whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүАк-Жар айылында 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ак-Жар айылында 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн, 1-мартта Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айлындагы А.Калыбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, Айтматов районунун акими Б.Сагымбаев, юстиция министри Аяз Баетов, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору М.Жыпаркулов жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, мугалимдер менен айыл тургундары катышты.

Белгилей кетсек, авариялык абалдагы деп эсептелинген А.Калыбаев атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу 2015-жылы республикалык буюджеттин эсебинен 225 орундуу эки кабат мектептин курулуш иштери башталып, акча каражатына байланыштуу курулуш иштери токтоп калган. 2022-жылы күз айларында курулуш иштери кайрадан жандандырылып, толугу менен курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

Мектептин курулушунун жалпы сметалык наркы, эмеректери менен 79 млн сомду түзүп, курулуш иштери “Арга Ишеним” ЖЧК тарабынан жүргүзүлдү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар