“Жөжөнү күздө сана” дейт. Өткөн жылдын күз айларына карата өлкө аймагында мамлекет тарабынан 501 социалдык объектинин курулушу жүрүп, анын 204ү жалпы билим берүү мектептери болгон. Жаңы окуу жылына карата 43 мектеп, 5 спорттук зал, 3 бала бакча ишке берилсе, жыл аягына карата 100 билим берүү мекемеси ишке кирди.
Мындан тышкары, Кыргызстан боюнча жалпы аянты 5 миллион 552 квадрат метрди түзгөн 451 көп квартиралуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткан 420 үй-бүлөгө жаңы турак жайдын ачкычтары берилди.
Тышкы карыздарды төлөөнүн эң бийик көрсөткүчтөрү ушул жылдарга туш келгенине карабастан, мамлекет өз милдеттерин унутпай, мектептерди, бала бакчаларды куруп, административдик имарат, маданият үйлөрүн, суу курулуштарын салып, калкты турак жай менен камсыз кылуу үчүн батир куруу демилгесин да өз колуна алып, колдон келген аракеттерин жасап жатканы жакшы жышаана. Ошондой болсо да, Кыргызстандын жараны катары ар бир ойлонто турган, кайдыгер карабай көңүл бура турган бир жагдай бар. Айталы, 2017-жылы мектепке 1,2 миллион бала барса, учурда республикабыздын аймагындагы 2350 мектепте 1 миллион 447 миң окуучу окуйт. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, калкыбыздын саны өсүп, калктын санынын табигый өсүшү туруктуу болуп, жыл сайын мектепке чейинки мекемелерге жана мектепке барган балдардын саны жыл сайын 40 миңге өсүп жатканы жакшы көрүнүш. Мунун өзү өз кезегинде жер-жерлерде жаңы мектептерди жана мектептердин кошумча имараттарын курууну шарттай турганы да талашсыз. Буга кошумча эски мектептер капиталдык ремонтту талап кылып жатканын да эсибизден чыгарбоого тийишпиз.
Улуттук статкомдун маалыматына таянсак, 2022-жылдын башына карата балдар бакчаларынын саны 1712ни түзгөн. Мунун 1500ү мамлекеттик жана муниципалдык болсо, 212си жеке бала бакчалар. Азыркы учурда 2022-жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны 122ге көбөйгөнү менен бул да жетишсиз. Билим берүү министрлигинин маалыматтарына таянсак, бөбөктөрдү толугу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен камсыз кылуу үчүн ар бири 280 орундуу 2 миң 746 бала бакча салуу керек экен.
Демек, бүгүнкү күндө мамлекеттин алдында ондогон мектептерди жана жүздөгөн бала бакчаларды салуу озуйпасы турат. Мына ушундай учурда, жеке тараптар, анын ичинде бизнес өкүлдөрү, жеке ишкерлер мамлекеттин колуна кол, бутуна бут болуп, бала бакчаларды, мектептерди жана мектептердин кошумча корпустарын курууга көмөктөшсө кандай болор эле деген ой жаралат.
Мындай саамалыктар кошуна Казакстанда кадимкидей жолго коюлган. “Саби” фондунун жетекчиси Асел Тасмагамбетова жана өмүрлүк жолдошу Кенес Ракишев 2017-жылы Наурызбай районунун Акжар айылына 1200 окуучулук орундуу мектеп белек кылышып, анын ачылыш аземине Алматынын акими Бауржан Байбек катышкан. Жалпы аянты 3 гектарды ээлеген мектептин аянты 11 625 кв. метрди түзүп, 1 млрд. 725 млн. тенге жумшалган. Дегеле, “Саби” фонду билим берүү тармагындагы кайрымдуулук иштери менен белгилүү. Таланттуу жаштар “Саби” фондунун грантын утуп алып, New York Film Academy сыяктуу чет жердеги академиялардан окуп келген фактылар арбын.
А.Тасмагамбетова аны менен токтоп калбай, 2021-жылы Алматы шаарында Ш.Уалиханов атындагы мектепти ачкан. 1 га жерде жайгашкан 12 миң кв. метр аянтты ээлеген мектепке 6 млрд. тенге инвестиция жумшалган. Заманбап стилде салынган мектептин китепканасынын аянты эле 600 кв. метрди түзөт.
А.Тасмагамбетовадан эмне үчүн мектеп куруу жана билим берүү долбоорлоруна артыкчылык берерин сураганда, ал: “Биз өзүбүз курган мектептерди бизнес долбоор катары эсептебейбиз, биздин максат жаш муундун инсан катары калыптануусуна катышып, өз тарыхын, маданиятын жана тилин билген муунду өстүрүп чыгарууга катышкыбыз келет. Алар – Казакстандын келечеги. Демек, алар келечектүү болсо, биздин ишибиздин келечеги да ошончо” деп айткан. Казакстандын башка аймактарында да казак бизнесмендери, ишкерлери мамлекетке жардам берип, мектеп, бала бакча куруп берген фактылар арбын.
Албетте, мындай демилге, саамалыктардан Кыргызстан деле куру эмес. Аймактарда болбосо да, Бишкекте жеке менчик мектептер курулуп иштеп жатат. Бирок, айырмасы ал билим берүү мекемелери – бизнес долбоорлор катары иш алып барууда. Мисалы, жеке менчик бала бакчаларда бир балага акы айына 12-15 миң болсо, жеке менчик мектептерде айына 20-35 миң сомду түзөт. Мындай билим берүү мекемелеринде бардык эле ата-эне баласын окута албайт, тарбиялата албайт. Ошондуктан, билим берүү тармагына салым кошкусу келген кыргыз ишкерлери ушуну эске алышса жакшы болор эле.
Дегеле билим берүү тармагын бизнес долбоорго айландырбай, аймактарга, айыл жерлерине зарылдыгына жараша мектептердин кошумча корпустарын курууга салым кошушса, бул алардын келечекке жасаган инвестициясы болмок.
Кийинкиге калтыра бербей, быйылкы жылдан Кыргызстандын 100 бизнесменинен 100 мектеп долбоору башталса, бул жалпы элдик ишке жалпы кыргызстандыктар да кошулуп, колдоо-сүрөөгө алып кетмек, мамлекетке болгон чоң колдоо болмок деген ойдобуз.