын иштөөсү убактылуу токтотулган.
Көл кылаасы өлкөдөгү эң көп эс алуу жайлары жайгашкан жана өзгөчө жайкысын ички жана тышкы туристтердин агымы кескин өскөн аймак. Айрым эсептөөлөр боюнча, жыл сайын жайында эле миллиондон ашуун эс алуучулар келишет.
Кеп алардын санында эле эмес. Чындап келгенде эс алуучулардын жыштыгы боюнча мындан жогору эс алуу жайлары бар өлкөлөр көп. Кеп эс алуу жайларындагы экологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышында. Жогорудагыдай болуп, экологиялык коопсуздук маселеси сакталбай, жапайы мамиле жасай берсек, уникалдуу көлүбүзгө орду толгус зыян келтирип алуубуз да мүмкүн.
Ошондуктан, туризм объектилерине түрк туугандар айткандай, принцип менен мамиле жасап, табият берген жаратылыштык байлыгыбызды – кооз жерлерибизди, көлдөрүбүздү, шар аккан тоо суулары менен табигый токойлорубузду киреше табуу менен катар эле эртеңибизди да ойлоп, экологиябызга кесепет келтирбегендей пайдаланганыбыз туура болмок.
Т.Исхаков