Суббота, 4 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Балдын даамын – таткан, баасын – саткан билет

Өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь – май айларында Кыргызстан экспортко 765,8 миң долларлык 144,4 тонна бал чыгарган.

Ошол эле булактын маалыматы боюнча, таттуу продукция эң көп Кувейтке (31,2 тонна) экспорттолгон. Салыштыруу үчүн айта кетсек, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,9 тоннага көп.

Балдын экспортунун географиясы да кеңири: АКШ – 27,8 тонна, Кытай – 26,7 тонна, БАЭ – 25,7 тонна, Япония – 6,5 тонна, Малайзия – 5,8 тонна, Катар – 3,2 тонна, Түштүк Корея – 2,9 тонна. Ошондой эле аз санда бал Бахрейнге, Индияга, Иорданияга жана Сауд Аравияга чыгарылган.

Балдын өткөн жылдагы экспорту 439 тоннаны, же наркын алсак, 1,5 млн. долларды түзгөн. 2022-жылы Кыргызстан 258,4 тонна бал экспорттогонун эске алган 2023-жылдагы өсүш 180,6 тоннаны түзгөн.

Кыргызстандын Аарычылар палатасынын төрагасы Султан Аббасовдун журналисттерге берген маалыматы боюнча, жалпысынан өлкөбүз таттуу азыкты дүйнөнүн 34 өлкөсүнө экспорттойт экен.

Ал кыргыз балы россиялык балга салыштырмалуу эки эсе кымбат экенин белгиледи. Анын түшүндүрүүсүндө, Россиядан ташылып келген бал гречиха сыяктуу техникалык өсүмдүктөрдөн чогултулган. А биздин тоонун түркүн чөптөрүнөн чогултулган балдын курамы бай болуп, экологиябыз жана жаратылыш шарттарыбыз да таза болгондуктан жогору бааланат экен. Жалпылап айтканда, органикалык балга бир топ жакын.

Ошол эле учурда 2022-жылы 11,9 тонна, 2023-жылы 21,5 тонна бал импорттогонбуз.

Т.ИСХАКОВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар