whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБалдар үчүн «Бөбөктай» борбору ачылды

Балдар үчүн «Бөбөктай» борбору ачылды

Бүгүн, 1-мартта, Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн “Бөбөктай” балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды.

Борборду ачуу идеясы Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаевага таандык. «Мен биринчи күнү министр кызматына келгенде балдар менен кошо жумушка келген кызматкерлерди көргөндө, ушул идея келди. Мамлекеттик кызматта иштегендерге иш күнү чектелбейт», — деди Догдуркул Кендирбаева.

Бөбөктөрдү өнүктүрүү борборунун түзүүнүн үлгүсү катары ачылып жатканын айтып, бул жакшы самаалыкты билим берүү тармактары жана башка министрликтер дагы колдоого чакырып, уюштуруу үчүн челлендж таштады. Мындай борборду каалаган мекемеде, уюмда, ишканада уюштурууга болот. Айрыкча ошол мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлердин балдары үчүн ыңгайлуу.

Борбордо балдар эки сааттан 10 саатка чейинки убакытта боло алышат. Аларды И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен түзүлгөн келишимге ылайык күндүзү мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан студент-практиканттар карайт.

Борборго демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, килемдер улуттук стилде коопсуз, экологиялык таза материалдардан жасалган. Ошондой эле муздаткыч, микротолкундуу меш жана телевизор менен жабдылган. Борбордун ичинде ысык жана муздак суу менен камсыздалган бөлмө, ошондой эле мектепке чейинки балдар үчүн өзүнчө дааратканасы бар.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар