Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт.
ЖРТга каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.
Каттоодо бүтүрүүчүлөрдө төмөнкү документтер болушу керек:
— паспорттун оригиналы (эгер паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк);
— орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн);
— ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция;
— талапка туура келген электрондук сүрөт.