Дария Абдиметалиева кесиби боюнча инженер-программист. Ал 2023-жылдын октябрь айынан бери балдарга арналган китептерди чыгаруу менен алектенип келет. Бүгүнкү күндө Дария Абдиметалиеванын жеке долбоорунун алкагында 15 жомок китеп жарык көрдү. 15 китептин 11и котормо. Башкача айтканда, англис тилинен кыргыз тилине түз которулган Диснейдин жомоктору.
Дария Абдиметалиева жакындан бери жомок китептер үчүн атайын куржундарды сунуштай баштады. Каарманыбыз аталган жомок куржундар жентек той, тушоо той, бешик той ж.б. жакшылыктарга алып баруу үчүн эң жакшы белек болот деп эсептейт.
– Кыргыз тилиндеги жомок китептерди чыгаруу ишине кантип киришип калдыңыз?
– Менин төрт балам бар. Биз балдарыбызга кыргызча билишиңер керек, кыргызча сүйлөгүлө деген талапты коебуз. Мүмкүн болушунча кыргызча китептерди алып берип, окутканга аракет кылабыз. Бирок, тилекке каршы ойдогудай китеп-журналдарды кезиктире бербейбиз. Жаш балдарга арналган түркүн-түстүү сүрөттөрү менен китептерди чыгаруу жөнүндөдайыма ойлоно берчүмүн. Бир күнү «Турар» басмасынын кожоюну Милан Мураталиевге жолугуп калдым. Ал да кыргыз тили үчүн күйгөн адам эмеспи. Милан экөөбүз кыргыз тилин кантип өнүктүрүү керектигин талкууладык. Соңунда балдар адабиятынын үстүндө иштешибиз керек деген тыянакка келдик. Мен ага иллюстрацияга басым жасап, кыргыз тилиндеги жомокторду чыгарууну сунуштадым. Оюбуз бир жерден чыкты. Көрсө, Милан да ушундай китептерди басып чыгарууну көптөн бери каалап жүргөн экен. Ошентип, акылдашып, кеңешип отуруп кыргыз тилиндеги жомок китептерди чыгара баштадык.
– Бул китептерди чыгарууда эмнеге көбүрөөк көңүл бурдуңуздар?
– Биздин өлкөдө көбүнчө китеп басып чыгарууда шрифтке, иллюстрацияга, кагаздын сапатына көңүл бурушпайт. Баланы өзүнө тартканга аракет кылышпайт. Бирок, азыркы балдар сүрөттөрдү, ачык түстөрдү жана кыймылдарды жакшы көрүшөт. Биз стандарттуу макеттен, адаттагы эрежелерден четтөөнү кааладык. Мүмкүн болушунча тексттерди аз, сүрөттөрдү көп кылдык. Себеби, китептен окуганды билбеген балдар деле сүрөт аркылуу таасирленип, кызыгат. Адатта Ө, Ү, Ң тамгалары болгондо Arial, Times New Roman шрифттерин колдонушат эмеспи. Биз бул стандарттан качтык. Ө, Ү, Ң тамгаларын атайын балдар адабиятынын шрифтерине ылайык жасадык. Биздин максат – балдарды чексиз, эркин ой жүгүрткөн инсан кылып тарбиялоо. Бул анча деле маанилүү эместей сезилиши мүмкүн. Бирок, ошол эле балдар психологдору баланы кандайдыр бир рамкага дайыма көнүктүрүү туура эмес деп айтышат. Жомок китептердин аркасында QR код бар. Ошол шилтеме менен кирсе, Youtube да Урмат Борченов жана Ырысбай Жумаевдин (“Баластан” каналынын алып баруучусу) окуган аудио жомокторун уга алышат.
– 15 китептин 11и чет элдик жомоктор экен, буларды ким которду?
– Англис тилинен кыргызчага балдар жазуучусу Насыпбек Асанбаев которду. Кыргыз тилин мыкты билген котормочубуздан жөнөкөй жана түшүнүктүү сөздөрдү колдонуп которуусун өтүндүк. Ошондо кыргыз тилин билбеген же начар билген орус тилдүү балдарга жеңил болот дедик. Ал тургай ата-энелер түшүнүксүз терминдерге же архаизмдерге туш болгондо, мындай китептерди четке кагып коюшарын билем. Ошондуктан, агай максималдуу түрдө жеңил сөздөрдү колдонуп которгонго аракет кылды. Жомок китептер Бишкектин дээрлик бардык китеп дүкөндөрүндө сатылып жатат.
– Балдар жазуучулары жетишсиз үчүн, котормого басым жасалдыбы?
– Кыргызстанда балдар жазуучулары жок эмес. Бирок, аябай аз. Ошондой эле улуу муундагы авторлорубуз эскиче жазат. Ал бүгүнкү балдарыбызга сиңбейт. Албетте, бул менин жеке оюм. Анткени, азыркы балдардын талабы, табити такыр башка. Ошондуктан, акыркы жылдары Европадан бизге алынып келинген балдар китептерине, англис тилиндеги басылмаларга көп көңүл бура баштадым. Бирок, биз өзүбүздүн авторлорубузду да унутта калтырган жокпуз. Котормолордон сырткары, Насипбек Асанбаевдин “Бөжөктөр” деп аталган сериял жомокторун жана Элдар Абакировдун “Кичинекей кыз жана жетинчи жылдыз” деген жомогун басып чыгардык. Бул жомоктордун иллюстрацияларын дагы кыргыз сүрөтчү тарткан.
