Кыргызстандыктар эмгек миграциясына чыккан өлкөлөрдүн сап башында Россия Федерациясы турат. Бейрасмий маалыматтар боюнча бир миллиондон ашуун мекендешибиз бул өлкөдө иштейт. Ошол миллиондогон мекендештердин арасында ар кандай кылмыштарга катышып, сот жообуна тартылгандар да кездешет. Бүгүнкү маектешибиз Салтанат Митиева бир нече жылдан бери тергөө жана сот процесстеринде мекендештерибизге котормочулук кылып келет. Ал “Кыргыз Туусуна” берген маегинде төмөнкү суроолорубузга жооп берди.
– Салтанат эже биринчи жолу котормочу болуп жумушка чыккан күнүңүз эсиниздеби? Ошондо кандай иш каралды эле?
– Албетте эсимде, анда өзүм юридикалык терминдерди жакшы түшүнбөй, аябай кыйналганмын. Биринчи жолу 162-берене “Каракчылык” боюнча сотко барганмын.
– Көбүнчө курьер болуп иштеген мекендештерибиз камалып калууда. Алар маңзат ташып жүргөнүн билбейби же билип туруп жеңил акчага азгырылышабы?
– Курьер болуп иштеп, маңзат ташыгандардын дээрлик 95%ы билип кылмыш кылышат. Себеби, иш берүүчү көзгө көрүнбөй, телефон аркылуу башкарат. Маңзатты тал-теректин астына көмөсүң, таштанды челекке саласың, аны сүрөткө тартып бизге ватсаптан жибересиң деп иш берүүчүлөр айтат. Бул мыйзамсыз иш экенин биздин мекендештер билет, бирок оор кылмыш экенин билишпейт. Эгер кармалсаңар айып пул төлөп чыгасыңар деген сөзгө ишенип алышат.
– Акыркы күндөрү кыргыз кыз-келиндеринин Россиянын тергөө абактарында жана түрмөлөрүндө көбөйүп жатканын байма-бай айтып келесиз. Алар көбүнчө кандай мыйзам бузганы үчүн жазага тартылууда?
– Россиянын абактарында кыз-келиндерибиз түрдүү кылмыштар менен отурат. Көбүнчө 228-берене “Маңзат” болсо, андан тышкары 105-берене “Адам өлтүрүү”, 111-берене “Денеге оор залал келтирүү”, 159-берене “Алдамчылык” беренеси менен жаза өтөп жаткандары бар.
Азыркы учурдагы бул жактагы Можайск абагында башка аялдар абагына караганда кыздар аз, бул жактан көп кыздар Кыргызстанга которулуп кетишти, ушул убакта 7 кыргыз жараны бар, алардын ичинен экөө жаш баласы менен отурса, эне бала, тактап айтканда апасы менен кызы бир абакта отурушат.
– Камалган аялдар сизге кат жазып, телефон чалып турушат экен. Алар сизге телефон чалганда көбүнчө эмнени сурашат?
– Можайск аялдар абагынан сырткары, Владимир областы, Мордовия Республикасы, Липецк областы, Орловский областынан кыздар бат-бат телефон чалып турушат. Соттолуучулар үчүн абакта атайы “Фсинет”, “Зонателеком” сыяктуу байланыш телефондор орнотулган. Ошол жактан чалып, смс жазып турганы уруксат берилет, бирок орус тилинде болуу керек, ар бир смс абак кызматкеринин көзөмөлүнөн өтөт. Алар менден бир нерсе алып келип бериңиз деп айтышпайт, эмнегедир тартынышат, болгону келип сүйлөшүп кетиңиз, сизге түрмө жетекчилигинен уруксат алдык деп калышат. Аял кишинин муктаждыгын билгеним үчүн өзүм керектүү нерселерин суратпай алып барам.
– Мыйзам жол берген учурда эркинен ажыратылгандарды Кыргызстанга которууга документ чогултууга көмөктөшүп каласыз. Кайсы кылмыштар үчүн Россиянын укук коргоо органдары эркинен ажыратылган жаранды которуудан баш тартат?
– Конвенциянын негизинде кыргыз жарандары өз мамлекетинде калган мөөнөтүн өтөөгө уруксат берилген. Бирок Россия Федерациясы эмес, биздин Кыргызстандын Жогорку соту өзүбүздүн жарандарды кабыл алгандан баш тартып жатканы мени таң калтырат. Жакында беш баланын документ иштерин бүтүрүүгө көмөктөштүм, эки баланы Жогорку сот кабыл алды, үчөөнөн баш тартты. Себебин сурасам, мыйзам жол бербейт деп жооп беришти. Мыйзам жол бербесе баарына жол бербөө керек, беш баланын кылган кылмышы, статьясы, жаза мөөнөтү бирдей, булар бирге кылмыш кылышкан.
Россия Федерациясы эгер соттолуучунун мамлекетке же жабырлануучуга карызы болсо, которгондон баш тартат. Көбүнчө адам өлтүрүү менен кармалгандарга сот өкүм менен кошо, жабырлануучуга төлөп бер деп миллиондон ашык төлөм коет, аны төлөбөсө Кыргызстанга которууга болбойт.
– Оор кылмыштар үчүн кармалган жарандарды өлкөгө которууга жардам берем деп камалган адамдын жакындарынан ири суммада акча алгандар дагы болот экен. Ошондуктан мекендештер үчүн так айтып койсоңуз, Кыргызстанга которууга жардам берем деген адвокаттарга ишенсе болобу?
– Кыргызстанга которуп берем деп бир жыл мурда Свердловский областына караштуу Невьянск шаарындагы соттолуучунун ата-энесинен адвокат 800 миң (сегиз жүз миң) акча алып, эч кандай результат көрсөтпөптүр. Андай алданып калгандар четтен табылат. Кыргызстанга которуу үчүн эч кимге акча берүү керек эмес, Башкы прокуратурага арыз жазса, баары мыйзам жолунда бекер болот.
– Сиздин эсиңизде калган мигранттар катышкан кылмыш иштери тууралуу айтып берсеңиз?
– Менин эсимде калганы мындан үч жыл мурда 42 жаштагы аялдын көчөдө өзү төрөп, эч нерсе болбогондой таштанды челекке таштап кетип калганы таң калтырган. ªзү алты баланын энеси, жетинчи баласын баштыкка салып, жөн гана таштандыга ыргытканга кантип колу барды деп көпкө чейин өзүмө келе алган эмесмин.
– Россияга биринчи жолу иштегени барып жаткандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Россия Федерациясынын чек арасына кирген адам эң биринчи документ иштерине так болушу зарыл. Ар кайсы ортомчуларга эмес, убактылуу каттоого туруу документин үйдүн ээси менен келишим түзүп, таза жасатуу керек. Эмгек келишимин да иштеген жерден сөзсүз алуу кажет. Көп учурда мекендештерибиз ортомчуларга документ жасатышат. Ал документти полиция кызматкерлери текшергенде базадан чыкпай калууда, анын айынан айрымдарына айып пул салынса, дагы бирлерин РФнын аймагынан чыгарып салышууда.
Документтери таза болсо, көчөдө жүрүм-туруму жакшы болсо, ар кандай мыйзамсыз иштерге аралашпаса полиция да, башкасы да тийишпейт.
Султанбек Аманбеков, “Кыргыз Туусу”