– Социалдык тармактарда жакындан бери жомок китептерди сала турган куржундар тууралуу маалымат пайда болду?
– Кыргыз тилиндеги жомок китептерди чыгара баштаганда, аларды салып белекке бергидей кылып катуу картондон кутуча жасаганбыз. Бирок, ал бир-эки колдонгондон кийин айрылып, тытылып ар кайсы жерде калат экен. Ошондо китептерди салганга, көтөрүп алып жүргөнгө, белек кылып бергенге ыңгайлуу баштыкча керек экенин түшүндүм. Көпкө ойлондум. Кийин канча жыл мурунку өзүмдүн практикамда колдонуп көргөн куржундарымды эстедим. Мындан 10-15 жыл мурун батирден батирге көчүп жашап жүрдүк. Балдарымдын оюнчуктарын салып жыйнап койгонго кадимки эле чүпүрөктөн көп чөнтөктүү куржундарды тигип балдардын бою жеткидей кылып дубалга илип койчумун. Балдарым оюнчуктары менен ойноп бүткөндө кайра ошол жерге жыйнап коюшчу. Ойлоп көрсөм 15 китепти бир сатып алгандар үчүн ошол куржун абдан ыңгайлуу болчудай экен. Анан азыркы заманбап стилдеги куржундардын эскизин даярдадык. Адатта буюмдардын өңү кыз-эркектикине жараша кызыл, көк деп бөлө беребиз го. Биз куржундун өңүн нейтралдуу кылдык. Кыз балага да, эркек балага да кете берет.
– Бул куржундун баасы канча турат жана кайсы жактан сатып алса болот?
– Азыркы тапта куржундарды тиктирип жатабыз. Жакынкы аралыкта “Турар” басмаканасынын китеп дүкөнүнө сатыкка чыгарабыз. Ал эми баасына келсек, куржундун өзүнүн материалынын баасы жана тикмечинин иши биригип 800 сом болду. Ал эми ичине салынган китептердин эң арзаны 230, эң кымбаты 300 сом. Куржунга 12-18 китепке чейин салса болот. Эгер кардар куржунду 12 китеби менен ала турган болсо 4000 сомго ала алат…
– Бул баа ата-энелер үчүн кол жетимдүү деп ойлойсузбу?
– Албетте, эмнеге кымбат дегендер да болушу мүмкүн. Эгер китептин өзүнүн баасы жөнүндө айта турган болсок, эгер коом кайдыгер болбой, балдарыбыз кыргызча сүйлөш керек, тили эне тилинде чыгыш керек, аны кантип үйрөтөбүз деп, элдин аң-сезими өссө китепти алыш керек болот. Коомчулук колдоп, балдарына бул китептерди сатып ала баштаса, бул биздин туура жолдо экенибиздин белгиси болот.
– Жомок куржундардын келечегин кандай элестетип жатасыз?
– Бир-эки ай мурун жентек тойго барып калдык. Тойдогу ашыкча чыгымдар, ашыкча түйшүктөр мени ойго салды. Таене, таяталары тойго эмнелерди гана алып барышпайт. Коляска, ходунок, манеж ж.б. жакшы көрүнбөй калат, эл эмне дейт деп небереси колдонобу, колдонбойбу, керекпи, керек эмеспи эмненин баарын гана алышпайт. Дос-душмандын көзү бар деп катар-катар себеттерди жасаган модага айланыптыр. Тойканада отурган коноктор үчүн деп, ар бир столго оюнчук таратышат экен. Ушунун баары жаңыдан төрөлгөн балага канчалык пайда келтирет? Баланын кийин-ки жашоосуна эмне берет? Эгер чын эле ачылып-чачылып белек бергилери келсе, наристенин келечегине, түбөлүгүнө пайда келтирчү белектерди берсин. Ошол пайдалуу белектердин катарына биздин жомок куржундарды кошсок туура деп эсептейм. Себеби, баланын тили кыргыз тилинде чыгышына таасир этет. Андагы сүрөттөр баланын ой жүгүртүүсүн, фантазиясын, дүйнө таанымын кеңейтет. Жогоруда айткандай, жомок куржундардын келечеги адамдардын аң-сезимине көз каранды. Эгерде ойгонсо, керектүү нерсе катары кабыл алынат.
– Ар бир бала бакчага керектүү экен…
– Менде Билим берүү министрлигине же Маданият министрлигине кайрылуу идеясы бар болчу. Бирок мен мектептерди, бала бакчаларды же китепканаларды бул китептерди сатып алууга мажбурлашын каалабадым. Мугалимдер же ата-энелер бир нерсе сатып алууга аргасыз болгондо эмне болорун билебиз. Биздин жомокторубузду балдары үчүн сатып алып сүйүнүшүн кааладык. Биз үчүн дал ушундай чыгарманы жаратып, балдар үчүн ата мекендик адабияттын сапатын жок дегенде бир тепкичке көтөрүү маанилүү.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”